Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Мигранттар: камакка жеткирген кенебестик


Орусия.
Орусия.

Орусияда документ боюнча аты-жөнү такталбаган кыргызстандыктар эки жылга чейин камакта жаткан учурлар кездешет. Аларды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн кыргыз өкмөтүнөн алардын тек-жайын ырастаган расмий күбөлүк талап кылынат.

Тек-жайы аныкталбаган чет элдик жарандарды убактылуу камоочу жай Москва облусунун четиндеги Сахарово кыштагында жайгашкан. Ошондой эле башка шаарларда андай жайлар Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндөгү борборлордо ачылган.

Адатта мындай жайларга туш болгондор - документи жок адамдар, башкача айтканда паспортун жоготуп алгандар же чоочун документтер менен иштеп жүрүп кармалгандар. 23 жаштагы Уландын мындай жайда отурганына үч айдан ашкан. ​

- Документтеримди жоготуп алгам. Анан башка бирөөнүн паспорту менен жаңы эле кафеге ишке киргем. Кичине акча топтоп алып, Кыргызстанга барып паспорт алайын дегем. Болбой калды. Полицияга түшүп калып, өздүгүм жөнүндө маалымат чыкпай калды. Бул жакта отурганыма 86 күн болду. Байкем бар Москвада, авиабилет алып берели деп жатышат. Бирок, менин түшүнгөнүмчө, "Кыргызстандын жараны” деген маалыматтар такталып келиши керек экен. Ошону эле күтүп отурам.

Сахароводогу борбордо жүздөн ашуун кыргызстандык бар. Алардын көбү Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөндөр. Коомдук ишмер Гулбара Камчыбекова кыргыз жамаатынын өкүлдөрү менен ал жайга барып, өз көзү менен көрүп келгендерди баяндады:​

- Барганда ар бири менен жолугуп сүйлөшкөнгө убакыт болду. Ал жерде кыз-келиндер, жашы улгайган байкелер, жаш балдар бар экен. Көбү чоочун бирөөнүн паспорту менен иштеп кармалгандар, калганы жашаган жери боюнча каттоосу жок же каттоосунун мөөнөтү бүтүп калгандар. Айрымдарынын тек-жайы такталбай жатса, кээ бирөөлөр сот чечимин күтүп жатыптыр. Бул жерден белгилей кетсек, элчилик жактан жакшы жардам берилүүдө. Биз өзүбүз бирөөнүн паспорту менен бейкапар жүрөбүз да, анан ушундай жагдайга кабылып жатабыз.

- Документтеримди жоготуп алгам. Анан бирөөнүн паспорту менен жаңы эле кафеге ишке киргем. Кичине акча топтоп алып, Кыргызстанга барып паспорт алайын дегем. Болбой калды. Полицияга түшүп калып, өздүгүм жөнүндө маалымат чыкпай калды.

Якутиядагы кыргыз жамаатынын жетекчиси Жазбек Бекболиев Кыргызстандын өкмөтү чет жакта аты-жөнү расмий такталбай жаткан жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча күбөлүктү жасоонун мөөнөтүн кыскартуу керектигин белгилейт:​

- Орусияда убактылуу камоочу жайлардагы жарандар узак мөөнөт камалып жатышат. Албетте, мындай жайлар түрмө эмес. Ал жак таза, тамак-аш берилет. Бирок, бөлмөлөр кичинекей, аларды сейилдөөгө алып чыгышпайт. Үч айдан узакка камалган мигранттар кыйналып жатышат. Документтери элчилик жана консулдуктар аркылуу такталганча көп убакыт өтүп кетип жатат. Региондон жөнөтсөң андан да узак. Кыргызстанга кайтуу боюнча күбөлүктү же орусча айтканда “свидетельство на возвращение на родину” деген документти Беларус 5 күндө, Армения 14 күндө, Тажикстан 28 күндө жасайт экен. Бизде болсо мындай документ бир айдан ашык убакытта келип жатат.

Москвадагы элчиликтин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Орусиядагы кыргызстандыктарга консулдуктан Кыргызстанга кайтуу боюнча 800дөн ашуун күбөлүк берилген. Алардын 200дөн ашуунун Орусиядагы убактылуу камоочу жайлардагы мигранттар алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG