Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Премьер С.Жээнбеков Түркияга иш сапар менен кетти


Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков. 15.7.2017.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков. 15.7.2017.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Түркияга кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, С.Жээнбеков Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен жолугат.

Премьер-министр иш сапарынын алкагында Стамбулда жакында тургузулган Манастын эстелигинин расмий ачылышына катышып, Анатолиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.

Сооронбай Жээнбековду КСДП партиясы президенттикке талапкер катары сунуш кылган. Ал мамлекеттик тил сынагынан да ийгиликтүү өткөн. Эми президенттикке талапкер катары расмий катталган соң, өкмөт башчысы кызматын өткөрүп берээри болжолдонууда.

Айрым президенттик талапкерлер С.Жээнбековдун тез арада өз расмий кызматын өткөрүп беришин талап кылышууда.

Түркияга жасалып жаткан иш сапар Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчысы катары соңку кызматтык сапары экени айтылууда.

Кыргызстанда президеттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өткөрүлөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG