Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Сапар Исаков кандай өкмөт түзөт?


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү куроо аракеттери башталды.

Бийликтеги Социал-демократтар фракциясы жаңы өкмөт башчылыкка Сапар Исаковдун талапкерлигин сунуштап жатат.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн чечимине ылайык, кызматын өткөрүп, президенттикке талапкер болуп кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна өкмөт башчылык кызматка президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков сунушталууда.

22-августта Алмазбек Атамбаев парламенттеги көпчүлүктү түзгөн Социал-демократтар, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлерин кабыл алып, жаңы өкмөттү түзүү мандатын берген.

Атамбаевдин коалицияга кирген фракция башчылары менен жолугушуусу.
Атамбаевдин коалицияга кирген фракция башчылары менен жолугушуусу.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өткөрүү сунушун төрага Чыныбай Турсунбековго жиберген. Анын негизинде парламент 25-августта өкмөттү түзүү боюнча кезексиз сессия чакыруу чечимин кабыл алды.

Өкмөт курамында кандай өзгөрүүлөр болот?

Ушул тапта өкмөттүн курамына жана түзүмүнө байланышкан маселелер талкуулана баштады. Социал-демократтар фракциясынан парламент депутаты Рыскелди Момбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, өкмөттөгү негизги кызматтарга талапкерлер аныкталып жатат:

- Өкмөттүн курамында Сапар Жумакадырович бараткандан кийин биринчи вице-премьердин кызматтан кетиши керек деген маселе такталып калды. Себеби Мукамметкалый Абулгазиев экөө бир жердин кулуну, жердеш болгон соң ал жылат. Анын ордуна Толкунбек Абдыгулов менен Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлиги каралып жатат. Экөө тең жаш адистер. Ал эми калган кызматтар боюнча көпчүлүк эле өкмөт мүчөлөрү ордунда калат. Айрымдар гана алмашышы мүмкүн.

Жогоруда белгиленгендей, биринчи вице-премьерликке Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов же Өнөр жай, энергетика, минералдык ресурстар агенттигин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев сунушталууда. Ошондой эле коопсуздук боюнча вице-премьерликке Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, экономикалык маселелер боюнча вицеликке өкмөт аппаратынын экономика бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйковдун аты аталып жатса, өкмөттүн аппаратынын жетекчилигине мамлекеттик Кадр кызматынын башчысы Нурканбек Момуналиев сунушталууда.

Министрлердин да айрымдары алмашуусу ыктымал.

Жаңы өкмөттүн таянары жаштарбы?

Кээ бир бийликчил маалымат каражаттарында жаңы өкмөт реформачыл, адискөй, ийкемдүү жаштардан куралышы керек деген көз карашка басым жасалып жатат.

Муну премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Сапар Исаков өзү жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бириндеги маегинде ырастап, өкмөткө реформаторлор командасы менен келүү дымагын билдирди.

Саясий эксперт Медет Тулегенов өкмөткө жаш кадрларды тартуу менен бийлик саясий упай топтоого кызыкдар болуп жатат деген пикирде:

- Ал (Исаков) жооптуу кызматтарда иштегени менен конкреттүү жетишкендиги боюнча талкуулар болушу мүмкүн. Ошондуктан анын эч күмөнсүз, сырткы атрибуту катары жаш курагы саналууда. Муну эске алуу менен өкмөттөгү негизги талап катары жаш жана адискөй адамдарды курап жатабыз деген нерсени элге көрсөткүсү келип жаткандай. Бирок бул шайлоо алдындагы үгүттүн бир бөлүгү катары да кабыл алынышы мүмкүн.

Медет Тулегенов.
Медет Тулегенов.

Ошол эле кезде жетекчилик кызматка жаштарды дайындоонун өзүн эле реформа катары кароону туура көрбөгөндөр бар. Маселен, Жогорку Кеңештеги эркин депутат Жанар Акаев жетекчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн адискөйлүгү менен катар саясий эрки маанилүү дейт:

- Сапар Исаков командасына жаштарды алып келет, жаш министрлер болот деп коомчулук сүйүнүп жатат. Бирок мен бир нерсеге көңүл бурат элем. Мисалы, азыр ички иштер министри жаш эмеспи, Атамбаевдин командасынан чыккан жаш жигит. Ал буга чейин реформа жасаса болбойт беле? Болмок. Же юстиция министри Жапониядан билим алып келген жаш жигит. Ал реформа кылса болбойт беле? Буларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатат. Ошондуктан өкмөттүн курамы жашырса эле толук өзгөртүп жиберет дегенге болбойт.

Парламенттеги күчтөр тынч жатпайт​

Ошентип келечектеги өкмөттүн тагдырын 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чечет. Эми алдыда Сапар Исаковду премьерликке бекитүү үчүн коалициялык көпчүлүк парламентте жетиштүү добуш ала алабы деген маселе турат.

Себеби президенттик шайлоонун босогосунда турганда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Сапар Исаковдун өкмөт башчы болушун каалабаган күчтөр да парламентте арбын.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Саясат таануучу Медет Тулегенов парламенттеги эң ириде президенттикке талапкер чыгарган “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары каршы болушу мүмкүн экенин айтууда:

- Биринчиден, кандай өлчөмдө болсо да административдик ресурс колдонулат деген чочулоо себеп болот. Экинчиден, өкмөттүн курамы жана ишин аныктоо фракция лидерлери үчүн маанилүү. Алар да бул нерсени көзөмөлгө алууга аракет кылат. Ал эми талапкер катары катталган фракция лидерлери өкмөттү бекитүү учурунда өзүн көрсөтүп, шайлоо алындагы упай топтоого кызыкдар болот. Учурдагы коалиция сунуштаган адам эле премьер-министр бекитилсе керек. Бирок бул жараянды татаалдаштырып, баары эле силер ойлогондой эмес деген маанайды жаратуу да бийликчил эмес талапкерлер үчүн маанилүү. Себеби алар өлкөдөгү баары эле КСДП каалагандай болбойт дегенди далилдегиси келүүдө.

Күтүүсүз видеотасма

Ошентип өкмөт башчылыкка Сапар Исаковдун талапкерлиги парламентте талкууланар алдында интернетте "Сапар Исаков ким?" деген анонимдүү тасма пайда болду. Анда Исаковдун бир катар мыйзамсыз иштерге катышы бар деген жоромолдор камтылган.

Сапар Исаков "Акипресс" маалымат агенттигине берген маегинде бул видеодогу жоромолдорду төгүндөп, президенттикке талапкерлердин биринин ыплас буюртмасы деп атады.

40 жаштагы Сапар Исаков кесиби боюнча дипломат. Эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинде баштаган.

2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке барганда өкмөт аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.

Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаев.
Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаев.

Ал эми 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин бөлүм башчысы болгон.

Апрел ыңкылабынан соң кайра өкмөткө өтүп, алгач өкмөттүн, кийин президенттин аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеген. Быйыл жыл башында болсо президент Алмазбек Атамбаев өз аппаратынын башчылыгына дайындаган.

Исаков президент Атамбаевдин эң жакын кеңешчилеринин бири катары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG