Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Турсунбеков шайлоого барбайбы?


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кескин пикиринен кийин парламент спикери Чыныбай Турсунбековдун жагдайы коомчулуктун талкуусуна түштү.

Кыргызстандын парламентинин - Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков БШКга президенттик шайлоого катышуу ниетин ырастаган арызды али жаза элек. Анын акыркы чечими үчүн 1-августка чейин убакыт бар.

Турсунбеков КСДП өз курултайында Сооронбай Жээнбековду расмий аттандырганына карабай президенттик жарышка катышуу ниетин билдирген. Мындан соң президент Атамбаев КСДПдан Жээнбековдон башка талапкер чыга турган болсо, партиядан чыгарыларын эскерткен.

Ал арада айрым эксперттер президенттин бул сөзүнөн кийин Турсунбеков спикерликтен алынышы мүмкүндүгүн айтышууда. Саясат талдоочу Турат Акимов төрагалыкка КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көрсөтүлүшү мүмкүн деген ойдо.

КСДПдан премьер менен спикер президенттикке аттанат

КСДПдан премьер менен спикер президенттикке аттанат

КСДПнын жетекчилиги партия Сооронбай Жээнбековду гана сүрөөнгө аларын билдирди.

- КСДП эми Турсунбековду жектейт. Өз ичинен саткан киши катары карашат. Менимче төрагалыктан кетиришет. Андан соң соодалашат. Эгер парламент таркабай турган болсо, кайра эле КСДПда жүрө бериши мүмкүн. Анткени анда Атамбаевге каршы саясат жүргүзгүдөй эрк жок. КСДП Турсунбековдун ордуна Иса Өмүркуловду көрсөтүшү мүмкүн. Анткени ал көп жылдардан бери саясатта жүрөт. Ал жөн эле депутат болгусу келбейт. Анын үстүнө Атамбаев менен жакшы мамиледе, оңой эле коюп коёт.

Анткен менен Жогорку Кеңештеги эркин депутат Жанар Акаев парламент депутаттары Турсунбековду кетирүүгө кызыкдар эмес деген ойдо. Анын пикири боюнча, спикерди кетирүү үчүн керек болгон 81 добуштун чогулушу кыйын.

- Депутаттардын маанайын байкап көрдүм. Турсунбековду кетирүүгө кызыкдар тарап же КСДП фракциясы 81 добушту топтой албайт. Анткени парламент эки жылдан бери өз алдынчалыкты самап келгени байкалат. Ошондуктан депутаттар Турсунбеков мындан ары өкмөттөн да, президенттен да коркпой, калыс иш алып барат деп коргоп калышы мүмкүн.

Чыныбай Турсунбековдон акыркы жагдайлар боюнча өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыл ичиндеги жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында ал президенттик кызмат үчүн ат салышарын жар салган:

Турсунбеков: Президенттикке ат салышууга ниетим бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин спикерди алмаштыруу ниети жок экенин айтууда. Анын ырасташынча, 21-августта болот делген чукул жыйын боюнча расмий чечим жок. Мыйзам боюнча каникулдагы эл өкүлдөрүн чукул жыйынга парламент төрагасы же 40 депутаттын демилгеси гана чакыра алат.

- Спикерди чакыртып алуунун өзүнчө процедурасы бар. Ал үчүн күн тартибине киргизип, добуш менен чечиш керек. Азыр андай маселе коюлган жок. Чыныбай Акунович деле БШКга арыз бере элек да. Ал болгону ниетин гана билдирген. Чечим кабыл алуу үчүн дагы убакыт бар.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Турсунбеков президенттик шайлоого катышарынан күмөн санайт.

- Турсунбеков талапкерлигин коё элек да. Талапкерлигин койсо, ансыз деле кызматынан кетмек. Менимче, аны кызматтан кетирүүгө негиз жок. Биздин фракцияда андай ниет деле жок.

Чыныбай Турсунбеков “Акун” фирмасын негиздеген, өз киндигин өзү кескен жеке ишкер катары таанылган. Ал 2010-жылдан бери КСДП партиясына мүчө жана бул партиянын парламенттеги фракциясынын жетекчиси да болгон. Турсунбеков 2016-жылдан баштап Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп келет.

Кыргыз коомчулугу Ч.Турсунбековду филология илимдеринин кандидаты, илимпоз-адабиятчы, таланттуу акын жана демөөрчү катары да тааныйт.

Саясат жана поэзия
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Депутат жана акын Чыныбай Турсунбековдун “Жалын Тоо” ырлар жыйнагынын 2014-жылы октябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөн бет ачар аземине катышкан депутаттардын бири, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев китептен өрнөк да окуп берген.

- Мен педагогмун... Баарыбыз айылданбыз. Азыр кайрадан ошол өткөнгө кайрылгысы келген адамдар бар. Мен Чыныбайдын “Чымчыкка” деген ырынан бир куплет окуп берейин:

Бакка конгон чыйырчык,

Жүр дегенсийт кыштагыңа.

Бир кетелик,

Кийин, чык.

Бул айылга болгон кусалык. Мага тааныш сезимдерди мен ушул саптардан көрүп турам, - деп Ө.Текебаев акынга колдоосун билдирген.

Ал кезде КСДП менен "Ата Мекен" партияларынын жетекчилеринин ортосунда азыркыдай олуттуу ажырым жок эле.

Эми, президенттик шайлоонун ирегесинде, партиялардын жана блоктордун арасында гана эмес, айрым партиялардын ичинде да кыйла ажырым байкалууда.

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG