Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Интернет элетти чырмады (аудио)


Иллюстрация
Иллюстрация

Ааламды курчаган интернет кызматынан пайдалангандардын саны Кыргызстанда 5 миллионго чамалап барды.

Төлөм акылардын кымбатташы деле интернеттен кол үзүүгө себеп боло албасы айтпаса деле түшүнүктүү. Жер-жерлердеги кабарчыларыбыз интернетке байланган жашоонун айрым өңүттөрүнө көз салды.

Нарын

“Сарала тай жоголду”, "Бүгүн кечки саат сегизде Кадыракундун үйүнө келин көргөнү келгиле”, “Эртең айылда суу токтойт” ж.б. бул өңдүү маалыматтар эки миңге жетпеген калкы бар Нарын районундагы Учкун айылынын тургундарынын чөнтөк телефондоруна “Твиттер учкун медиа” аккаунту аркылуу күнүгө беш-алты маал келип турат.

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алыскы Алайкуу жергесинде телефондон Твиттерге катталып, смс аркылуу маалымат алуу жайыла баштады. Сыналгы, гезит жетпеген элеттиктер үчүн кадимки эле социалдык түйүн эң ыңгайлуу маалымат булагына айланды. Бул саамалык көбүнчө айылдардагы саясатчы аксакалдар арасында популярдуу болууда.

Баткен

Баткенде башка күндөлүк тиричиликти айтпаганда да, жергиликтүүлөр алыста иштеп, окуп жүргөн жакындары менен интернет аркылуу гана кабарлашат. Карылар пенсиясынан атайын мобилдик интернетке деп акча ажыратып калган учуру.

Талас

Кыргызстанда интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү сексен пайызга жакын болгону менен аймактардагы билим берүү мекемелери менен мектептерге интернет толук туташтырыла элек. Бул өксүктү жоюу максатында Билим берүү министрлиги интернет менен жабдуучу операторлор арасында тендер жарыялады. Бирок Таласта 112 мектептин 30унда гана интернет бар.

Ош

Түндүк-түштүк оптикалык волокно магистралы тартылгандан кийин Ошто интернет пайдалануучулардын саны көбөйдү. Аймакта эң чоң провайдер саналган “Кыргызтелекомдун” эле абоненттери бир жыл ичинде үч миңге көбөйдү. Бирок интернет колдонуучулар бул системада убада кылынган ылдамдыкты албай жатканына нааразы.

Дүйнө

Жер жүзүндө интернетте айланган жалпы капиталдын суммасы 8 триллион долларга жеткенин Мак Кензи глобалдык изилдөө институту маалымдады. Мындай киреше негизинен онлайн режимде бири-бири менен сүйлөшкөндөр эсебинен түшүүдө. Азыр аналогдук телефондор унутта калып бара жаткандай эле уюлдук байланыш менен сүйлөшкөндөр саны да кескин азаюуда. Интернеттин жашоого батыл кириши уюлдук операторлорду алдан кетиреби?

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG