Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине эки жыл болду. Бул арада кыргызстандык эмгек мигранттарынын жашоосу кантип өзгөрдү? Убада кылынган жеңилдиктер берилип жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Орусияда бир топ жылдан бери эмгектенген Чыңгыз Ысманов, Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, коомдук ишмер Надырбек Сооронбаев катышты.

"Азаттык": Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда эмгек мигранттарына бир катар жеңилдиктер убада кылынган. Иш жүзүндө кандай жеңилдиктер болду, кандай убадалар аткарыла элек? Жөнөкөй мигранттын жашоосу өзгөрдүбү?

Чынгыз Ысманов: Биз мурда жумушка уруксат кагазын же патент алчубуз. Орто эсеп менен жылына 20 миң рубль коротчубуз. Азыр ал акча чөнтөгүбүздө калып жатат, ошонун эсебинен Кыргызстанга акча которуп жатабыз. Андан башка жеңилдикти байкаганым жок.

Доорбек Абдразаков: Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенден кийин кыргызстандыктар мурдагыдай жети күндө эмес, 30 күндөн кийин каттоого тура баштады. Экинчиден, жумушка уруксат кагазын жана патент албай калышты. Бир гана эмгек келишиминин негизинде жүрө алат. Жумуш берген ишкана ошонун негизинде мигрантты бир жылга чейин каттоого коет. ИНН, СНИЛС жана ОМС деген документтерди алса, биздин жарандарга орусиялыктар сыяктуу эле бекер медициналык жардам көрсөтүлөт жана пенсия чегерилет. Азыр пенсия маселеси дагы чечилип калды, мыйзамдуу иштеген мигранттар кийин пенсиясын Кыргызстандан алса болот. Бирок канчалык жеңилдиктер болгон сайын, ошончолук тартип бузуулар дагы бар.

"Азаттык": Кыргызстандын эмгек мигранттарынын мыйзамдашуусу кандайча жүрүп жатат? Канчалык деңгээлде жумуш берүүчүлөр кыргызстандыктарды мыйзамдуу эмгек келишимдин негизинде ишке алып, алар үчүн тийиштүү салыктарды төлөйт?

Биздин жарандар дагы ишке орношуп жатканда өз укуктарын жакшы билип, берилип жаткан эркиндикти туура колдонсо болмок.
Доорбек Абдразаков

Доорбек Абдразаков: Биздин өкүлчүлүк ачылгандан бери бир топ арыздар түштү, дагы түшүп жатат. Кайрылгандардын 80 пайызы келишим түзбөй иштеп жүргөндөр.

Биз кыргызстандыктар эмгектенген ишканалар менен жолугушуу өткөрүп турабыз. Алардын бардыгы эле күзгүдөй таза эмес. Кээ бири салыктан качат. Жумушчулар менен түзгөн эмгек келишиминде айлык акыны аз көрсөтөт, кээ бири келишим да түзбөйт. Албетте, эртең Орусиянын органдары текшерип келсе, алар сөзсүз жоопкерчилик тартат. Кыргызстандыктар жети-сегиз жылдап иштеген ишканаларды да көрдүк. Алар мыйзамдуу жумушка алып, тийиштүү салык төлөйт. Анан биздин жарандар дагы ишке орношуп жатканда өз укуктарын жакшы билип, берилип жаткан эркиндикти туура колдонсо болмок.

Чыңгыз Ысманов: Тейлөө тармагында иштегендерге мыйзамдуу эмгек келишимин алуу өтө оор. Бул мигранттардын билбегендигинен же билимсиздигинен эмес, бул жумуш берүүчүнүн салыктан качып, өз кызыкчылыгын ойлогонунан. Бул жерде мигранттын же кандайдыр биз кызматтын күнөөсү жок, ким акча төлөсө, ошол адам сүйлөйт дегендей болуп жатат. Мен тааныштарымдын 20 пайызы гана мыйзамдуу эмгек келишими менен иштейт деп айта алам.

Доорбек Абдразаков: Биз Орусияда жарандарыбызга айлык акы бербеген, эмгек келишимин түзбөгөн ишканалардын «кара тизмесин» түзүп жатабыз. Аутсорсинг жана клининг ишканалары бүгүн жапсаң, эртең башка жактан ачылып, чет элдик жарандардын эсебинен акча таап көнүп калган экен. Орусиянын тиешелүү кызматтары менен бирдиктүү иш алып баралы деп жатабыз. Эми бизди дагы тоготпой, жөнөтүп койгон жумуш берүүчүлөр болот. Январь айынан бери өкүлчүлүккө миңге жакын адамдын атынан 300 арыз түшкөн, миграциялык суроолор боюнча 4 миң консультация берилген, 320дан ашуун кайрылуу боюнча окуя болгон жерге барыппыз. Кыргыз жарандарынан жалпы 41 миллион 732 миң рубль айлык акы алынбай жатканы тууралуу арыз түшкөн. Азыр 19 миллион рубль карыз болгон үч чоң ишкана боюнча Орусиянын ИИМи менен биргеликте иш алып барып жатабыз, андан тышкары өкүлчүлүк 15 миллион рубль эмгек акыны жарандарыбызга алып бердик.

"Азаттык": Евразиялык биримдиктин башкы шарты - бул эркин эмгек рыногу. Эмгек мигранттары эч кандай тоскоолдуксуз каалаган чөйрөдө мыйзамдуу жумушка орношуп, татыктуу маяна ала алат дегенди түшүндүрөт. Москвада ири жумуш берүүчү ишканалар көбүнчө ишке бир гана орус жарандыгы менен кабыл алышат. Кыргызстан ЕАЭБге киргенде бул абал өзгөрдүбү?

Орусиянын жараны болсоң эч көйгөй жок, жумушка чыга бересиң. Евразиялык биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандары, мындайча айтканда, экинчи кезекте кабыл алынчу адамдар да.
Чыңгыз Ысманов

Чыңгыз Ысманов: Бардыгы эмес, бирок айрым ишканалар орус жарандыгын сурайт. Кайсы жетекчи болбосун, биринчи учурда өзүнүн жарандарын алгысы келет. Бул жерде деле улуттук кызыкчылык болуп жатат. Эгерде орус жараны айлыкка макул болбосо, ошондо гана башка өлкөнүн жарандарын ишке алышат. Орусиянын жараны болсоң эч көйгөй жок, жумушка чыга бересиң. Евразиялык биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандары, мындайча айтканда, экинчи кезекте кабыл алынчу адамдар да.

Надырбек Сооронбаев: Чын эле, азыр деле орус жарандыгын талап кылышат. Айрыкча көп айлык төлөгөн, мыйзамдуу ишке алган ишканалар сурашат. Жарандыгына маани бербегендер деле бар, бирок аларда айлык аз, карьералык өсүш жок.

"Азаттык": Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүккө тыюу салуу, айрым региондордо эмгек мигранттары иштей алчу тармактарды чектөө менен орус бийлиги кайрадан эле өзүнүн эмгек рыногун коргоонун механизмдерин киргизип жатабы?

Надырбек Сооронбаев: Айдоочулук күбөлүк боюнча жаңы мыйзамды кабыл алуу жол кырсыгы көп катталгандан улам келип чыккан. Менин билишимче, Мамдуманын депутаттары «чет элдик айдоочулар Орусиянын жол эрежелерин үйрөнүп, экзамен тапшыргандан кийин унаа айдасын» деген сунуштар болгон. Биздикилер ага деле даяр. Бирок жети-сегиз экзамен тапшырып өтө албагандар болуп жатат, дароо өтүп кеткендер да бар экен. Кыйынчылыктар жок эмес. Бул жагы биздин элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү жана өкмөттүн жардамы менен жакшы жакка чечилет деп турабыз.

Чыңгыз Ысманов: Москва жана Москва облусунда эркек балдардын 20-30 пайызы айдоочу болуп иштейт. Ушул боюнча кала турган болсо, өтө чоң таасири тиет, жумушсуздук болот. Экзамен тапшырганда 70-80 пайызыбыз өтпөйбүз. Буга бир эле негиз бар - Кыргызстанда коррупция күчтүү, айдоочулук күбөлүктү баарыбыз сатып алганбыз, жол эрежелерин билбейбиз. Бирок үй-бүлөбүздү машине айдап багып жүрөбүз. Бул маселе керек болсо, президенттердин деңгээлинде каралышы керек.

Ар ким өзүнүн таман акы, маңдай тери менен нан таап, ийгиликтерге жетип жатат. Болгону ошол саныбыз көбөйгөнүн, анан өлкө кризистен чыгып жатканын түшүндүрүшү мүмкүн. Башка өзгөрүү деле жок.
Надырбек Сооронбаев

"Азаттык": Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча былтыр Орусиядагы мигранттар өлкөгө 1 млрд. 937 миллион доллар которушкан. Быйылкы жылдын башында үч айдагы которуулар 432 миллион долларды түздү деп кабарланып жатат. Мындай көрсөткүч чындыгында эле мигранттар көбүрөөк акча таба баштады дегенди түшүндүрөбү же Кыргызстандан Орусияга иш издеп келген мигранттардын санынын акыркы эки жылда 100 миңге өскөнүнө байланыштуубу?

Надырбек Сооронбаев: Айлык акы чындыгында эле көтөрүлгөн жок. Евразиялык биримдикке кошулду деп бизди чоң жумуштарга алып, чоң айлыкты эч ким берген жок. Ар ким өзүнүн таман акы, маңдай тери менен нан таап, ийгиликтерге жетип жатат. Болгону ошол саныбыз көбөйгөнүн, анан өлкө кризистен чыгып жатканын түшүндүрүшү мүмкүн. Башка өзгөрүү деле жок.

Чыңгыз Ысманов: Мигранттар көбөйгөнү үчүн Кыргызстанга акча которуу көбөйдү. Мындай айлык, тапканыбыз көбөйдү деп айта албайбыз. Биз бир гана сан жагынан көбөйдүк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG