Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Өткөн жумада Санкт-Петербург шаарындагы жардыруудан кийин орус бийлиги борборазиялык мигранттарды бардык жерде тыкыр текшерүүгө алып жатканы мекендештер арасында тынчсыздануу жаратты.

Кыргызстандык мигранттарга мамиле мыйзамдуубу же орус полициясы ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланып жатабы, мамлекеттер аралык келишимдердин жоболору аткарылабы, жеңилдиктер байкалабы, “кара тизме” качан азаят ж.б.у.с. маселелерди бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.

Талкууга өкмөттүн миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутунаев жана Москвадагы “Элдик-Чындык” борборунун жетекчиси Бектур Исраилов катышты.

“Азаттык”: Кочкорбай мырза, Санкт-Петербург шаарындагы жардыруудан кийин мигранттарга, анын ичинде кыргызстандыктарга орус бийлигинин, полициясынын мамилеси кандай болууда?

Кочкорбай Кутунаев: 1-7-апрель күндөрү чындыгында оор кырдаал түзүлдү. Кыргыз жарандарын полиция бөлүмдөрүнө алып барып, манжа тактарын алган учурлар болду. Кыргызстандын консулдугунун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү барып, аларга жардам берип, ким экендигин тактап, аныкталгандан кийин кое берип жатышты. Бир батирден төрт-беш адам кармалды деп маалымат чыкты эле, бирок ал окуяга биздин жердештердин тиешеси бар же жогу аныкталбады. Түз жүргөн, мыйзамга таянган полициячылар бизге “ушундай буйрук болду, текшерүү керек, эгер баары мыйзамдуу болсо, үч сааттан ашык кармабайбыз” деп сыпаа түшүндүрүп жатышты. Алар сөзүнө турду, айтылган убагында чыгарышты...

“Азаттык”: Бектур мырза, Сиз Москвадан келиптирсиз, азыр борбор калаадагы, Орусиянын башка аймактарындагы абал кандай, полициядан сырткары, улутчулдар тарабынан коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатат, деген маалыматтар чыгууда?

Мурда бизди ал жакта мигранттар деп эле билсе, эми Орто Азиядан келгендерди террористтер деп атаган ой-пикирлер пайда болууда. Ошондон улам ишке орношуу маселеси татаалдашып баратат. Батирлерге катталуу кыйындады.
Бектур Исраилов

Бектур Исраилов: Жалпы жонунан карай турган болсок Питер же Москвада эле эмес, Орусиянын башка аймактарында да мекендештерибиздин абалы оорлоп калды. Себеби, расмий түрдө айтылбаса да текшерүүлөр күчөп, полиция кошумча аракеттерди жасашы мүмкүн. Мурда бизди ал жакта мигранттар деп эле билсе, эми Орто Азиядан келгендерди террористтер деп атаган ой-пикирлер пайда болууда. Ошондон улам ишке орношуу маселеси да татаалдашып баратат. Батирлерге катталуу кыйындады. Биздин мигранттарга көз караш өзгөрүүдө.

“Азаттык”: Майрамбек мырза, Кыргызстандын миграция кызматы бул маселе боюнча абалды кандай мүнөздөйт, орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзөбү, абалды жеңилдетүүгө аракет кылып жатабы?

Майрамбек Бейшенов: Менин баамымда, бизге жеткен маалыматтарга караганда Орусияда паспорттук же полициялык режим мурдагыдан кескин күчөдү деп айта албайм. Баарыңыздар билгендей, Миграция кызматынын Москвада өкүлчүлүгү ачылган, иштеп жатат. Биздин кызматкерлер Орусиянын аймактарына барып, абалды жеринен да иликтеп, талдап турушат, кыргыз диаспоралары менен да тыгыз байланыш бар. Марттын аягында, апрелдин башында биздин Миграция кызматынын төрагасы Орусияга барып келген. Диаспоралар мүчөлөрү менен жолугуп, аларда эмне маселе бар, кантип чечүү керек деген суроолорду талкуулаган. Орусиянын тиешелүү миграция кызматтары менен да көп маселелер боюнча сүйлөшүү болду. Питердеги террористтик окуядан соң биздин өкүлчүлүк менен дароо байланышсак, ал кырдаалга байланыштуу арыз, кайрылуу болгон жок деп айтышты. Ошондуктан аталган окуяга байланыштуу миграциялык абалда чукул өзгөрүү болду деп айта албайбыз.

“Азаттык”: Кочкорбай мырза, ушул убакка чейин кыргыз мигранттарынын “кара тизмеси” азаят деп айтылып келди эле, акыркы окуялар дагы көбөйтүүгө шарт түзбөйбү, анткени тартип бузуунун көбү “паспортко”, каттоого байланыштуу болуп жатканы айтылууда...

Документтердин баары туура болсо депортация болбойт. Биздин мекендештерибиз келгенде арзан деп күмөндүү фирмаларга ишке кирип алышып, бир-эки айдан кийин көчөдө калган учурлар да бар.
Кочкорбай Кутунаев

Кочкорбай Кутунаев: Биздин жердештер бул жакка келгенде документтерин так жасашса деген өтүнүч. Түшүнбөсө, маселе чыкса биздин консулдукка же кыргыз диаспорасына кайрылышса. Эгер документтердин баары туура болсо депортация болбойт. Биздин мекендештерибиз келгенде арзан деп күмөндүү фирмаларга ишке кирип алып, бир-эки айдан кийин көчөдө калган учурлар да бар.

“Азаттык”: Бектур мырза, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргенде мигранттарга жеңилдик болот, дешти эле азыр анын натыйжасын мигранттар сездиби, чындап эле жеңил болуп калдыбы?

Бектур Исраилов: Мурдагыга караганда айрым жеңилдиктер кирди. Азыр мурдагыдай жумушка орношуу үчун уруксат кагазы жана патенттин кереги жок. Бирок жумушка орношуу үчүн иш берүүчү менен эмгек келишими сөзсүз керек. Мындан сырткары мигранттар кайсы бир жерге – батирге, үйгө же жумушка алган компаниянын жайгашкан жеринде катталышы керек. Көп мигранттарга ушул да оор болууда. Мунун баары чечилбесе, мигрант менен полициянын ортосунда маселе туула берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG