Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кызматташтыктын 25 жылдыгына туш келген сапар


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Кремл, 23-декабрь, 2014-жыл
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Кремл, 23-декабрь, 2014-жыл

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 19-24-июнь күндөрү мамлекеттик сапар менен Орусияда болот.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүн баштала турган беш күндүк сапарда Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака-катышка быйыл 25 жыл толду. Бул жылдар аралыгында эки өлкөнүн мамилесин сынаган окуялар да орун алды. Ушул тушта миңдеген кыргызстандыктар Орусияда иштеп, жашап жүрөт.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын маалымдашынча, бул сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев Татарстан менен Башкыртстанга да барат. Ошондой эле Кыргызстандын маданий күндөрүнө катышат. Алмазбек Атамбаев Орусиядагы кыргызстандыктар менен да жолугат:

- Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн келечегин эске алганда бул сапар кыргыз-орус алакасынын стратегиялык мүнөзүн андан ары бекемдөө үчүн өтө маанилүү. Сапардын алкагында миграция, саламаттыкты сактоо, статистика жана каржы тармактарындагы документтерге кол коюлат. Бул сапардын маанилүү саясий докмументи болуп Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты бекемдөө декларациясы болуп калат. Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелери боюнча тараптардын позициясын чагылдырат.

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл 28-февралда бир күндүк расмий сапар менен Бишкекке келген эле. Анда Алмазбек Атамбаев ар кандай ушактарга карабай, Кыргызстандын ЕАЭБге киргени туура кадам болгон деп баалаган. Эки тараптын алакасы жаңы деңгээлге чыкканын, ушул жылдын аягына чейин бул уюмдун алкагындагы бардык тоскоолдуктар жоюлат деп ишендирген.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Бишкек.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин. Бишкек.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришин башкы жетишкендик катары сыпаттайт:

- Бир учурларда алакабыз, мамилелерибиз аябай жакшы болсо, өтө салкындаган учурлар да орун алды. Бир биримдикке кирип, эл аралык кызматташ болуп иштеп жаткандын өзү чоң жетишкендик. Бул мамлекетке кандайдыр бир терс да, оң да жагын берип жатат. Бирок ошол эле учурда тил табышып чогуу кетип жатканыбыз башкы жетишкендиктердин бири. Бардык мамлекеттер менен жакшы мамиледе болушубуз керек, бирок ушул Советтер союзунда чогуу жүргөн, менталитетибиз да окшошурак келген Орусия менен алакабыздын жакшы болгону дурус. Кызматташтык потенциалын туура колдоно билишибиз керек. Эки мамлекеттин деңгээлиндеги алакада кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайлар болуп кетсе, анын кесепети карапайым элге, мигранттарга, ишкерлерге тийип калышы мүмкүн. Ошол нерсени эске алып туура иш алып баруу керек.

Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев Алмазбек Атамбаев бул сапарында экономикалык маселелерди чечүүгө басым жасашы керек деп эсептейт:

- Бизге тынчтык, коопсуздук керек. Бул жагынан алып караганда Орусия бизге керектүү мамлекет. Экинчи жагы бул - экономикалык мамилелер. Бизге Орусиянын базары керек. ЕАЭБге киребиз деген ураандар болду, бирок экономикабыздын структурасына кайдыгер мамиле жасалып жатат. Орусиянын экономикалык потенциалын пайдаланышыбыз керек. Жакшы музоо эки-үч уйду эмет деген сөз бар го. Биз деле ушундай чоң мамлекеттен өзүбүзгө пайда көрбөсөк, анда биздин экономикабыз оңолбойт. Бул сапарда ушул жагына көбүрөөк көңүл буруу керек. Жалаң эле мигранттар же алтындан түшкөн киреше менен биз алыска бара албайбыз.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Соңку 25 жыл аралыгында жана акыркы жылдарда кыргыз-орус алакасын сынаган бир катар окуялар орун алган. Алардын бири ГЭСтер маселеси. Алмазбек Атамбаев 2015-жылды жыйынтыктап жатып, Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти кура албай калганын жарыялаган. Эки өлкө ГЭСтерди куруу тууралуу 2012-жылы эле макулдашкан жана биринчи агрегат 2016-жылы ишке кириши керек болчу.

Былтыр жыл башында расмий Бишкек кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ГЭСтер боюнча келишимин бир тараптуу денонсациялаган. Орус тарап курулушка кеткен чыгымды 37 миллион доллар деп эсептеп, аны кайтарып берүүнү талап кылган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Экономист Эркин Абдразаковдун баамында, Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөргө айлана алган жок жана алака-катышты чыңдоо боюнча маанилүү документтер үзүрүн бере элек:

- 25 жылдын ичинде биз толук кандуу интеграция болуп кете алган жокпуз. Көптөгөн документтер кабыл алынды, бирок көбү аткарылбай калды. Маселен, "Русгидро" менен мамлекеттик деңгээлде келишим түзүлгөн болчу. Бирок Жогорку Нарын каскадын куруу ишке ашпай калды. Экинчиден, ЕАЭБге кирдик дегенибиз менен биздин мигранттар патент төлөп, уруксат кагаз албагандан башкасынын баары эле мурунку боюнча калды. Орусиянын жетекчилиги бизге байма-бай каттап келип кеткени менен, жакшы деле ийгиликке жетише алган жокпуз. 25 жылдын ичинде АКШнын базасын кетирип, Орусиянын Канттагы базасын чыңдадык. Бирок стратегиялык өнөктөш боло алган жокпуз. Үчүнчү эшалондогу көмөкчү чарба катары эле болуп калдык.

Өткөн айда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстандын бардык карызын кечүү жөнүндөгү буйрукка кол койгон эле. Расмий Москва Кыргызстандын карызын "өнүгүүгө расмий жардам берүү" деген жүйө менен кечип жатканын маалымдаган. Орус президенти Владимир Путин ушул жылдын февраль айында Бишкекке келгенде Москва Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтөрүн убада кылган. Расмий Бишкек 240 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды кечүү боюнча Москва менен соңку беш жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.

Кыргызстанда быйыл 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Алты жылдык мөөнөткө шайланган Алмазбек Атамбаев кызматына 2011-жылы 1-декабрда киришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG