Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Онлайн миллионерлер


Көпчүлүк социалдык тармактарды сүрөт жүктөп, баарлашып, ар кандай видео көрүп көңүл ачуу үчүн колдонушат. Ар бир басылган лайк, көрүлгөн видеолор айрымдардын капчыгына тыйын алып келет.

Инстаграмда популярдуу болуп жаткан вайнерлер кимдер? YouTube аркылуу кантип каражат тапса болот? Үйдө отуруп Европага товар сатуу мүмкүнбү? "Азаттык+" Кыргызстандагы интернет бизнеси жөнүндө айтып берет.

Инстаграм социалдык тармагына бүгүнкү күндө 500 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Тармакта миллиондогон акчалар айланат. Instagram тармагын колдонгон кыргызстандыктар моделдер менен атамекендик ырчылардын баракчаларына арбын катталышат. Мындан улам алар жарнамалык маалымат же компаниянын товарын тааныштыруу үчүн белгилүү өлчөмдө акча же кийим-кече, тамак-ашты акысыз алышат.

Казакстан интернет соодасынан салык алат

Казакстан интернет соодасынан салык алат

Казакстанда дал ушундай жол менен соода кылган ишкерлер каттоого туруп, мамлекетке салык төлөөгө милдеттендирилди.

Вайн — социалдык тармакка жайгаштырылуучу кыска тасма. Анда жашоодон алынган окуялар чагылдырылат. Тасмалар айрым ишканалардын жашыруун жарнамасын камтып, бул жол менен каражат тапкандар да аз эмес.

Кыргызстанда тажрыйбалуу вайнерлер саналуу гана. Алардын бири Элдана Сатыбалдиева вайнерликти жаңы деңгээлге чыгарып, үч жыл ичинде жарым миллион окурман топтогон. Сатыбалдиева тармакка күлкүлүү сүрөт менен видеолорду жүктөп турат.

Намба же кыргыз ютубу деп аталган интернет сайттан башталган онлайн бизнес бүгүн The Farm деп аталган инвестициялык ири компания алдында бир нече тармак боюнча ийгиликтүү иш жүргүзүүдө.

Аталган компания бардык тармакты өзүнө камтыйт. Маселен, сиз каалаган кафе-ресторандан тамак-аш заказ бере аласыз, товар, дүйнөлүк бренддеги кийим-кече, такси, эс алуу турлары сыяктуу онго жакын интернет кызматтарын сунушташат.

Заманбап келиндер

Заманбап келиндер

Казакстанда “келин” деп аталган атайын социалдык тармак бар. Аны казакстандык Дидара Пернебаева аттуу студент жаш келиндердин маселесин чечүүгө жардам болсун деген ниетте ойлоп тапканын айтат. Тиркемеге катталган миңдеген келиндер өз кеңештери, тамак-аш сырлары, ар кандай турмуштук пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт.

Интернет жеткен кай жер болбосун дүйнөнүн бардык бурчунан товар сатып алсаңыз болот. Бул ишти адеп баштагандардын байманасы артып, өз алдынча интернет соода түйүндөрүн түзүп жатышат.

Чындыгында баштапкы каражатты талап кылбастан, талап кылса да азыраак акча менен бизнес баштап, андан киреше табууга алып келүүчү жолдордун бири – интернет сервиси.

2009-жылдан тарта Google YouTube жарнама менен акча табууну, ал эми андагы көрүүчүнү көп чогулта алган Ютуб каналдарынын ээсине акча төлөп берүү системасын, технология тили менен айтканда монетизацияны баштаган.

Азырынча Ютубдан каражат табуу Кыргызстанда анча өнүгө элек. Бирок аракет кылып жаткандар жок эмес.

Онлайн миллионерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:43 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG