Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

ШКУ банк түзүүнү кайра козгоду


Уюмга Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстан кирет. Мындан тышкары бир канча мамлекет Байкоочу мүчө макамына ээ.
Уюмга Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстан кирет. Мындан тышкары бир канча мамлекет Байкоочу мүчө макамына ээ.

Бишкек саммитинде өнүктүрүү фондун жана банк түзүү, уюмдун курамын кеңейтүү талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышкан өкмөт башчылар өз ара соода-сатыкты күчөтүү зарылдыгына токтолуп, мамлекеттер аралык жол каттамдарды өнүктүрүүнү сунушташты. Мындан тышкары кийинки саммитте уюмдун курамына жаңы мамлекеттер мүчө болуп кирери айтылды.

Экономикалык кызматташтык жана соода жүгүртүү Бишкектеги ШКУ саммитинде негизги талкууланган маселе болду. Финансылык каатчылык, дүйнө рыногунун Азия чөлкөмүнө бурулушу Шанхай кызматташтык уюмун мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга түртүүдө. Өкмөт башчылардын баары соода-сатыкты жакшыртуу зарылдыгын жана ал үчүн жаңы инструменттер керектигин айтып жатышты.

Бул жаатта Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Шанхай кызматташтык уюмунун банкын түзүү, аны менен бирге атайын Өнүктүрүү фондун ачуу сунушун кайра көтөрдү:

- Биз экономикалык кызматташтыкты күчөтүп, өлкөнүн жана уюмдун өнүгүүсү үчүн жаңы банкты ачышыбыз керек. Техникалык-экономикалык кызматташтык аркылуу өз долбоорлорубузду каржылоо булагы өзүбүздөн болушу абзел. Биргелешкен ишканаларды ачып, соода-сатыктын көлөмүн көбөйтсөк бул жерден уюм гана утат.

Шанхай кызматташтык уюмуна таандык банкты түзүү демилгеси 2007-жылы эле көтөрүлгөн. Бишкектеги жыйында айтылгандай, бир нече жыл мурдагы демилгени иш жүзүнө ашыруу заман талабы болуп турат.

Орусия азык-түлүк коопсуздугун көтөрдү

Жыйында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ШКУга мүчө өлкөлөр арасында соода алмашуу көлөмүн эркин экономикалык аймакты түзүү аркылуу жогорулатса болоорун кошумчалады.

- Казакстан айтылгандардан тышкары ШКУнун алкагында эркин соода аймагын түзүүнү сунуштайт. Бул долбоор келечектүү жана бардык өлкөлөргө пайда алып келип, аймак аралык экономикалык карым-катнашты бекемдейт. Андыктан бул маселе уюмдун алкагында гана эмес, уюмга байкоочу мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгын дагы камтышы керек деп ойлойбуз.

Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө быйыл 15 жыл толду. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул аралыкта мүчө өлкөлөр өз мойнуна алган экономикалык милдеттенмелерди дагы деле аткарып бүтө электигин айтты. Ошол эле учурда жаңы технологиялык жана инновациялык милдеттенелер чыгып жатканына токтолду. Орусия өкмөт башчысы ШКУну азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка маани берүүгө чакырды:

- Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көңүлдү талап кылууда. Дүйнөдө азык-түлүктүн баасы өсүп баратат. Азыр дүйнөлүк экономика финансылык каатчылыкка кабылганына карабай, азык-түлүк продукциясынын наркы өсүүдө. Андыктан уюмга жаңы мүчөлөр кирүү алдында тургандыктан азык-түлүк коопсуздугун көңүл сыртында калтырбайлы.

Уюм жаңы мүчөлөр менен толукталат

Жаңы мүчөлөр демекчи, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта Шанхай кызматташтык уюмунун катарына Индия жана Пакистан толук кандуу мүчө болоорун белгилеп өттү. Өз кезегинде ал Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө болгондуктан уюм арасында транзиттик каттамдын калыптанышына маани берип, энергетикалык коопсуздук маселелерине басым жасады.

- Кыргызстан ШКУнун алкагында жол каттамын өнүктүрүү программасын сунуштайт. Бул программаны ишке ашыруу үчүн каржылоо булагы токтобошу керек. Жалпы аймактын өнүгүшү негизги инвестициялык долбоорлордун катарын толукташы керек. Андыктан энергетика тармагындагы кызматташтык жана бул жаатта долбоорлорду ишке ашыруу бардыгыбызга пайда алып келет.

Бишкектеги жыйында ШКУнун банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү жаатында иштерди улантуу, уюмга мүчө өлкөлөр арасында жолдорду куруу программасын ишке ашыруу өңдүү он бир документке кол коюлду. ШКУнун өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында төрагалык орус өкмөт башчысына өткөрүлүп берилди.

ШКУ жыйынында он бир документке кол коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG