Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Турсунбеков жарым жолдон тизгинин тартты


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир катар кеңешүүлөрдүн натыйжасында президенттик жарышка чыгуу ниетинен кайтканын билдирди.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков ага ишенбөөчүлүк көргөзүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүн экендигине карабастан, кызмат ордунда кала берүүнү көздөөрүн жана алдыдагы шайлоодо спикер катары көп партиялуу саясий башкаруу кырдаалында данакерлик (арбитрдик) милдетти аркалоо максаты бар экенин жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков 31-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында демократиянын желаргысына ишенип, президенттик жарышка талапкер катары чыгуу ниети болгонун билдирди. КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер катары өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн курултай чечиминен соң, бир катар саясатчылар менен кеңешкенин айткан парламент спикери натыйжада баштапкы оюнан кайтканын жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков ага карата саясий чабуул болгонун жашыра албастыгын айтып, партиянын ичиндеги ынтымак үчүн президенттик дымагынан кайтууга туура келгенин төмөндөгүчө белгиледи:

- Менин президенттик шайлоого баруу ниетим көп кишилердин шайын оодарып, көп талапкерлерге кыйынчылык туудура турганын көрсөттү. Ал турсун муну ниетимди билдирген күндөн тарта башка талапкерлерге караганда мага карата жийиркеничтүү каралоолор күчөгөнүнөн дагы байкасаңыздар болот. Анан, эң башкысы, партиялаштарымдын жана мага тилектеш болуп күйгөн адамдардын пикирлерин эске алуу менен учурдагы кызматтык ишимди уланта берүү чечимине келдим.

Көңүлү калган партиялаштар

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков төрага Чыныбай Турсунбеков президенттик дымагынан кайтуу билдирүүсүн кечигип кабыл алды деген оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Чыныбай Акунович муну менен саясий салмагын бир топ жеңилдетип алды. Буга чейин депутат катары, фракция жетекчиси катары, парламент спикери катары топтогон кадыр-баркынын баарын аласалдырып жиберди. Ошондой кырдаалды ал өзүнө-өзү жаратып алды. Мунун партияга дагы залакасы тийди. Бүгүнкү айткан сөзүн мындан эки жума мурун курултайда айтканда, анда анын бул чечимин партиялаштар кол чабуулар менен тосуп алып, анын саясий бедели бир топ көтөрүлөт болчу. Бирок андайга барууга анын чамасы дагы, саясий кыраакылыгы дагы жетпеди. Анан анын атаандашып алып, партиялык кызыкчылыкты эске албастан туруп президенттик жарышка чыгам дегени саясаттагы чоң жаңылыштыгы болду. Муну менен ал өзүнүн абалын оорлотуп алды. Анан эми ал канчалык кайра аракет кылбасын, анын саясаттагы жолу татаалдашып кете берет.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Анткен менен Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызмат ордун сактап калып, шайлоо маалында данакерлик калыс милдетти аркалоону көздөй турганын айтты. Бирок август айынын орто ченинде парламенттин кезексиз жыйыны чакырылып, анда төрагага ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралышы мүмкүн деген маалыматтар да чыга баштады.

Спикерликти сактап калуу аракети

Чыныбай Турсунбеков жакында болгон жолугушууда парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу президент А.Атамбаевге өз позициясын айтканын билдирип, мунун айланасында, чынында эле, саясий интрига бар экенин жокко чыгарган жок:

- Мен өзүмдүн пикиримди ачык айтып койсом эле "партиянын саясатына жана Атамбаевдин саясатына каршы кетип калды" деген болбойт. Айрым биздин партияга кирип алган депутаттар "Турсунбековду партиядан чыгарып, төрагалыктан алуу керек" деп жүрүшүптүр. Бул эми демократияны түшүнбөгөндөрдүн, бирөөнүн айткандарын гана аткарабыз деген адамдардын позициясы. Мен мындай нерсеге каршымын. Мага куугунтук болуп, кодулап, партиядан чыгарып коюшса, анан андан кийин көрөбүз да. Мени колдогондор дагы, мени сыйлагандар дагы жетиштүү экенине ишенем. Мына ошол адамдар менен бир пикирде болуп, ишти алдыга жылдырганга убактым дагы, мүмкүнчүлүгүм дагы жетишет.

Турсунбеков: Мен кызмат үчүн соодалашпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Артка чегинүүнүн себеби

Саясий чөйрөдө парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун президенттик жарышка талапкер катары чыгуу ниетин билдиргени анын саясий өз алдынчалыгын көрсөтүүсү катары кабыл алынган. Оппозициялык саясатчы Равшанбек Жээнбеков, бирок, анын артка чегингенин мындайча сыпаттады:

- Анын дайыма жогорку бийликтин астында кызмат кылып келген психологиясы эркиндикке чыгууга жана басымга каршы турууга жол берген жок. Анын саясий духу жетпеди. Ошол үчүн ал сынып калды. Мунун жыйынтыгында аны спикерликтен кетиришет. Партиянын ичиндеги өзүнүн адамдарынын арасында ишенимди жоготуп алды. Көптөгөн душмандарды жаратып алды. Ошол үчүн аны төрагалыктан кетирүү аракети жакында башталат. Анын маалымат жыйыны учурунда "демократия бар экен деп, ишенип алыпмын" дегени эми жаш баланын сөзү да. Анын ээлеген кызматы демократиянын бар экенине ишене турган эмес, мына ошол демократияны кура турган кызмат да. Анан ошол адам желаргыга ишенип алыпмын дегени уят нерсе. Анан кайра баштапкы позициясынан кайтып, партиянын ички ынтымагы үчүн деп актанганы жөн эле жомок. Муну менен ал, албетте, сынып калганын гана көргөздү.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков буга чейин президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип чыккан. Бирок анын бул сунушу бийликтеги КСДП партиясынын курултайында колдоо тапкан эмес. Партиянын жетекчилигинин өкүлү Ф.Ниязов эгерде Ч.Турсунбеков өз алдынча талапкер катары президенттик жарышка чыга турган болсо, анда бул саясий партиянын катарынан чыгарылышы ыктымалдыгын эскерткен.

КСДПнын өзүндө ички тандоо (праймериз) өтүшү керек болчу деп сын айтып чыккандар да болду, бирок президент А.Атамбаев партиянын ичинде "мындай талапкерди ылгоо иши өттү" деген пикирин жакында ачыктады.

Айтмакчы, азыркы тапта башка партиянын лидери жана президенттикке талапкер болуп жаткан Ө.Бабанов деле мындан он жыл илгери КСДПнын мүчөсү болчу жана ушул партиянын курамында парламенттик орун үчүн күрөшкөн. Башка партиянын курамында депутат болуп алган айрым саясатчылар эми өз алдынча же мурдагы партиясынын атынан президенттикке талапкер катары чыгууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG