Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Шайлоо-2017: Жээнбековдун ордуна өкмөт башчылыкка ким келет?


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

КСДП фракциясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бийликтеги партиянын атынан президенттикке талапкер катары сунушталган азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-августта кызматын тапшырат.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу 21-августта кызматын тапшырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү күнү өкмөттүн жыйыны өтүп, анда премьер-министр Жээнбековдун кызматтан чегинээри расмий жарыяланат:

- 21-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт. Ал күнү өкмөттүн кезексиз чоң жыйыны болот. Ал жыйында азыркы премьер-министр, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени боюнча билдирүү жарыяланат. Демек ошол күнү президент Алмазбек Шаршенович өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн түзүүгө мандат тапшырышы кажет. Андан соң Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынат, ал 25-августта болушу мүмкүн.

Президенттик кызматка Жээнбековдун талапкерлиги 15-июлда КСДПнын курултайында көрсөтүлгөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал БШКдан президенттикке талапкер деген мандат алган соң кызматын тапшырууга же убактылуу четтеп турууга тийиш.

Парламенттин кезексиз жыйыны

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева Жээнбековдун талапкер катары расмий катталышы дүйшөмбүгө туш келиши мүмкүндүгүн четке каккан жок. Буга чейин премьер-министр БШК кайсы күнү мандат берсе, ошол замат кызматын тапшырарын айткан.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Азырынча премьер-министрдин кызматтан чегиниши жана парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу расмий маалымат чыга элек. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов Жээнбеков 21-августта кызматын тапшырса, кезексиз жыйын 25-августка туш келерин кыйытты.

Президенттикке талапкерлер жана оппозиция өкмөт башчысы буга чейин эле кызматын тапшыруусу керектигин айтып келишет. Алардын бири, “Ак шумкар” партиясынан президенттикке аттанган Темир Сариев буга чейин Жээнбеков кызмат абалын шайлоо үчүн кыянат пайдаланып жатат деп билдирүү тараткан.

Сариев Жээнбеков кызматын тапшырса, анда анын пайдасына административдик ресурстун азайышына өбөлгө болот деп ойлойт.

- Биринчиден, Жээнбековдун отставкага берем дегени туура жана бериши керек. Ошондо талапкерлердин шайлоого бирдей шартта барышына кандайдыр бир өбөлгө түзүлөт. Экинчиден, шайлоодо административдик ресурс иштебейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Премьер-министрликке Исаков келеби же башкасыбы сөзсүз түрдө административдик ресурс иштейт. Анткени бийликтин табияты ушундай. Бул жерден бир гана коомдук уюмдар, коомубуз, элибиз, массалык маалымат каражаттары көзөмөлгө алышы керек.

Сапар Исаковдун жылдызы жанабы?

Жээнбеков кызматын тапшыра электе эле анын ордуна президенттик аппараттын башчысы, Алмазбек Атамбаевдин оң колу саналган Сапар Исаковдун келээри айтылууда.

Саясат таануучу Эмил Жураев өкмөт башчылыгына Исаковдун келээри мурдатан белгилүү дейт. Анын пикиринде, аппарат башчынын бул кызматка көрсөтүлүшү КСДПга шайлоо үчүн да, шайлоодон кийин да маанилүү.

- Премьер-министр алмашат дегенде эң биринчи аталган кишинин аты Сапар Исаков болчу. Бул жаңылык деле эмес. Анын талапкерлиги бийлик үчүн шайлоо өнөктүгүндө, андан кийин да маанилүү. Анткени Исаковдун коюлушу 1-2 айлык эмес. КСДП Исаков аркылуу өкмөт курамын шайлоодон кийин да сактап калууну көздөйт.

Анткен менен президенттикке талапкерлердин дагы бири, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкты убактылуу бирөө аркалап туруусу керектигин айткан. Бул ойду партиялашы Таабалды Тиллаев да колдойт. Ал премьер-министрдин "ашуудан ат алмаштырганына" каршы.

- Шайлоого аз калганда премьер-министрди алмаштырган туура эмес. Анын милдетин убактылуу биринчи вице-премьер-министр Абулгазиев аркалап турса туура болмок. Эгер өкмөт башына Сапар Исаков келсе КСДП шайлоодо административдик ресурсту колдонору ачыктан ачык көрүнүп калат. Мен буга каршымын. Негизи альтернативдүү талапкер көрсөтүлүшү керек.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга президент, спикер жана парламент депутаттарынын үчтөн бири чакыра алат. Премьер-министр өз кызматын тапшырса, өкмөт курамы толугу менен кызматтан чегинип, анын ордуна көпчүлүк коалиция жаңы курамды көрсөтүп, депутаттардын үчтөн экиси макул болууга тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG