Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Апта: Брексит, ШКУ, Дод...


24-июнда британдардын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш беришти.
24-июнда британдардын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш беришти.

Узап бараткан жумада Кыргызстандагы ГЭСтерди курууга жоопкер саналган адам Евгений Дод Москвада көз боемочулук боюнча камакка алынды. Ташкенде ШКУнун саммити өттү.

Шайлоого даярдыкпы же маалымат коопсуздугун чыңдообу?

Узап бараткан жумада Кыргызстан саясаты күндөлүк окуялар, ошол эле учурда келерки жылдагы президенттик шайлоого тиешеси бар жүрүштөр менен коштолду. Жогорку Кеңеш “Массалык маалымат каражаттары жөнүдөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып, маалымат айдыңына көзөмөлдү бекемдөөгө жол ачты. Долбоордун демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев мыйзамдын “Азаттык”, Би-Би-Си радиолоруна тиешеси жоктугун, ал телеканалдарга гана тиешелүү экенин билдирди. Долбоор биринчи вариантында чет өлкөлүк маалымат каражатынын Кыргызстанда катталуусуна дээрлик чек коюп жаткан. Долбоордун ошол вариантында кабыл алынышына жарандык коом жана бир катар депутаттар каршы чыгып, жыйынтыгында демилгечилер долбоор экинчи окууда өзгөртүлөт деген убада беришти.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүлөт делген варианты кабыл алынса, анда Кыгызстандагы телеканалдардын 65% үлүшү кыргыз тарапка, 35 % башка өлкө жаранына тиешелүү болушу керек. Бул тууралуу долбоордун демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев билдирди:

- Бир да канал жабылбайт. Болгону уюштуруучулардын үлүштөрүн гана чектеп жатабыз. Чет элдик жарандар ала турган болсо, үлүшү 35% ашпасын деп жатабыз. Болгону ушул.

Кыргызстанда казак ишкерлерине таандык делген НБТ телеканалы бар. Ошондуктан мыйзам күчүнө кирсе, ал кожоюнун өзгөртүп, кайра каттоодон өтүүгө же ишин токтотууга аргасыз болот.

Телеканалдар калкка таасир этүү жагынан эң маанилүү маалымат каражаты. Ошондуктан мыйзамды республиканын маалымат айдыңын көзөмөлгө алууну күчөтүү жана президенттик шайлоо алдында анча-мынча тоскоолдуктарды тазалоо багытындагы бийликтин кадамы катары да каралууда.

Президенттик шайлоого түздөн-түз тиешеси бар иштер ушул аптада Борбордук шайлоо комиссиясында да жүрүп, анын мүчөлөрү жаңыланды. Бул, бир жагынан, кезеги келгендеги өзгөрүү. Экинчи жагынан, ал келечектеги президенттик жана андан кийинки шайлоолорду эске алуу менен жасалууда. Маселен, президент өз аппаратынын төрагасынын орун басары Нуржан Шайылдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү. Иш тажрыйбасына жараша Шайылдабекова бул органды жетектеп калышы мүмкүн. БШКнын азыркы төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызматынан кетери кабарланган.

Президенттик шайлоо демекчи, бардык саясий күчтөр бул маселеде президент Алмазбек Атамбаев жана КСДП кандай жүрүш жасайт деп, ошого жараша кадам таштоону күтүп жатканы маалым. Бийлик болсо бул маселеге айкындуулук киргизе элек. Президент Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин кетерин так айткан менен, мураскер ким болот, Атамбаевдин өзүнүн ролу кандай болот деген суроолор жоопсуз турат. Андан сырткары Атамбаевдин жакынкы айлана-чөйрөсү азыркы абалды, тагыраак айтканда абалын сактоонун жүз амалын ойлонуп жатканы да түшүнүктүү.

Мына ушундай кыйчалыш учурда президент Атамбаев Кумтөргө каршы “согуш ачып”, бирок анысы мурунку кадамдарды кайталоо экени байкалды. Маселен, бийлик органдары “Центерра” менен келишпестик пайда болгон мезгилде тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүнү маалкатып келип, соңунда уруксатын бергендей эле, бул жолу да 24-июнда Кумтөрдүн иштөөсүнө уруксат бергени маалым болду. Андан сырткары Башкы прокуратура Николай Танаев, Айдар Акаев, Эмирлан Төрөмырзаев, Садриддин Жээнбеков, Леонард Хоменюкка издөө жарыялады. Бул адамдарга мурда да издөө жарыяланып, бирок андан эч кандай натыйжа чыккан эмес. Ошондуктан 2009 - жана 2003-жылдагы келишимдерден чыгуунун жалгыз жолу катары келишимди денонсациялоо аталган. Бирок парламент беш-алты жыл бою Кумтөр маселеси менен майнапсыз аракеттенип, соңунда андан четтеп калды.

Кыргызстан мойнуна 37 млн доллар илген Дод кармалды

Узап бараткан жумада Орусияда айтылуу Евгений Дод камакка алынды. Өз мекенинде 353 млн рублди көз боемочулук менен кымырып алган деп айыпталып жаткан Дод Кыргызстанга өтө эле таанымал киши. Ал кыргыз-орус келишимине ылайык, ГЭСтерди курууга “Русгидронун” жетекчиси катары республикага көп ирет келип жүргөн. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен бирге Жогорку Нарында төрт ГЭС курула турган жерлерге барып, курулуштарды баштоо боюнча ленталар да кескен.

Евгений Доддун көз боемочулугу Орусияга караганда, Кыргызстанда ылдам белгилүү болгон. Ал Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн 37 млн доллар сарпталды деп отчет берип, бирок жыйынтыгында анын эсеби жалган болуп чыкканы айтылган. Бирок анын жалгандыгын документтер менен ырастап, Орусиянын алдына коюуга Кыргызстан мүмкүнчүлүгү чектелүү болду. Ага бир жагынан ГЭСтерди куруу боюнча келишим жол бербесе, экинчи жагынан Доддун ГЭСтерди куруудагы көз боемочулугуна аралашкан Кыргызстандагы өнөктөрү жол бербеши ыктымал.

Евгений Дод менен Алмазбек Атамбаев.
Евгений Дод менен Алмазбек Атамбаев.

ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз-орус келишимине ылайык, чыгымдарды эсептөө Орусиянын Эсептөө палатасынын катышуусу менен ишке ашырылат. Орусия болсо аны эсептеп чыгуудан баш тарткан. Эми Доддун кармалышы менен Орусиянын позициясы өзгөрөбү деген суроо жаралат. Эгерде позиция өзгөрбөсө, кыргыз бийлиги Москва алдына маселени кое албаса, анда 37 млн доллар Кыргызстан мойнуна илинген карыз болуп калат.

“Русгидронун” Жогорку Нарын каскады үчүн 37 млн доллар сарптаганы күмөнгө учураганда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ал комиссия 37 млн сарпталганынан чоң күмөн санашкан. Евгений Доддун көз боемочулук менен Орусияда камакка алынышы мына ошол күмөндөрдү бышыктады дейт Шыкмаматов:

- Эгерде ал Орусиянын өзүндө курулуп жаткан ГЭСтерден акча жесе, биздикин аяп коймок беле... Жогорку Нарын каскадына түшкөн акчаны көзөмөлдөө начар болгон. Ошондуктан биз бул долбоордо кыргыз тараптан директорлор кеңешине мүчө болгон үч адамдан биз эмне себептен чыгым үч-төрт эсе жогору көрсөтүлгөнүн сурашыбыз керек. Алар жеп-ичкенге катышпаса, анда “РусГидронун” ошондогу жетекчилигине карата көрсөтмө бериши зарыл. Болбосо биз алар дагы бөлүшкөн деген пикирде калабыз. Бүгүнкү күндө Евгений Доддун камалышы Орусия тараптан да, биз тараптан да колу туткак адамдардын болгонун ырастап койду. Ошондуктан бул окуядан кийин Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү аларга карата чогуу чара көрүшү керек.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Депутаттык комиссиянын ишинен кийин Жогорку Нарын ГЭСтерин курууга кеткен чыгымдарды иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Бирок анын ишинен натыйжа чыга элек.

Ал эми Нарында ГЭСтерди куруу келишими жокко чыгарылды. Ошону менен бул долбоордун жыйынтыгы - Кыргызстан мойнуна илинген 37 млн доллар карыз жана уттурулган убакыт болуп отурат.

Ташкендеги ШКУ саммити

Узап бараткан жумада дүйнөлүк жана регионалдык мааниде ири эки иш-чара болду. 23-24-июнда Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлери чогулса, 23-июнда Британияда референдум өткөрүлүп, анда британ жарандарынын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш берди.

Чектеш мамлекеттер мындан 15 жыл илгери чек арада өз ара ишенимди күчөтүү, коопсуздук багытында кызматташуу максатында Шанхай кызматташтык уюмун түзүшкөн. Бул уюм учурда эл аралык аренада олуттуу салмакка ээ болуп баратканы белгилүү. Анын мындай салмакка ээ болуусуна, ошого жараша жаңы мамлекеттердин мүчө болууга умтулуусуна Орусия жана Кытайдын эл аралык аренадагы салмагы себепкер экени белгилүү. Бул эки ири мамлекет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү жана Батыштын таасирлүү мамлекеттерине каш кайрыганга дараметтүү.

Ташкендеги ШКУ саммити
Ташкендеги ШКУ саммити

Курамына Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирген уюмга Иран, Пакистан жана Индия сыяктуу аймактагы ири мамлекеттер мүчө болууга умтулууда. Орус президенти Владимир Путиндин 24-июндагы билдирүүсүнө караганда, Индия жана Пакистандын толук кандуу мүчө болушу 2017-жылы Казакстандагы саммитте чечилиши күтүлөт. Орус тарап ошондой эле Иранды да кабыл алууга эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.

Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу ШКУ үчүн жеңил болбой жатканы белгилүү. Анткени аны менен Шанхай кызматташтык уюму баштапкы форматын, чечимдерди кабыл алуунун жол-жобосун, өз ишинин маани-мазмунун өзгөртүшү керек болот. Мына ошонун айынан жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу создугуп келгени да маалым.

Азыркы иштеп турган форматта Кытай өзүнө жагымдуу шарт түздү. Белгилүү болгондой, Кытайдын демилгеси жана башка өлкөлөрдүн колдоосу менен ШКУнун күн тартибине экстремизм, жикчилдик жана терроризмге каршы күрөш коюлган. Кытай өзү айткан бул “үч жамандыкка” каршы күрөштү Тибет, уйгур жана Тайвань проблемаларын чечүүдө колдонуп келди. Мына ошонун негизинде уйгур активисттери тилдеш, диндеш Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан эч кандай колдоо тапкан жок.

Ташкен саммитинин Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниси президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга барышы жана президент Ислам Каримов менен жолугушуусу болуп калды. Белгилүү болгондой, эки өлкөнүн мамилеси өтө эле окчундап, байланыш дээрлик болбой калган. Жаз айларындагы чек ара окуясы эки өлкөнү куралдуу чатактын чегине алып келген. Президенттердин жолугушуусу менен байланыш каналы калыбына келип, чатак, жаңжалдын булагы болуп келген чек ара маселесин чечүүдө жылыш пайда болот деген үмүт бар.

Президенттик аппарат Ташкендеги жолугушуулар жемиштүү өткөнүн жарыялады. Анын ичинен өзбек президенти Ислам Каримов менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу эки өлкө ортосундагы саясий диалогду жанданышы катары бааланды.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков кыргыз жана өзбек президенттеринин жолугушуусун жемиштүү өттү деп баалап, “эки тарап ортосундагы саясий диалог өз жолуна түштү”,- деп билдирди:

- Эки президент мындан ары эки тараптуу мамилелерди дагы күчөтөлү деп так сүйлөшүп алды. Экономикалык алакаларды жакшыртуу боюнча сүйлөшүү өттү. Экинчиден, саясий карым-катнашты бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү. Эки өлкөнүн премьер-министрлерине алдыдагы күндөрү сүйлөшүп, жолугушуу боюнча тапшырма берилди. Жолугушууда чек ара маселелери боюнча да сөз жүрдү. Алар бул жаатта көп жылдан бери сүйлөшүү жүрүп келгенин, бул бир эле күндө мүмкүн эместигин, бирок бул токтобошу керектигин түшүнүү менен билдиришти.

Маалым болгондой, Ташкен саммитинде президент Атамбаев Кытай демилгелеген ШКУнун Өнүктүрүү банкынын баш кеңсесин Бишкекке жайгаштырууну сунуштады:

- ШКУнун долбоорлорун финансылык жактан камсыздоо маанилүү экенине көңүл бургум келет. Бул үчүн ШКУнун Өнүктүрүү фондун жана Өнүктүрүү банкын тезирээк түзүшүбүз керек. Бул финансылык структуралар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө күчтүү таасир этмек. Кыргызстан үчүн ШКУнун Өнүктүрүү банкынын баш кеңсесин Бишкекте жайгаштыруунун принципиалдуу мааниси бар.

Алмазбек Атамбаев сөзүндө ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Кытай лидеринин демилгесин кубаттаган.

Британия Евробиримдикти бүлгүнгө салды

Шанхай кызматташтык уюму өз саммитин баштаган күнү Улуу Британия Европа Биримдигинен чыгуу боюнча референдум өткөрдү. Анын жыйынтыгы Биримдиктин пайдасына чечилген жок. Британдардын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш беришти. Брекситке, же болбосо, шериктештердин катарынан чыгуу идеясына Евробиримдиктин дээрлик бардык жетекчилери каршы болуп келишкен.

Референдумдун демилгечиси, Европа Биримдигинде калуунун кубаттоочусу болгон премьер-министр Дэвид Кэмерон үчүн да референдумдун жыйынтыгы кейиштүү болду. Ал кызматынан кетерин жарыялады:

- Британия өзүнүн жолун тандоодо так чечим кабыл алды. Менин оюмча, өлкөнү мына ушул багытта алып барууга жаңы жетекчи керек. Мен өкмөт башчы катары жакынкы жумаларда жана айларда кырдаалды турукташтыруу үчүн баарын жасайм. Бирок жаңы пункт боюнча капитан болушум туура деп ойлобоймун. Биз октябрь айында боло турган Консервативдик партиянын конференциясына карай жаңы премьер-министрге ээ болууга аракет кылышыбыз керек.

Британия калкынын көпчүлүгүнүн Европа Биримдигинен чыгууга добуш берүүсүнүн себеби катары евробюрократия, Чыгыш Европадан Англияга мигранттардын агылышы жана Улуу Британиянын эгемендүүлүгүн сактоо себеп болгону айтылууда.

Европа Биримдигинин жетекчилери Британия референдумунун жыйынтыгын урматташарын билдирип, Лондонду ажырашуу жараянын тездетүүгө чакырды. Европа Биримдигинин жетекчилеринин бири Жан-Клод Юнкер:

- Улуу Британия өкмөтү британ калкынын чечимин турмушка мүмкүн болушунча ылдам ашырат деп жатабыз. Ал канчалык ооруксундуруучу болбосун ылдам жасалыш керек. Ар кандай кармалуулар белгисиздикти узартат.

Европа Биримдигине 28 мамлекет мүчө болуп келген. Эми анын саны бирөөгө кемийт. Кемигенде да экономика жана саясий салмагы жагынан эң таасирдүү мүчөсүнөн ажырайт. Белгилүү болгондой, Улуу Британиянын экономикасы Франция менен бирдей. Бул эки мамлекет Германиядан кийинки, экинчи орунду алмак-салмак ээлеп келген.

Биримдикте өзгөчө орчун чечимдерди кабыл алууда буга чейин эле Германия жана Франциянын өтө таасирдүүлүгү айтылып келсе, Британиянын чыгышы менен бул өлкөлөрдүн салмагы да, таасир да күчөйт. Бирок да Британия чечими жалпы Европа Биримдигиндеги евроскептиктердин катарын калыңдатып, Европа Биримдиги ыдыроого барат деген чочулоолор дагы жок эмес. Ыдыроо бир эле Европа Биримдигине эмес Британиянын өзүнө да келиши ыктымал. Белгилүү болгондой, Улуу Британиянын курамындагы Шотландия калкынын көпчүлүгү Европа Биримдигинде калууга добуш берди. Шотландия 2014-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүп, анда Британия курамында калууну жактагандар минималдык артыкчылык менен жеңишке жетип, өлкө биримдиги сакталып калган. Эми Шотландия Улуу Британия курамынан чыгып, Европа Биримдиги менен бир болуу максатында референдум өткөрөрү кабарланууда. Шотландиянын премьер-министри Никола Стержен айым андай референдум өткөрүүгө даярдык жакында башталарын билдирди.

Британия референдумунун экономикалык таасири да учурда талкууланууда. Кыска мөөнөттө ал экономикага терс таасирин тийгизди. Маселен, Англия акчасы фунт-стерлингдин куну кетти. Дүйнөлүк базарларда баалуу кагаздар арзандады. Мунайга баа түшүп, кризис мезгилине таандык көрүнүш болгон доллар жана алтын кымбаттады.

Ал эми узак мөөнөттө Улуу Британиянын чечими экономикага кандай таасир этерин айтуу кыйын болуп турат. Бир тарабы атаандаштык күчөгөн шартта Британия чыйралып, өнүгүүгө жол алат десе, башкалар Европа Биримдиги сыяктуу ири базардан бөлүнүп чыгуу пайда алып келбейт деп белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG