Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Орусиядагы кризис жакырларды көбөйттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн жылы Орусияда жакыр жашагандар 19,8 млн адамга жетти. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч жана 2014-жылы башталган кризис, мунай баасынын түшкөнү менен шартталууда. Экономисттер элдин кирешеси кризиске чейинки көрсөткүчкө жетиши үчүн дагы бир нече жыл талап кылынарын айтышууда.

"2016-жылдагы акыркы эсеп боюнча Орусиядагы бир айлык эң төмөнкү керектөө корзинасы 9700 рублга жакын болду. Айлык кирешеси ушул суммага жетпегендер өткөн жылы жалпы элдин 13% түздү", - деди Орусиянын статистика кызматы. Былтыр жакырлардын жалпы саны 19,8 млн кишиге жеткени айтылды. Бул акыркы он жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Орусиялыктардын кирешеси 2014-жылдан кийин кескин азайды
Орусиялыктардын кирешеси 2014-жылдан кийин кескин азайды

Мындай жагдай, тагыраагы Орусиядагы экономикалык кризис 2014-жылы башталган Батыштын санкциясы жана мунайдын кескин арзандашынан улам келип чыкты деп эсептешет. Мына ошол жылдан бери эле жакырлар саны 3,7 млн адамга көбөйгөн.

Экономисттер учурда элдин кирешесинин өсүшү жай экенин белгилешет. Орусиядагы макроэкономикалык анализ борборунун эксперти Игорь Поляков кризиске чейинки убакыттагы көрсөткүчкө жетүү үчүн бир нече жыл керек дейт:

- Элдин реалдуу кирешесинин өсүүсү жай болот. Аны негизинен пенсия жана башка социалдык төлөмдөр, чакан бизнестин кирешесинин динамикасы басаңдатат. Чоңураак ишканаларда деле айлыктын сезилерлик өсүшү күтүлбөйт. Демек, биздин эсеп боюнча 2017-жылы киреше 1,5-2%, 2018-жылы 2,5% өсөт. Ал эми кирешенин өсүүсү 2014-жылкы көрсөткүчтү кууп жетиши үчүн дагы бир нече жыл керек.

Кирешенин абалына шайкеш болгондуктан азырынча орусиялыктардын керектөөсүндө да өсүш жай. Экономиканы жазып жүргөн орусиялык журналист Сергей Сенинскийдин баамында, 2010-2013-жылдардагы керектөөнүн ыкчам өсүүсү айлыктын, көбүнесе бюджетчилердин айлыгынын жогорулоосуна байланган.

Гайдар экономикалык саясат институтунун эксперти Михаил Хромов негизинен мунун өзү экономикалык өсүштү артка тарткан көрүнүш деп чечмелейт:

- Акыркы жылдары Орусиянын ички дүң жыйымынын структурасында айлыктын өлчөмү көбөйүп отурду. Дүйнөлүк өлчөм менен алганда ал кыйла жогору. Башкача айтканда, биздин жалпы экономикалык кирешебизде айлыктын өлчөмү көп да, ишкана-компаниялардыкы тескерисинче аз. Ошентип, биз кирешенин көбүн айлык катары жеп коюп, корпоративдик деңгээлде андан аркы өнүгүүгө инвестиция кылбай жатабыз. Бул жакын арада экономиканын да, элдин керектөө фактору болгон айлыктын да өсүүсүн чектейт.

Мигранттар кантет?

Орусияда миллиондогон мигранттар, анын ичинде кыргызстандыктар да иштейт эмеспи. Москвадагы КМШ өлкөлөрү институтунун экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян мигранттарды кабыл алган эч бир өлкө аларга өз жарандарынан жогору айлык койбосун эскертүүдө. Ошондой эле кирешедеги өзгөрүүлөр да эки тарапка бирдей тиет. Кеп мигранттын мекени менен иштеген өлкөсүндөгү тиричиликтин деңгээлинин айырмасында дейт Мигранян:

Аза Мигранян
Аза Мигранян

- ​Кандай гана болбосун мигранттардын кирешеси жергиликтүү элдикине караганда кыйла топуктуу сезилет. Анткени, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы киреше деңгээли Орусияныкынан бир топ төмөн. Ошондой эле мигрант менен Орусия жаранынын тапкан-ташыганын сарптоосу да түп-тамырынан айырмаланат. Эгер орусиялык кирешесин өз жеринде гана коротсо, ал аны турмуш деңгээлине жараша көбүнесе тамак-ашына жумшайт. Жашоосу канчалык жакшы болсо, азык-түлүккө чыгымы ошончолук азая берет. Ал эми мигранттар таптакыр башкача бөлүштүрөт. Адегенде кирешесинин жарымын мекенине салат. Иштеген өлкөдөгү коммуналдык, тиричилик кызматтарга да аз төлөйт.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Тажикстандын ички дүң жыйымына мигранттар салган акча олуттуу таасир этет. Мына ушундан улам Орусияда бир пайыздык төмөндөө болсо, аталган өлкөлөрдө ал 0,7-0,8% сезилери да эсептелип жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG