Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Сапар Исаков "Манас" ордени менен сыйланды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар адамга кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алмазбек Атамбаевдин колунан 2-даражадагы «Манас» орденин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да алды. Атамбаев Исаковго сыйлыкты тапшырып жатып, улуттук кызыкчылыкты коргоого салым кошуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары «Эрдик» медалын ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров, «Даңк» медалын жазуучу Александр Иванов, куткаруучу Халдар Нарматов, «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко, «Кыргыз эл артисти» наамын белгилүү режиссер Артыкпай Сүйүндүков, "Кыргыз эл жазуучусу" наамын сынчы Кадыркул Даутов, "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын КВН оюнчусу Элдияр Кененсаров, Ардак грамотаны Таластагы мектеп директору Кенжалы Орозалиев алышты.

Атамбаев жогорку сыйлыкка татыгандарды куттуктап, алар өлкөнүн бекемделиши жана өнүгүшү үчүн салым кошуп жатканын белгиледи.

Быйыл президент Эгемендиктин 25 жылдыгына карата 250гө жакын адамды мамлекеттик сыйлык менен сыйлаган. Алардын көпчүлүгүнө сыйлык өткөн аптада тапшырылган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG