Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Мигранттар: ортомчулардын "бизнеси"


Орусиядагы мигранттар. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Орусиядагы мигранттар. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Өткөн жумада Москвада мамлекеттик «Почта России» мекемесинде иштеген кыргызстандык мигранттардын тобу иш шарттарына, айлык акыларынын убагында берилбегенине арызданып иш таштаган. Андан кийин «бул мекемеде 170 кыргызстандык кулчулукта» деген маалымат интернет айдыңында таркап, коомчулукту дүрбөлөңгө салган.

«Почта России» ишканасы өкмөткө тиешелүү болгону менен жумушчуларды ортодо аутсоринг компаниялар аркылуу иштетет. Ал жакта эмгектенген айрым кыргызстандык мигранттар жумуш шарты жана эмгек укуктары сакталбай жатканына нааразы.

Бегимай Ажыкова «Почта России» мекемесинин Москвадагы бөлүмүндө 80ге жакын мекендештер менен бирге иштеген. Ал айлык акысын өз убагында албаганы үчүн өткөн жумада иштен чыгып кеткен.

- Алты айдан ашуун иштедим. Кү​нү​нө​ 12 сааттык иш, маянасы 24-25 миң рубл. Москвага келгенде жашай турган жерим жок болчу. Бул ишке ошол жатаканасы бар дегени ү​ч​ү​н келгем. Айлык албай калганда элчиликке кайрылганбыз. Ошондон кийин «эмнеге кайрыласыңар?» деп бизди коркуткандар болду.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Жарандык активист Жума Маматкалык уулу мигранттар жардам сурап кайрылганынан улам мекемеге барган. Ал жакта кездешкен кыргызстандыктар «ортомчуларга алданып, бул жакта кулчулукка түшүп калдык» деп билдиришкенин айтууда:

- «Бир баланын колу сыныптыр, жардам керек экен» дегенде барганбыз. Ал жактан жыйырма чакты кыз-келин чыгып арызданышты. Жети кыз, ү​ч баланы алып чыгып кеттик. Колу сынган баланы Москвада ооруканага жаткырдык. Башкаларды батирге жайгаштырып, азыр жумуш таап берип жатабыз. Булардын кө​бү​н Нургазы деген айдоочу Бишкектеги Ош базарынан жарыя аркылуу таап, алып келиптир. Бул жактан иш берүүчүлөр паспортун алып койгон учурлар болуптур.

Жумакадыр Аманбаев жумуш маалында өндүрүштүк жараат алып, колу үч жеринен сынган. Кырсык болгондо жумуш берүүчүлөр жоопкерчиликтен качып, аны Кыргызстанга кетирүүгө ашыкканын айтты:

- 12-май болчу, тү​нк​ү​ нөө​мөттө​ иштегем. Таңга маал жүк таңгактоочу аппаратка колум кирип кетти. Тез жардам чакырсак, иш берү​ү​чү​лө​р «биз башка ооруканага алып барабыз» деп аларды кетирип жиберишти. Мени бир жерге алып барып колума гипс таңышты да "Кыргызстанга жөнө" дешти.

Москвадагы Кыргызстандын ИИМинин өкү​лү​ Аскат Алиев, элчилик жана миграция кызматкерлери «Почта России» мекемесинде иштеген жарандар менен жолугушуу өткөнүн билдирди.

Мигранттар менен жолугуу
Мигранттар менен жолугуу

Алиевдин айтымында, буга чейин интернетке таркаган «170 кыргызстандык кулчулукта» деген маалымат аныкталган эмес:

- Мартта бир жарандын арызы боюнча «Почта России» мекемесине келип кеткенбиз, анда эч кандай факт аныкталган эмес. Эми бү​г​ү​н дагы ү​ч кызматтын ө​кү​лдө​рү​ менен келип, жумушчулардын жатаканасына чейин кирип сү​йлө​штү​к. Эч кимдин эч кимге дооматы жок экен. Үч маал тамагы, жатаканасы менен айына 24-25 миң рубль айлык алышарын айтышты. Колдорунда эмгек келишимдери бар, жашаган жатаканасына каттоого турушат экен. Бул жакка жумушка Кыргызстандан ө​з​ү​бү​здү​н эле кыргыз жарандар алып келишет экен. Ал ү​ч​ү​н жол чыгымына 5 миң рубл, бир жылдык каттоо ү​ч​ү​н ​4,5 миң рубл алышат экен. Жарандарыбыз менен с​ү​йлө​шкө​ндө ​бир эле нерсеге арызданышты. Ар үч саат сайын эс алууга 15 мүнө​т гана беришет экен. Ал эми уруп-согуу, коркутуу жана укук бузуу өңдүү фактылары жок дешти.

Миграция кызматынын өкү​лчү​лү​гү​нү​н кызматкери Доорбек Абдразаков «Почта России» жана жумушка алган ортомчу «Техпромресурс» ишканасынын жетекчилиги менен жарандардан тү​шкөн маалыматтарды тактоо иши жү​рү​п жатканын кошумчалады.

- Кулчулукка мажбурлап паспортторун алып койгон учурлар жок экен. Колу сынган баланын, анын агасынын айлыгын, үйүнө кеткенге билетин, компенсациясын, ортомчу «Техпромресурс» ишканасынын жетекчилиги менен алып берип жатабыз. Бул жерге киши керек экенин билгендер ортомчу агентстволорго жумушчуларды Кыргызстандан алып келишет экен. Алар жол чыгымдарына 3 миңдин ордуна 5 миңден алышарын айтышты. Бул ортодо акча пайда көргөндөр тууралуу биз маалымат топтоп, Кыргызстандагы тийиштүү органдарга жөнөтөбүз.

Ал эми бул жерде кыргызстандыктарды Москвага жумушка алдоо жолу менен алып келип жаткан агенттиктер аныкталса, анда алардын лицензиясын алып салганга аракет кылабыз. Мыйзам чегинде иш алып барабыз. Көзөмөл бар.

Орусияда эмгек мигранттары ири ишканаларга аутсорсинг компания же агенттиктер аркылуу гана ишке алынат. Ортодо мигранттар эсебинен киреше тапкан мындай агенттиктер жумушчуларга эч кандай эмгек укуктарын жана эмгек шарттарын кепилдик кылбайт. Жыл башында дагы Кыргызстандан ортомчу агенттиктер аркылуу Москвадагы LG Electronic компаниясына ишке алынгандар эмгек шарттары жана укуктары сакталбай жатканына нааразылык билдирип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG