Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:10

Дүйнөлүк экономика жана соода 2017-жылга кандай абалда кирди, аяктаган 2016 -жыл кандай жыйынтыктарды берди? “Азаттык” ушул жана башка суроолор менен баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейнге (Nigel Paine) мырзага кайрылды.

“Азаттык”: Белгилүү болгондой, дүйнөлүк экономиканын өргө кетиши же төмөндөшү саналуу негизги оюнчулардын абалына көз каранды. Алардын ар бирине токтоолордун алдында айтсаңыз, аяктаган 2016-жылдын жыйынтыгында дүйнөлүк экономикадагы негизги тенденция эмне болду?

Пейн: Менимче, биз бул жылы да дүйнөлүк экономикада жалпысынан өсүш көрсөткүчү кайрадан эле төмөн болгонун байкадык. Дүйнөлүк ички дүң өнүм (ВВП) үч пайыздай эле кеңейди.

Бул өсүш акыркы беш жыл катары менен мына ушул үч пайыздын тегерегинен көтөрүлө албай жатат, ошондой эле 2008-жылдагы каржылык кризиске чейинки орточо өсүш көрсөткүчүнөн 0,75%га ылдый дегендик.

Демек, өсүш көрсөткүчү бир нече жылдан бери төмөн болуп жатканын эске алганда, биздин оюбузча, каржы-экономикалык саясаттагы олуттуу өзгөрүүлөрсүз дүйнөлүк экономиканын азыркы кырдаалдан чыгуусу кыйын. Акыркы эки жылы катары менен дүйнөлүк соода да алсыз болду, кубаттана алган жок.

Биздин эсебибизде, маселен 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк соодадагы өсүш 2% гана болот. Бир катар окуялардан улам 2016-жылы дүйнөдө экономикалык белгисиздиктер да жаралды.

Өзгөчө дүйнөнүн бешинчи экономикасы - Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча референдум, биринчи экономика Кошмо Штаттардын бийликке жаңы администрациясынын келип жатышынан улам алардын болочоктогу экономикалык саясаты боюнча али айрым белгисиздиктер бар.

“Азаттык”: Дүйнөлүк экономиканын болочоктогу өсүшү экономикалык саясаттагы өзгөрүүлөргө көз каранды деп жатпайсызбы? Мында сиз өкүлү болгон Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму кандай өзгөрүүлөрдү эске алып жатат?

Пейн: 2008-жылдардагы кризистен кийин бизде бир нече жылдан бери экономикадагы жалгыз оюн - Борбордук банктардын монетардык саясаты болуп келди.

Ири экономикаларда, атап айтканда Кошмо Штаттарда, Жапонияда, Евроаймакта, Британияда узак убакыт бою кредиттин үстөгү нөл пайыздын тегерегинде кармалып турду. Экономиканы стимулдаштыруу үчүн Борбордук банктар башка нерселерди да жасоого утур-утур аракеттенүүдө.

Биздин оюбузча эми үстөк пайыздарды дагы деле негативдүү кармоо аракеттери тескери натыйжа берип, каржы базарларында тобокелчиликтерди көбөйтүп, туура эмес кырдаалдарды жаратууда.

Андыктан, эми глобалдык өсүштүн чыңдалуусуна жардам берүү үчүн биздин пикирибизде жалгыз гана монетардык саясатка таянуудан, фискалдык саясатты активдүү колдонууга өтүп, муну структуралык реформаларды күчөтүү менен коштоо, анын ичинде соода саясатын жаңылоо зарыл.

АКШ

“Азаттык”: Үстөк пайыз жөнүндө айтып калдыңыз, АКШнын Борбордук банкы 2016-жылдын соңунда кредиттер боюнча үстөгүн чейрек пайызга көтөрбөдүбү, үстөктү баскыч-баскыч менен көтөрүүгө 2017-жылы да барарын ачыктаган. Демек, бул дүйнөлүк экономика үчүн оң чарабы?

Пейн: Федералдык резерв системасынын акыркы чечими күтүүсүз эмес жана дүйнөлүк экономика үчүн да анчалык чоң зыяны жок. Себеби, алар кредиттер боюнча үстөктү экономикадагы кайра жандануу Кошмо Штаттарда башкаларга салыштырмалуу бир аз жакшы ыргакта кетип жатканына байланыштуу көтөрүштү. Жумушсуздук деңгээли 4,5%га түштү, инфляция көрсөткүчү 2%га кайтты. Ооба, Кошмо Штаттарда да жакынкы убакытка чейин кредиттер боюнча үстөктү башка ири оюнчулардай эле абдан төмөн кармашты.

Нью-Йорк биржасы, 10-ноябрь, 2016-жыл.
Нью-Йорк биржасы, 10-ноябрь, 2016-жыл.

Бирок, АКШда, менимче, бүгүн базар күтүп жаткандай кредиттер боюнча үстөк пайыз дагы көтөрүлсө алдыдагы эки жылда кыйынчылыктар жаралуусу мүмкүн. Анткени, Евроаймак менен Жапония ошол эле учурда артта калып, кредиттер боюнча үстөгүн төмөн же нөлдүн тегерегинде кармоодо. Мындай жагдай ири экономикалардын монетардык саясатында, кредиттер боюнча үстөгүндө ажырым жаратып, акча алмашуу курстарына басым жасайт, ошондой эле капиталдын агымына алып барышы мүмкүн. Бул өз кезегинде каржы базарларын да олку-солкулукка алып барып, балким кээ бир экономикалардын, өзгөчө өнүгүп келе жаткан экономикалардын өсүшүн кармайт

“Азаттык”: Кошмо Штаттар дүйнөлүк дүң өнүмдүн 20%дан ашуунун берет да турабы. Алардын өзүндө азыр өсүш көрсөткүчтөрү кандай?

Пейн: АКШдагы экономикалык кайра жандануу Европаныкына караганда бир нече жылдан бери эле бекем жана сезилерлик. Ички дүң өнүмүнүн акчалай көлөмү 17 триллион долларга жеткен АКШдагы өсүш 2016-жылдын жыйынтыгы менен 1,5 – 1,75% деп күтүлүүдө. Бирок, биздин уюмдун ноябрдагы соңку болжолуна караганда, бул көрсөткүчү 2017-жылы 2,3%га чыгып, андан кийин 2018-жылы 3%га кайтып барат.

АКШдагы айрымачылык эмгек базарынан эле көрүнөт. Маселен, каржылык кризистен кийин бул өлкөдө да жумушсуздук 9%га чейин чыгып кеткен, азыр мына алдыда айтканыбыздай 4,5%га түшүп калды. Жумушсуздук деңгээли кризис алдында да мына ушундай эле болчу. Ал эми Евроаймакта жумушсуздук 10-12 пайызга чейин чыгып кеткени эсибизде, азыр төмөндөй баштаганы менен баары бир 10%дын тегерегинде калып жатат. Экономиканын кайра жандануусу да евро аймакта АКШныкындай болуп, ыкчам кеткен жок.

Евроаймак

“Азаттык”: Сиз айткан евроаймак мына акыркы бир нече жыл бою каржы кризисинин кедергисин тартып келген эле. Бирдиктүү валюта саясатына мурдатан эле кошулбаганы менен Британиянын Евробиримдиктен кетип жатышы Европа үчүн 2017-жылы да экономикалык жактан башкы көйгөй болобу?

Британ өкмөтүнүн Брекситти ишке ашыруу боюнча планы 2017-жылдын жаз айларында ачыкталат деп күтүлүүдө.
Британ өкмөтүнүн Брекситти ишке ашыруу боюнча планы 2017-жылдын жаз айларында ачыкталат деп күтүлүүдө.

Пейн: Брексит негативдүү шок экени айныксыз. Биздин оюбузча мунун терс таасири Улуу Британиянын өзүнөн жана Европанын аны менен бекем соода байланыштары бар майдараак өлкөлөрүнөн көбүрөөк көрүнүүдө. Андан кийин, албетте, жалпы эле евроаймак үчүн да таасири бар. Ошондой эле биздин анализдерибиз боюнча Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу менен мунун тескери эффектиси баскыч-бакыч менен көбөйө берет: соодада, эмгек базарында, миграцияда сезилет. Бул Британиянын экономикасы, андагы өсүш узак убакытка алсыз болот дегендик. Ал эми евроаймактын окшош көйгөйү эмгек базарынын акырындык менен жанданышы, ошондой эле айрым мамлекеттердин банк секторунда проблема бар. Банктардын насыялары кайра жакшы кайтарылбай жатат. Кредиттөөнүн жай өсүшү Европадагы кайра жанданууну кармаган факторлордун бири. Карыз кризиси болсо толук чечиле элек. Суверендүү карыздар же өкмөттөрдүн карыздарына байланышкан проблема басаңдады, тынчсыздануу бир же эки өлкө боюнча эле бар. Грецияны эске албаганда өкмөттөр баалуу кагаздарынын негизинде алган насыянын үстөгү абдан төмөн. Бирок, мен алдыда айткандай банктар боюнча көйгөй бар. Өлкөлөрдүн баарында эмес, айрымдарында, мисалы ири экономикалардан Италияда. Алардын банктары капиталдашуусун көбөйтүп, балансында турган, бирок кайтарылбай жаткан кредиттер боюнча маселени чечүүлөрү керек. Эгер кредиттөө көбөйсө, бул Европадагы жеке секторду да чыңдайт.

Кытай

“Азаттык”: Кытай АКШны жана андан кийин Европаны бириктирип караганда, дүйнөнүн үчүнчү экономикалык борбору болуп турат. Алардагы кырдаал кандай, Бээжиндеги бийликтер экономиканын өсүш ыргагын атайылап жайлатуу саясатын улантышабы?

Брексит негативдүү шок экени айныксыз. Биздин оюбузча мунун терс таасири Улуу Британиянын өзүнөн жана Европанын аны менен бекем соода байланыштары бар майдараак өлкөлөрүнөн көбүрөөк көрүнүүдө.

Пейн: Ооба, Кытайдагы өсүш ыргагы жайлоодо, бирок абдан этияттык жана баскыч-баскыч менен. 2016-жыл ичи кытай бийликтери фискалдык саясатын кеңейтүү багытында бир катар кадамдарга барды. Өкмөттүн инфраструктурага инвестициясын, акча сарптоолорун көбөйтүштү. Бул өз кезегинде керектөөнүн жалпы көлөмүн кармап турууга жардам берди. Биздин эсебибизде, эгер Кытайдагы өсүш 2015-жылы 6,9% болсо, 2016-жылдын жыйынтынгы менен 6,7%, 2017-жылы 6,5%дан ылдыйкы чекке түшөт. Баскыч-баскыч менен жайлоо мындан кийин да улана берсе керек. Бирок, Кытайдын көлөмүн, калкынын санын эске алганда, ал экономикалык өсүштү жайлаткан күндө да 6, 6,5%дык көрскөткүч глобалдык экономикадагы жалпы өсүш үчүн абдан маанилүү салым.

“Азаттык”: Кытайдын валюта саясаты боюнча нааразылык анын башкы соода өнөктөрүнөн, маселен Кошмо Штаттарда азыр да бар. Бээжин мына азыр дүйнөлүк резерв валюталардын бирине айланып калган юандын алмашуу курсун либералдаштыруу багытында айрым бир кадамдарды жасап жатабы?

Кытай 2016-жылы улуттук акчасынын курсун акырындык менен түшүрдү.
Кытай 2016-жылы улуттук акчасынын курсун акырындык менен түшүрдү.

Пейн: Алар (кытай бийликтери) 2015-жылы баштап, 2016-жылы да уланткан саясат - юандын наркынын долларга карата бир аз нарксызданганы. Демек, алар узак мезгилден кийин либералдуу валюта саясатына карай кадам таштагандай болду. 2016-жылы Кытайда капиталдын сыртка чыгарылуусу үчүн да көзөмөл жушартылды. Ушундан улам 2016-жылы Кытайдан сыртка кеткен капиталдын көлөмү да эң жогорку чекке чыкты. Ал өз кезегинде юандын алмашуу курсуна өз таасирин берди. Демек, булар Кытайдын валюта саясатындагы өзгөрүүлөрдү даана көргөзгөн көрүнүштөрдөн.

Орусия

“Азаттык”: Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы Орусияга көз каранды. Жыл жаңырышын утурлай мунайдын кымбаттоо жолуна түшкөнү, Орусия үчүн жакшы жаңылык да туурабы, орус экономикасы боюнча болжолуңуздар кандай?

ОПЕК өлкөлөрүнүн мунай баасын көтөрүү үчүн 2017-жылы өндүрүш көлөмүн кыскартуу чечимине Орусия да кошулду.
ОПЕК өлкөлөрүнүн мунай баасын көтөрүү үчүн 2017-жылы өндүрүш көлөмүн кыскартуу чечимине Орусия да кошулду.

Пейн: Орус экономикасынын абалы мунайдын, металл продукцияларынын глобалдык базарлардагы абалына көз каранды. Акыркы айларда баррелине баасы 10 долларга жогорулган мунай Орусия боюнча божомолдорду оңдойт. Биз мисалы 2017-жылы Орусиядагы өсүш 0,8% болот деп күтүп жатабыз. Андан кийин 2018-жылы деле өсүш бир пайыздан азыраак болот. Мында Орусияга каршы санкциялар менен байланышкан да маселе бар. Алардын алынышы орус экономикасына карата ишенимди бир аз жакшырта алышы мүмкүн. Бул нерсе ошондой эле экономиканын структурасын өзгөртүү боюнча ыктымал саясаттын убактысына да көз каранды.

Соодадагы солгундоо

“Азаттык”: Сөз башында айтыңыз эле, дүйнөлүк сооданын өсүшү да солгун кетип жатат деп. Мунун башкы себептери кайсылар. Кризистен кийин башталган коргоо чаралары же протекционизмдин токтобогонубу?

Пейн: Биздин оюбузча бул жерде бир нече фактор бар. Өзү дүйнөлүк соодадагы өсүштүн солгундугу адаттан тыш көрүнүш. Мен алдыда айткандай, дүйнөлүк соодадагы өсүш 2016-жылдын жыйынтыгы менен 2%дан гана тегерегинде болуп жатат, демек ички дүң өнүмдүн өсүшүнөн төмөнүрөөк. Мындай нерсе такай эле боло бербейт. Биздин иликтөөлөр бул жерде бир нече фактор бардыгын көргөзүүдө. Бул, биринчиден сиз айткандай, кризистен кийин башталган протекционизмдин басаңдабастан, күчөгөнү. Экинчи фактор - мына бир нече жылдан бери глобалдашуунун шартында жашап жатабыз, глобалдашуу өз кезегинде биз нарктын өзгөрүшү деген атаган түшүнүктүн пайда болуусун шарттаган. Бул баягы продукциянын же анын бөлүгүн өндүрүү кайсыл жерде эффективдүү болсо ошол жакка көчүрүү дегендик. Соңку иликтөөлөрдө тапкан далилдерибизге караганда ошол нарктын өзгөрүшү деген жараян акыркы үч-төрт жылда кыскарып кеткен. Бул балким монетардык саясат алып келген кыйынчылыктарга, балким протекционизмден качуу үчүн болду жана өз кезегинде дүйнөлүк сооданын алсырашына салым кошту. Бул жараянда албетте Кытай чоң роль ойноду. Кытай буга чейин импорттогон кызматтар менен товарлардын айрымдары азыр өлкөнүн ичинде өндүрүлүп жана көргөзүлүп жатат. Кайра эле Кытайдын көлөмүн эске алганда, бул дүйнөлүк сооданын өсүшүнө терс таасирин тийгизди. Мунун дагы бир фактору цикликалык элемент, башкача айтканда ири экономикалардагы инвестициянын алсыздыгы. Инвестициялык товарлар да бул активдүү соодадагы товарлар. Мына ушулардын баары биригип келип, дүйнөлүк сооданын солгундашына салым кошту.

“Азаттык”: Жаңы башталган 2017-жылы дүйнөлүк экономикада кандай негизги тенденцияларды күтүп жатасыздар?

Пейн: Дүйнөнүн номер биринчи экономикасы Кошмо Штаттарда фискалдык стимулдаштыруунун кайсыл бир формалары колдонулушу мүмкүн. Бирок, кандай болорун али байкап көрүшүбүз керек. Бирок, биз Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунда эми фискалдык саясат экономика толук кайра жанданышына жардам берүүдөгү маанилүү саясат болот деп күтөбүз.

Ошондой эле биз 2017-жылы ири экономикалар жалаң монетардык саясатка ыктап иш кылуудан кетет жана бул акча алмашууну, каржы базарларын анчалык олку-солкулукка алып келбейт деп ойлойбуз.

Жыйынтыктап айтканда, глобалдык экономиканын келечеги 2017-жылы жакшыруусу керек, бирок глобалдык өсүштүн тез жогорулоосу же көрсөткүчтөрдүн кризис алдындагы деңгээлге тез чыгуусу күтүлбөйт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG