Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Орусия Иранды ШКУдан көргүсү келет


Ирандын президенти Хасан Роухани менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Ирандын президенти Хасан Роухани менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

23-24-июнда Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Анда уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу тууралуу сөз болду.

Аймактагы чектеш мамлекеттер мындан 15 жыл илгери чек арада өз ара ишенимди күчөтүү, коопсуздук багытында кызматташуу максатында Шанхай кызматташтык уюмун түзүшкөн.

Курамына Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирген уюмга Иран, Пакистан жана Индия сыяктуу аймактагы ири мамлекеттер мүчө болууга умтулууда. Орус президенти Владимир Путиндин 24-июндагы билдирүүсүнө караганда, Индия жана Пакистандын толук кандуу мүчө болушу 2017-жылы Казакстандагы саммитте чечилиши күтүлөт. Орус тарап ошондой эле Иранды да кабыл алууга эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирген.

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна 2005-жылдан бери байкоочу макамына ээ болуп келген. 2008-жылы ал уюмга толук укуктуу мүчө болгусу келгенин жарыялап, ошондон бери ШКУнун эшигин кагып келет. Ал жылы БУУнун санкцияларынан улам мүчө болууга бөгөт коюлган эле. 2015-жылы ал санкциялар алынгандан кийин Ирандын уюмга мүчөлүгүн Орусия колдоп чыккан. Бирок ал башка мүчөлөр тарабынан колдоо тапкан эмес.

Кытайда негизделген бул азиялык-коопсуздук блок Борбордук жана Түштүк Азияда Москва менен Бээжиндин таасирин күчтөнтүү платформасы катары кызмат кылып келген. Ошентсе да Кытай Орусиядан айырмаланып, Шанхай кызматташтык уюмунун Батышка каршы блок катары мүнөздөлүшүн каалабайт. Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И "оболу Индия менен Пакистандын мүчөлүгү тууралуу чечимдерди кабыл алып, андан соң гана Иран тууралуу сөз кылса туура болот" деген оюн айтты.

- Бул маселеде Орусиянын позициясы түшүнүктүү. Ал Ирандын тез арада ШКУга мүчө болуусун каалайт, - дейт Орусиянын уюмдагы өкүлү Бахтияр Хакимов.

“Негизи Ирандын мүчөлүгүнө каршы чыккандар болгон жок. Бирок майда-барат техникалык жагдайлардан улам анын талапкерлиги четтетилип калды” деп кошумчалады Хакимов.

Иран: экономика жана коопсуздук

Евробиримдиктин ички базарлар боюнча өкүлү Елизавета Биновскаянын пикиринде, БУУнун жана Батыштын санкцияларынан кыйла жапа чеккен Иранга дүйнөлүк экономикага кайтып келүү оңойго турбайт.

- Иран он жылдан ашык дүйнөлүк экономикадан изоляцияда калган. Ирандын банктарынын эл аралык каржы системасы менен болгон байланыштары да ошол жылдары үзүлгөн. Ошондуктан Ирандын дүйнөлүк экономикага реинтеграцияланышы бир күндө боло турган иш эмес. Бирок мен ал жараяндын ийгиликтүү аякташына ишенем.

Биновская Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу Иран менен Евробиримдиктин мамилелерине да өз кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.

- Биз азыр кырдаалга ачыктыкты алып келүү максатында АКШ менен консультацияларыбызды улантууга аракет кылабыз. Биз ошондой эле Ирандын банк жана каржы системасына да колдоо көрсөткөнгө даярбыз.

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуусу менен келечекте өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт. Ал ШКУ аркылуу Борбор Азия мамлекеттери менен да алаканы жакшыртууга умтулуп келет.

XS
SM
MD
LG