Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

БШК: Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузган жок


Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев (солдон экинчи), премьер-министр Сооронбай Жээнбеков (солдон үчүнчү) жана Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Шаршембиев (оңдо). 15-август, 2017-жыл
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев (солдон экинчи), премьер-министр Сооронбай Жээнбеков (солдон үчүнчү) жана Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Шаршембиев (оңдо). 15-август, 2017-жыл

Кыргызстанда президенттикке аттанган Темир Сариев менен Рита Карасартова шайлоо штабдары учурдагы премьер-министр, КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду кызмат абалын үгүт иштери үчүн колдонуп жатса да, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселеге калыс карабай жатат деп чыгышты. БШК Жээнбековдун аракетинде мыйзам бузуу жок экенин билдирүүдө.

Ал ортодо жарандык коом өкүлдөрү жана айрым саясатчылар президенттик шайлоодогу мыйзамсыз иштерге каршы туруу үчүн "Таза шайлоо" аттуу кыймыл түзүү демилгеси менен чыгышты.

Президенттик үчүн ат салышууну көздөп жатышкан Темир Сариев жана Рита Карасартованын шайлоо штабдары Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматын үгүт катары пайдаланып жатат деп нааразылыгын билдиришкен.

Алар премьер министр ар кандай жолугушууларды, жыйындарды адаттан тыш көп уюштуруп, мамлекеттик маалымат каражаттары аны демейдегиден ашыкча чагылдырып жатат деп негиздешкен жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан.

Темир Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Айжан Орозакунованын билдиришинче, алар кайрылууда бир катар мыйзам бузууларды көрсөтүшкөн:

- БШКнын жумушчу тобуна биздин арызды тастыктаган далилдерди бергенбиз. Анда Жээнбековду премьер-министр катары эмес, президенттикке талапкер катары көрсөткөн сүрөтү тартылган бир нече гезит бар болчу. Ошондой эле биз жүргүзгөн анализ бул адам башка талапкерлерге караганда интернет, телеканалдарда абдан көп чыгып жатканын далилдеди. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун штабында администрация башчылары, чиновниктердин катышуусунда бир нече чогулуштар өткөрүлгөнү боюнча далилдерди бергенбиз.

Сариев менен Карасартованын арыздарын өткөн жума аягында Борбордук шайлоо комиссиясы карап, канааттандырган жок. БШК мүчөлөрү Сооронбай Жээнбеков премьерлик милдетин аткарып жатат, анын кадамдарында эч кандай мыйзамсыз аракет жок деген тыянакка келишкен. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мыйзам боюнча премьер-министр учурда өз кызматын аткарып жатат. Ушуну эске алуу менен БШК мүчөлөрү чечим кабыл алды. Премьер эки жакка чыкса деле мени шайлагыла деп чакырган жок.

Абдыжапар Бегматов.
Абдыжапар Бегматов.

Темир Сариев жана Рита Карасартованын штабдары бул чечимди кабыл алууда БШК бейтарап боло алган жок деп нааразы.

Алардын жүйөсүндө, аталган комиссия мүчөлөрү бул маселени талкуулоо үчүн жыйынга чогулганда арыздануучу тараптын өкүлдөрүн жыйынга чакырган эмес.

Мурдагы премьер-министр, президенттикке талапкер Сариевдин штабы азыркы өкмөт башчынын дарегине биринчи эле жолу нааразы болуп жаткан жок. Өткөн аптада Темир Сариев атайын билдирүү менен чыгып, мамлекеттик органдардын жетекчилери Жээнбековдун штабына тынымсыз барып жатканын билдирген эле. Шайлоону адилет өткөрүү үчүн Жээнбековду кызматын тапшырууга чакырган.

Жээнбековдун шайлоо штабы билдирүүнү Сариевдин тек гана өзүнө көңүл бурдуруу аракети деп баалаган. Жээнбековдун шайлоо штабынын төрагасы Фарид Ниязов бийлик талапкеринин иш-аракеттеринде үгүт эрежелерин бузуу жок экенин билдирген:

- Бул билдирүү күчтүү атаандашы аркылуу өзүнө көңүл бурдуруу аракети. Кадимки эле пиар технология. “Форумга” аткаминерлер иш учурунда келип жатат деген негизсиз. Биз жолугушууларды уюштурбайбыз. Иштен тышкары убакта келгенге алардын укугу бар. Келбегиле деп чектей албайбыз.

Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Бийликтеги Социал-демократиялык партиядан президенттикке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун дарегине карата сын-пикирлерди акыркы учурдагы премьердин ишмердигин маалымат каражаттарында көп чагылдырылышы жаратууда.

Мурда маалымат каражаттарына көп чыкпаган Жээнбековдун өлкө ичиндеги жана тышындагы иш-сапарлары, адаттагы жолугушуулары мамлекеттик медиаларда кеңири чагылдырылууда.

Талдоочу Марс Сариевдин айтымында, саясий активдүүлүктү коомчулук үгүт катары кабыл ала берет:

- Кыргызстанда азия менталитети бар. Премьер-министр отставкага кетип, ыйгарым укуктарын токтотпосо, үгүт кылайын деген ою жок болсо деле эл, регионалдык элита муну өз максатына пайдаланууга аракет кылып жатат деп кабыл ала берет. Жээнбековго ушул учур иштеп жатат. Ошондуктан, өткөндө президент Атамбаев Чолпон-Атада айткандай, кызматын тапшырып, башка талапкерлер менен бирдей шартта жарышка кириши керек.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков БШК талапкер катары расмий каттаган соң кызматын тапшырарын билдирген. Өкмөттөгү ишенимдүү булактардын билдиришинче, Жээнбеков кийинки жуманын башында кызматын тапшырууга камынууда.

Ал ортодо жарандык коом өкүлдөрү жана айрым саясатчылар президенттик шайлоодогу мыйзамсыз иштерге каршы туруу үчүн "Таза шайлоо" аттуу кыймыл түзүү демилгеси менен чыгышты.

Мындай максат менен Бишкекте жыйын өтүп, шайлоону ачык-айкын өткөрүүнүн жолдорун талкуулашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG