Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Орусия: кыргыз мигранттарына кысым күчөдүбү?


Москвадагы миграциялык долбоорлор менен иш алып барган “Утро мира” укук коргоо уюму Орусияда кыргызстандык мигранттар күч органдарынын кысымына кабылып жатканын билдирип чыкты.

Бирок Кыргызстандын Москвадагы элчилиги мындай маалыматты четке кагып, Орусияда бардык мигранттарга пландуу текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин борборазиялык мигранттарга көзөмөл күчөгөнү айтылган.

Өзбекстандык укук коргоочу, Москвадагы “Утро мира” уюмунун жетекчиси Валентина Чупик Фейсбуктагы баракчасына полиция кыргызстандык мигранттарды жапырт текшерип, мыйзамсыз камап жатканын жазган. Анын маалыматына ылайык, 19-апрелде Москвада Калыбек Абдылда уулу, Бактыбек Адылбеков, Зайнабидин Арапов, Комрон Давлетов, Сыргакбек Досумканов, Сирожидин Зайнидинов жана Давронбек Эргашов аттуу кыргыз жарандары "бейбаштык" беренеси менен он күн камалып чыккандан кийин күч кызматкерлери тарабынан кайрадан кармалган.

Валентина Чупик мигранттарды кармоолор уланып жатканын, жогоруда камалган кыргызстандыктар эч кандай мыйзам бузбаганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына берген маегинде айтты:

- Мен жазган фактыдан башка дагы бар. Мындай кармоолор дагы да болуп жатканын билдирип жатышат. Кармалган мигранттардан кыргыздарды тандап, тыкыр текшерип, камап салгандары да бар. Булардын арасында өзбек, тажик улутундагылар бар. Бирок баары Кыргызстандын жарандары. Полиция кармалгандарга кааласак кылмыш ишин табабыз деп коркутушат экен. Алар бул жарандарды экстремизмге байланыштырууга аракет кылышат. Кармалгандардын айрымдары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болду. Алардын экөө Орусияды терроризмге шектелип кармалган жаран менен бир жарым ай мурда батирде бирге турушкан экен. Бирок аны менен сүйлөшкөн эмес. Бул кадимки батирде топ-тобу менен жашагандар болчу да.

Укук коргоочу мындай кырдаалда өз жарандарын коргобой жатат деп Орусиядагы кыргыз элчилигинин дарегине сын айтууда.

Ал эми Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова мигранттар жапырт кармоого дуушар болуп жатат деген маалыматты четке какты. Орусияда укук коргоо органдары пландуу текшерүүлөрдү өткөрүп жатканын белгилеген элчиликтин өкүлү укук коргоочу жогоруда атаган жарандар миграциялык мыйзам бузган дейт.

- Теракттардан кийин кыргыз мигранттарына, дегеле борборазиялыктарга текшерүүлөр күчөдү деп коомчулукта, социалдык тармактарда айтылып жаткан сөздөргө кошула албайм. Мындай рейддер, иш-чаралар укук коргоо органдары тарабынан дайыма эле болуп келет. Ай сайын бардык мигранттарды текшерип турушат. Анан алардан мыйзам бузууларды табышат. Биз мигранттарга дайыма кайрылып, документтериңерди мыйзамдуу алып жүргүлө деп айтып келатабыз.

"Азаттык" радиосунун Орусиядагы кабарчысынын Вотсап номуруна атын атагысы келбеген мигрант кыз да кайрылуу жөнөтүп, эч себепсиз эле камалып чыкканын кабарлады:

- Орусиядан аялдамадан террорист деп бир баланы кармашпады беле. Ал биз менен батирде үч ай жашап кеткен. Ал жашап эле кеткен, аны кармагандан кийин ФСБ биздин батирди да басты. Баарыбызды кармап кетип, терроризмге тиешеси бар-жогубузду текшерди. Бирок бейбаштык боюнча соттошту, мага 1000 рубл айыппул салып чыгарды. Он бала, анын ичинде эки тажик бала бар эле. Алар 10 күнгө камалышкан. Бирок кечээ жазасын өтөп чыгып келатканда аларды кайра полиция кармап кетиптир. Эми аларга кайра сот болот экен. Документтери туура эмес деп айыпталып жатышат. Балдар эч күнөөсүз эле отурушат. Кимге кайрыларыбызды билбейбиз.

Мындай өз башынан өткөргөн окуясын айткан мигрант кыз менен укук коргоочунун маалыматы окшош чыгууда. Бирок кыз менен чогуу кармалган мигранттар тууралуу азырынча так маалымат жок.

Апрелдин башында Санкт-Петербургда 16 кишинин өмүрүн алган жардыруудан соң Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. Айрыкча кыргыз паспортун көтөрүп жүргөндөргө көзөмөл күчөгөнүн кыргыз мигранттары өздөрү социалдык сайттарга жазышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG