Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:14

Кыргызстанда президенттикке ат салышууну каалагандар өз программаларын учкай тааныштырып жатат. Талапкерлер тышкы саясатта кандай багыттарды карманууну көздөйт?

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталгандан тарта саясий партиялар курултай өткөрүп, өз талапкерин чоң жарышка аттантып жатат.

Курултайлардын жүрүшүндө өлкө башчылыкты көздөгөн саясатчылар шайлоо программасы менен учкай тааныштырып жатат. Анын ичинде өлкөнүн тышкы саясаты боюнча азыноолак көз караштарын билдирүүдө.

Саясий талдоочулар шайлоого аттангандардын тышкы саясат жаатындагы көз карашында өтө кескин айырмачылык жок экенин белгилешет.

Маселен, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороевдин баамында, өлкө башчылыкка талапкерлердин дээрлик көпчүлүгү Орусияны негизги өнөктөш катары көрүп, тышкы саясатта ушул багытка артыкчылык берип жатат:

- Негизги делген талапкерлердин тышкы саясаттагы багыттарында албетте алгач болуп эле Орусия менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрөм деген көз карашты карманышат. Анын ичинде айрымдар конкреттүү бир уюмду, чөйрөнү атап жатышат. Маселен, Темир Сариев ЕАЭБди атаган сыяктуу, башкалары Шанхай кызматташтык уюму, ЖККУ сыяктуу уюмдарды баса белгилеп жатышат. Бирок эч бир талапкерде Орусия менен болгон мамилени кайра карап чыгыш керек же Орусиядан тыш, башка багытты карап көрүү керек деген пикир болгон жок.

Эч бир талапкерде Орусия менен болгон мамилени кайра карап чыгыш керек же Орусиядан тыш, башка багытты карап көрүү керек деген пикир болгон жок.
Эмилбек Жороев

Чынында эле эксперт белгилегендей, негизги талапкер болот делген саясатчылар программалык сөзүндө тышкы саясатта бир ооздон Орусия менен мамилеге артыкчылык берерин белгилегенин байкоого болот.

Маселен, бийликчил Социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учурдагы президенттин саясатын толугу менен улантып, Орусия менен алаканы өнүктүрөрүн билдирген эле:

- Тышкы саясаттагы орчундуу багыт болуп экономикалык кызыкчылыктарыбызды илгерилетүү жана коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. Биз Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлин сактап калабыз. Бабаларыбыздын кылымдарга созулган достук мамилесин өнүктүрөбүз. Орусия менен гуманитардык, экономикалык, илимий мейкиндигибиздин бир болгону биздин өнүгүүбүздүн негизги кепилдиги болуп саналат.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Орусия менен мамилени өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты алга сүрөөнү мурдагы премьер-министр Темир Сариев да жарыялады. "Ак шумкар" партиясынын лидеринин айтымында, бул багытта коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу зарыл:

- Эң алгач коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык интеграция саясатын улантышыбыз керек. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр интеграциялык жараяндарга катышуу менен гана эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы базарларын ача алат. Бул жагынан ЕАЭБ, ШКУ жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму эң жакшы өнөктөш боло алат. Биз Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек.

Тышкы саясатта Орусияны эш тутууга чакыргандар арасында "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, "Өнүгүү-Прогресстен" аттанган Бакыт Төрөбаев да бар. Бул талапкерлер Орусияга артыкчылык берсе, Кытай менен соода-сатык мамилелерди өнүктүрүүнү да белгилеп жатышат.

Талапкерлер арасында Батыш мамлекеттери менен мамилени жакшыртуу жөнүндө кеп козгогондору жокко эсе.

Президенттиккке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жаткан жарандык активист Рита Карасартова акыркы учурда өлкө бир векторлуу тышкы саясатка ыктап алганын белгилейт. Ошондуктан, бул маселелерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгын айтууда:

- Бир эле жакка умтулбай Кыргызстанга улуттук кызыкчылыкка пайда алып келген бардык өлкөлөр менен көп багыттуу кызматташууну жүргүзүү зарыл. Ушул жаатта биздин тышкы саясат ички саясаттын уландысы болушу керек.

Ал эми саясий эксперт Медет Тулегенов тышкы саясатта Орусияга артыкчылык берүү аракетин учурдагы объективдүү реалдуулуктан улам чыгып жатканын айтат. Бул бир жагынан географиялык жайгашууга байланыштуу болсо, экинчи жагынан эмгек мигранттарынын тандоосуна байланыштуу дейт эксперт:

- Шайлоочулар үчүн тышкы саясаттагы позиция анча маанилүү ролду ойнобойт. Анткени адамдар бул жашоо-турмушка түз таасири тийбейт деп ойлойт. Бирок айрымдар миграция маселесине байланыштуу Орусия менен алакага көңүл бурушу мүмкүн. Айрымдар соода, бизнеске байланыштуу кайсы бир өлкө менен мамиле жакшы болсо деп ойлойт. Ушул учурларда гана бул маселеге көңүл бурушат.

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулунун көз карашында, тышкы саясатта көпчүлүк талапкерлердин бир багытты ыктаганы тышкы фактор деген нерсеге байланыштуу:

- Президент болуу үчүн сөзсүз Орусиянын, Москванын батасын алып, аттаныш керек дегенди негизги эрежедей көргөндөр бар. Бул өкүнүчтүү. Муну Орусия деле каалабаса керек. Мындай жалтаңбайлыктан этият болуу зарыл. Талапкерлер тышкы саясат дегенде ушул нерсеге көңүл буруп жатып, карапайым элди да көндүрүп жатышат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. БШКнын соңку маалыматы боюнча президенттик кызмат үчүн ат салышуу ниетин билдирип арыз менен кайрылгандарын саны ушу тапта 48 адам болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG