Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Депутат иш учурунда интернетке киргендерди сындады


Иллюстрация
Иллюстрация

Депутат Дастан Бекешов мамлекеттик кызматкерлердин иш убактысында социалдык түйүндөрдө отуруусуна тыюу салууну өкмөткө сунуштады.

Бул маселе эл өкүлү Гүлшат Асылбаеванын аз маянага таң калганы талкууга түшкөнүнө жана ага Экономика министрлигинин кызматкери пикир калтырганына байланыштуу козголду.

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 4-октябрдагы отурумунда КСДП фракциясынын өкүлү, депутат Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлерге жумуш убактысы учурунда социалдык тармактарда отуруп, комментарий жазууга тыюу салууну вице-премьер-министр Олег Панкратовго сунуштады. Ал кызматкерлер алагды болбой иштеши керектигин айтууда:

- Бизде социалдык тармактарга кирип алып, комментарий бергендер болуп атпайбы. "Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө" мыйзамда алар жетекчилиги жана өздөрү иштеген мекеменин иши боюнча комментарий бере албасы жазылган. Бул этикага ылайык келбейт. Дагы бир жагдай, мисалы, сиз Мамлекеттик каттоо кызматына ишиңиз түшүп, паспорт алуу үчүн бардыңыз дейли. Ал жерде иштеген адам жыргап Одноклассникиде отурганы туура эмес да. Бирок салык төлөө үчүн барган учурда мекеменин адиси компьютерде карта ойноп же социалдык тармактарда отурган учурлары кезигип калып жатпайбы. Мындайга жол берилбеши керек.

Дастан Бекешев ушул себептүү кызматкерлерди көзөмөлдөөнү өкмөткө сунуштап, маселени карап коюуну өтүнгөнүн кошумчалады. Ал тапта жарандык активисттер мамлекеттик кызматкерлер деле башка жарандар сыяктуу социалдык түйүндөргө кирүүгө укуктуу деген жооп кайтарышты.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун төрагасы Адил Турдукулов өлкө мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкер соцтармактарга кирсе болот жана бул эрежеге каршы келбейт деген оюн “Азаттык” радиосуна бөлүштү:

- Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаты катары эсептелбейт. Ошого байланыштуу Кыргызстан жараны, аткаминер болобу, карапайым жашоочу болобу өз көз карашын жазганга акысы бар. Эгерде ал мамлекеттик кызматка дал келбеген пикирлерди калтырып, төңкөрүшкө чакырса, анда чаралар көрүлүшү мүмкүн. Элдин көйгөйлүү маселелерин чагылдырып, коомчулукка ачык болуп аткан болсо, анда ага чектөө коюлбоого тийиш.

Кыргызстанда бир катар министрликтер, мекеме-ишканалардын социалдык тармактарда аккаунттары бар. Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин басма сөз кызматтары коомго ачык, интернетти ыкчам маалымат жеткирүүдө колдонушат.

Соцтармактар саясатчылардын куралы

Ал эми саясатчылар үчүн социалдык түйүндөр соңку кезде коомдун көңүлүн өзүнө бурууга багытталган куралга айлана баштаганын байкоого болот. Кызматта отурганда элдин колдоосуна анчалык деле муктаж болбогондой сезилген жана журналисттерге “кол жеткис” саналган айрым саясатчылар “ээрден шыпырылганда” интернетке күнү түшкөндөй.

Жаманкулов: социалдык тармактарды колдонуу ыңгайлуу
Жаманкулов: социалдык тармактарды колдонуу ыңгайлуу

​Парламент депутаттарынын дээрлик баарын Фейсбуктан табууга болот. Башка ат менен жүргөндөрү да кезигет. Алар эл өкүлү деген макамды бекем пайдаланып, Фейсбук, Твиттер, Вотсапты кенен-чонон колдонушат. Арасында “тарс этмелери” үчүн коомчулукта кызуу талкууга түшкөндөрү да арбын.

Парламент депутаты Жылдыз Мусабекованын "Фейсбуктагы" пикири.
Парламент депутаты Жылдыз Мусабекованын "Фейсбуктагы" пикири.

Ал эми азыр иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин арасынан өкмөт алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Михаил Халитовдун Фейсбуктагы жазгандары да көп талкууланып жүрөт. Ал өз баракчасына Орусияны жана Владимир Путиндин саясатын жактап, Батыш өлкөлөрүнүн дарегине жагымсыз билдирүүлөрдү калтырып келет.

Макала даярдалып жатканда аткаминерлердин арасынан Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун Фейсбукта отурганын көрүп байланыштык. Ал жумуш боюнча социалдык тармактарды колдонуу ыңгайлуу экенин билдирди:

- Мурун социалдык тармактарга чейин мамлекеттик кызматкерлердин калктын алдында отчет берүү боюнча башка ыкмалары бар эле. Азыр социалдык тармактарда колдонуучулардын активдүүлүгү күчөгөндүктөн, ошол жакта маалымат берүү оңтойлуу болуп калды. Экинчиден, коомчулук менен байланышуу оңой. Интернет аркылуу мага айрым жарандарыбыз жакшы ойлорду сунуштайт. Кээде катачылыктар тууралуу сындарды жазып турушат.

Михаил Халитовдун билдирүүлөрүнүн бири.
Михаил Халитовдун билдирүүлөрүнүн бири.

​Мамлекеттик кызматкерлердин иш маалында интернетке киришине тыюу салуу сунушу өткөн аптада “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаеванын маяна тууралуу сөзүнө Экономика министрлигинин өкүлү комментарий жазып койгондон кийин көтөрүлдү.

Депутат айымдын тармактык комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине таң калганы коомчулукта түркүн талкуу жараткан. Эл өкүлү кийинчерээк жогорудагы айтканы үчүн кечирим сурап, сөзү бурмаланганын билдирген. Ал Улуттук статистика комитетинин Кыргызстанда маяна 9 миңден кем эмес деген маалыматы менен макул эместигин айткысы келгенин, буга тактабай туруп комментарий жазган мамлекеттик кызматкердин ишбилгилиги күмөн жаратарын айтып чыкты.

Буга чейин мекеменин Макроэкономикалык эсептөө бөлүмүнүн өкүлү депутаттар маселенин маңызын түшүнбөй турганын, Асылбаева жаңылып калганын жазган эле.

Экономика министри Арзыбек Кожошев бул кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселени комиссияга саларын белгилесе, өкмөт мамлекеттик кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгерде алар иш убактысында социалдык тармактарды жумушка байланыштуу эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн колдонсо, ага тыюу салмай болду.

XS
SM
MD
LG