Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 07:35

Кыргыз өкмөт башчысынын сапары Түркиянын өзүндө кандай салмакка ээ болду? Түркия Кыргызстандын кийинки президенти ким болоруна канчалык маани берет? Стамбул университетинин доцент-доктору, түркиялык саясат таануучу Хакан Гүнеш ой бөлүштү.

"Азаттык": Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен Анкарада жолукту. Стамбулда Манастын айкели да ачылды. Түркиянын саясий жана медиа айдыңында Жээнбековдун бул сапарына канчалык маани берилди?

Хакан Гүнеш: Түркия менен Орто Азия өлкөлөрүнүн алакасы кыйла солгундаган абалда. Соңку 10 жылда бул чөлкөм Түркия үчүн мурдагыдай мааниге ээ эмес. Бул жагынан караганда, Кыргызстан, Өзбекстан же Казакстандын мамлекет башчыларынын сапарларына түрк медиасында жогорку деңгээлде орун берилбейт.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен түрк премьери Бинали Йылдырым, Анкара. 9-август
Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен түрк премьери Бинали Йылдырым, Анкара. 9-август

Албетте, Орто Азия менен, өзгөчө Кыргызстан менен алака маселесинде белгилүү бир таасири бар. Натыйжада Түркиянын негизги медиа каражаттары, башкы гезиттери кыска болсо да бул жолугушуу тууралуу кабар жазып жатышат. Анкара жана Стамбул сапары тууралуу жалпы, расмий маалыматтын алкагында жазылган кабарларды гана көрүп жатабыз. Жолугушуунун деталдары тууралуу маалымат азырынча жок.

Хакан Гүнеш
Хакан Гүнеш

"Азаттык": Мамлекеттик “Анадолу” агенттиги: “Жолугушууда Кыргызстанда фетхуллахчы террор уюмунун бар экени эки өлкө ортосундагы достукка көлөкө түшүрбөшү керектиги жана ал үчүн кыргыз бийлигинин керектүү кызматташтыкты көрсөтүүсү багытындагы күтүүлөр баса белгиленди”, - деп жазды. Былтыр Кыргызстан Түркиянын бул багыттагы талап же өтүнүчтөрүн четке какканы маалым. Бул темада эки тарап орток пикир таап жатабы?

Хакан Гүнеш: Бул темада кайчы пикирлер бар. Алар жакын арада токтойт деп айтуу да кыйын. Чынында жакындашуу байкалат. Бул жааттагы маселелер мурдагыдан азайып жатат. Себеби Түркия менен Орусиянын алакасынын жакшыра баштаганы жана Түркия менен Орусиянын “ФЕТО” темасында окшош пикирге ээ болуп жатышы Кыргызстандын да позициясын аз-аздан Түркияныкына жакындаштыргандай.

Бирок түрк бийлиги кайсы партия болсо болсун, бирок Кыргызстандын башындагылар бул мектептерге муктаждык болгондуктан аларды дароо жаба албастыгын түшүнө албай жатат. Муну Түркия туура түшүнө элек. Бирок бул темада бара-бара илгерилөө байкалып жатат деп ойлойм.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана элчи Ибрагим Жунусов Түркиядагы кыргыздардын суроолоруна жооп бериш жатышат.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана элчи Ибрагим Жунусов Түркиядагы кыргыздардын суроолоруна жооп бериш жатышат.

"Азаттык": Түркия менен Кыргызстандын ортосунда олуттуу бир экономикалык, соода, бизнес байланышы бар эле. Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда эмгек визасын алган чет өлкөлөрдүн ичинде кыргызстандыктар сириялыктардан кийинки эле орунда турат экен. Соңку бир жылдагы солгун мамиледен кийин биринчи жолу апрель айында кыргыз спикери Түркияга барган. Эгер эки өлкөнүн ортосунда алака жакшырып жатат десек, буга кайсы тарап дагы көбүрөөк кызыкдар?

Хакан Гүнеш: Эки тарап тең кызыкдар десек болот. Себеби кыргыз-түрк алакасындагы терс жагдайлар эч кимге пайда алып келбейт. Соңку төрт-беш жылда Кыргызстан менен Түркиянын алакасындагы негизги параметр – бул орус-түрк мамилеси.

Азыр Орусия менен Түркиянын карым-катнашынын жакшы болгону кыргыз-түрк алакасын да жеңилдетип жатат. Оңолушуна жардам берүүдө.Түрк-орус мамилесинин Кыргызстан менен алакага өтө чоң таасири бар.

Иш маселесине келсек, эгер жаңылбасам, кыргыздар үчүн Орусия дале болсо эмгек миграциясынын негизги өлкөсү. Андан кийин Казакстан, андан соң Түркия турат. Мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчалары өлкөнүн ички дүң жыйымынын абдан чоң бөлүгүн түзөт. Түркияда иштегендердин да мында салымы бар.

Түркиядагы статистикаларды талдоодо бир аз кыйналып жатам. Иш визасын алгандардын ичинен кыргыздар сириялыктардан кийинки экинчи орунда турушу кыргыздар көп дегенди билдирбейт. Кыргызстандыктардан да көп чет өлкөлүктөр бар. Бирок бир мааниси бар: Түркиядагы кыргызстандыктар кара жумушта эмес, сыпайы жумуштарда иштешет.

"Азаттык": Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөнү турат. Түркияга келген кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков бийликтеги Социал-демократтар партиясынын атынан президенттик жарышка катышканы жатат. Азыр Түркия үчүн Кыргызстандын кийинки президенти ким болору канчалык маанилүү? Бийликтегилер маани берип жатышабы?

Түрк президент Режеп Тайып Эрдоган менен президент Алмазбек Атамбаев, 6-июнь 2014-жыл.
Түрк президент Режеп Тайып Эрдоган менен президент Алмазбек Атамбаев, 6-июнь 2014-жыл.

Хакан Гүнеш: Жок. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде көңүл буруп турушат. Бирок төмөн деңгээлде. Түркиянын Кыргызстанда кандай агенттиктери иштейт? Билим берүү министрлиги бул жаатта бир катар иштерди алып барып келет. Түркиянын Дин иштери боюнча министрлиги да активдүү. Мисалы, Түркиянын тибиндеги исламга шарт түзүү сыяктуу аракет байкалат.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы жогорку саясат маселесине, президент же өкмөт башчылар багытындагы өнүгүүлөргө байкоо салуу деңгээли кыйла төмөн. Бул темада олуттуу бир саясат байкалган жок. Натыйжада Түркияда Кыргызстандын кийинки президенти ким болот деген темада атайын саясат жок деп айта алам.

"Азаттык": ​Түркия менен Борбор Азиядагы төрт өлкөнүн ортосунда Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити бар. Жыйындар байма-бай өтүп турчу. Эгер Түркия мурдагыдай аймакка кызыкпай калды десеңиз, анын себеби эмнеде?

Хакан Гүнеш: Бул бир топ нерсеге байланыштуу. Түркияда 15 жылдан бери “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы бийлик башында турат. Бул партияда консерватордук, динчил көз караштар бар. Андыктан анын көңүл борборунда улутчулдук маселеси алдыңкы планда эмес. Ислам биримдиги түрк биримдигинен маанилүүдөй. Соңку жылдары ислам дүйнөсүнүн кызматташтыгы алдыга чыкты. Мындан улам акыркы 15 жылда Орто Азия мурдагы маанисин жоготконсуду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG