Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Жээнбековдун эл кыдырганы үгүтпү же ишиби?


Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы иш сапары учурунда.
Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы иш сапары учурунда.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун эл кыдырып, өкмөттүн пландарын айтуусу талаш жаратты.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын карап, президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп жаткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын бузган жок деген чечимин чыгарды.

Жарандык активисттер Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер катары сунушталган премьер министр кызматынан пайдаланып, шайлоо мыйзамдарын бузуп жатат деп эсептешүүдө.

БШКга жазылган арыз

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы маалымат каражаттарга мониторинг жасап, анын жыйынтыгында Кыргызстан социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Анда Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып жатканы белгиленип, маселени БШК жыйынында кароо талабы айтылган. Коалициянын жетекчиси Азамат Адиловдун айтымында, өкмөт башчынын жер-жерлерди кыдырып өзүнүн иши, өкмөттүн кийинки пландары тууралуу кеңири маалымат бериши үгүткө кирет жана бул шайлоо мыйзамдарын бузгандык болот:

- Ар бир талапкерге бирдей шарт болушу керек. Бул жакта премьер-министр жумушу тууралуу айтып, көпүрө, мектепти оңдойбуз деп айтып жатат. Бул үгүткө кирип калат деген суроо койдук БШКга. ММКларда бул жазылат, аны эл окуйт. Жазылгандын баары Жээнбековдун пайдасына иштеп жатат. Ошондуктан бул жерде үгүт бар, шайлоо боюнча мыйзамдын 22,23, 25-беренелери бузулуп жатат. (22-берене: шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, 23-берене: шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү, 25-берене: басылма, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү - авт).

Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу.
Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусу.

Учурда Жээнбеков премьер-министр катары ишмердигин улантып, аймактарды кыдырып, өкмөттүн жыйындарын өткөрүүдө. Анда мектептерди оңдоо, интернет киргизүү, жол куруу боюнча өкмөттүн планын айткан учурлары бар. Аны мамлекеттик маалымат каражаттары кеңири чагылдырууда.

БШК мыйзам бузуу тапкан жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын арыздарды териштирүү боюнча атайын жумушчу тобу коалициянын арызын карап, мыйзам бузууну тапкан жок. БШКнын мүчөсү, аталган жумушчу топтун башчысы Алмаз Асаналиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары расмий каттала элек болгондуктан эл кыдырып, сөз сүйлөшү үгүт деп бааланбайт деп эсептейт:

- Жээнбеков каттала элек. Мыйзамда ал катталгандан кийин өзүнүн кызмат ордун бошотуп берет деп жазылып турат. Ал киши азыр өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жатат. ММКлар өкмөттүн жасаган иштерин гана чагылдырууда. "Мен кыйынмын, мени шайлагыла" деген чакырык жок. Мыйзам чегинде эле болуп жатат азырынча.

Мыйзамдар бузулуп жатабы?

БШКнын дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова болсо саясий жарышта ат салышуу үчүн арыз тапшырган же партия тарабынан көрсөтүлгөн күндөн тартып эле шайлоо мыйзамдарына жараша аракет жасашы зарыл деп эсептейт:

- Мыйзамда белгиленген тартип боюнча, катталган маалдан эмес, көрсөтүлгөн күндөн тартып бул адам талапкер болот. Ошондон тартып президенттикке көрсөтүлгөн адам дагы, анын коолдочулары дагы, маалымат каражаттары дагы, жөнөкөй жарандар болобу, мамлекеттик кызматкерлер болобу, мыйзамда көрсөтүлгөн чектен чыкпашы керек. Жок, мен катталгандан кийин деген туура эмес. Эгер өкмөттүн атынан айткысы келсе, анда бир эмес үч вице-премьер бар, министрлер бар, ошолор айтсын. Мыйзам деген так жазылып турат, укуктардын баары тең болушу керек. Азыр арыз тапшыргандар 50дөн ашып кетти. Башкалардын андай кызматы жок болсо, эл менен анчалык жолугуп өзү жөнүндө айта албаса, эмнеге азыркы иштеп жаткан премьер келечекте кыла турган пландарын айтып кызматынан пайдаланышы керек? Тең укуктуулук сакталышы зарыл.

Эксперттердин белгилешинче, өкмөт башчынын байма-бай эл кыдырышы башка талапкерлердин нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Муну айрымдар расмий каттоодон өтчү акыркы күнгө чейин административдик ресурсту колдонуу аракети катары да сыпаттап жатышат. Ал эми журналист Азамат Тынаев жогорку саясий кызматта иштеген адам шайлоого аттанган учурда дароо кызматын өткөрүп бере тургандай мыйзам зарыл болуп турганын айтты:

- Албетте анын иштеген, жүргөнүн көрсөтүш керек. Анткени бул абдан чоң кызмат. Шайлоодон башка дагы биздин жашообуздун, экономикабыздын негизги маселелерин чече турган кызмат болуп жатпайбы премьер-министрлик. Өзүнүн ишинин аткарганы боюнча таптакыр бөгөт да койо албайбыз да. Муну чечүүнүн жолдору бар. Эгер чоң кызматты ээлеген адамдар: премьер-министр, анын орун басарлары, министр же парламент төрагасы шайлоого барабыз дешсе, БШКга арыз тапшырары менен, расмий каттоодон өтпөсө дагы кызматтан кетүүгө мажбурлаган жаңы мыйзамдар керек болуп атат. Анткени биз билебиз, министр болуп иштеген адамдын ресурстары көп. Аны колдоно албай койбойт. Бул жактан саясатчылардын менталитетин дагы жакшы билебиз. Шайлоо алдында тең укуктуу, бирдей шарт түзүлүшү үчүн ушундай мыйзам зарыл болуп турат деп ойлойм.

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

Азырынча Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын качан өткөрүп берери белгисиз. Өкмөттүн маалымат кызматы бул маселе боюнча комментарий бере элек.

31-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер болуу үчүн арыз жазгандардын саны 53кө жетти. Алардын онун саясий партиялар, калгандары өздөрүн өздөрү көрсөтүшкөн.

БШК талапкерлерди каттоону 15-августта баштайт. Үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Президентти шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG