Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Жээнбековдун ордун ким басат?


Сооронбай Жээнбеков (солдо) менен Сапар Исаков.
Сооронбай Жээнбеков (солдо) менен Сапар Исаков.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун журналисттерге билдиришинче, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 21-августта өтүшү мүмкүн. Анда парламент кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамын жана премьер-министрди бекитүү маселесин карайт.

Бул кезексиз жыйын тууралуу азырынча бирин-экин гана депутат билбесе, көпчүлүгүнүн кабары жок экен.

Учурдагы өкмөт башчы КСДПнын атынан президенттик шайлоого бара турганы маалым болгон соң Сооронбай Жээнбековдун ордуна ким келет деген суроо саясый айдыңда талкуулана баштады.

Жээнбеков кетет, ким келет?

Парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү Марат Аманкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сооронбай Жээнбеков БШК тарабынан президенттикке талапкер болуп катталган күндөн тарта кызматтан кетет. Ушундан улам болжол менен август айынын экинчи жарымында парламент кезексиз жыйында жаңы премьерди шайлап калышы керек.

Марат Аманкулов
Марат Аманкулов

- Сооронбай Жээнбеков талапкер катары расмий катталганда кызматтан кетээрин айткандан кийин парламент кезексиз жыйынга чогулууга аргасыз болот. Алгач көпчүлүк коалиция өз жыйынын өткөрүп, премьерликке жаңы талапкерди жылдырат. Андан соң парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт курамын премьер-министр менен бирге бекитет. Болжол менен бул окуялар август айынын экинчи жарымына барып башталат.

Сапар Исаков өкмөт башына келеби?

Саясат таануучу Эмил Жураев белгилегендей, өкмөт башчылык орунду социал-демократтар колдон чыгарбашы белгилүү болгон соң бул кызматка президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралышы мүмкүн.

- Экономикалык сүйлөшүүлөрүнө, “Таза коом” долбоорунун башында турганына караганда Сапар Исаков биринчи эле талапкер болчудай. Себеби азыркы өкмөттүн түзүмүндө алдыдагы шайлоодо катуу иштеп берчү киши дээрлик жокко эсе. Вице-премьерлердин арасында бийликке ишенимдүү адам жок.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү маалымат жыйыны учурунда сурамжылоолорго ылайык, КСДПнын ичиндеги рейтинг боюнча Сооронбай Жээнбековдон кийинки сапты Сапар Исаков ээлеп турганын билдирген. "Исаков өкмөттү жетектейт экен" деген кептер ушул жазда өкмөттүн жылдык отчетунун алдында бир айтылып, кийин басылган. Ал “Таза коом” долбоорун демилгелегендердин башында тургандыктан өкмөт башчылык орун долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктү түзмөкчү.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Анткен менен Эмил Жураев Сапар Исаковдун аткаруу бийлигинде буга чейин иштөө тажрыйбасы жок болгондуктан, депутаттардын ишеничине кирүүсү да кыйын болоорун белгилейт.

Мэрдин кийинки кадамы өкмөтпү?

Бул арада Сапар Исаков менен катар премьер-министрлик кызматка талапкер экинчи адам катары азыркы шаар мэри Албек Ибраимовдун да аты атала баштады. Саясат талдоочу Марс Сариев Ибраимовдун дагы шансы бар экенин айтып, анын КСДПнын саясатын уланта турган, ыңгайлуу адам экенин белгиледи:

- Мындай анализдеп көрсөк КСДП премьер-министрлик кызматка адамды сунуштоо менен өз саясатын, жүзүн сактап калуунун аракетин көрөт. Ошондуктан азыр мэрлик кызматта жакшы жумушту көрсөтүп жаткан Албек Ибраимовду премьерликке жылдырат. Анткени Ибраимовдун позициясы да бекем болуп, КСДПнын саясатын улантып кеткенге ыңгайлуу адам болуп жатат.

Марс Сариев премьер-министрлик кызматка КСДПга тиешелүү эмес адам келиши мүмкүндүгүн да жокко чыгарбайт. Ал бийлик менен президенттикке негизги талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун ортосунда активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, Жээнбеков менен Бабановдун биригүүсү оңой менен болбосо да, иш жүзүнө ашып кетчү долбоор дейт. Мындай учурда Бабанов президенттик шайлоого катышуу дымагынан баш тартып, өкмөттү жетектеп калышы мүмкүн.

Марс Сариев
Марс Сариев

- Мындай вариантты дагы жокко чыгарбашыбыз керек. Себеби Бабанов азыр күчтүү фигуралардын бири. Андыктан жагдайга жараша бийлик Бабанов менен сүйлөшүүгө барышы мүмкүн. Өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кенен экенин эске алсак, Бабанов бул сунушту кабыл алат болушу керек. Бирок бул үчүн сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп, Бабановду кийин премьерликтен алып салбаш үчүн кепилдик керек.

"Премьерлик КСДПдан артпайт"

Бирок "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев КСДП премьер-министрлик кызматка өз катарынан эле талапкерди алып чыгат деген ойду айтып, башка партиянын өкүлдөрүнө бул кызмат орун буйрубайт деген пикирде:

- Алдыда шайлоо келатат. КСДП премьер-министрлик кызмат аркылуу административдик ресурсту колдонуп жеңишке жетүүнү көздөп жатат. Андыктан башка партиянын өкүлүнө кантип эле өкмөт башчылыкты берип койсун? Алар админресурсту азыр эле өкмөт башчы Жээнбековдун аркасы менен колдонуп баштабадыбы. Жээнбеков иш бөлмөсүнө отурбастан жер-жерди күнүгө кыдырып калды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Август айында өтчү кезексиз жыйын тууралуу азырынча парламент төрагасына сунуш түшө электигин билдирди.

Ал кезексиз жыйынында парламенттин жаңы төрагасы да шайланып калышы мүмкүн. Азыркы төрага Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу катышуу ниети бар экенин буга чейин бир канча ирет билдирген. Бирок төрага бүгүнкү күнгө чейин президенттикке катышуу үчүн арызын таштай элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча учурда 41 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Алардын тогузун партия көрсөтсө, калганы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG