Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар


Орусияга ишке барган эмгек мигранттарынан жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынат. Евразиялык биримдиктин алкагында кыргызстандыктарга каттоого турууга 30 күндүк мөөнөт берилген. Каттоосу жок же катталуу дареги боюнча жашабаган мигранттарга 5 миң рубл айып пулдан тарта өлкөдөн чыгарууга чейин жаза каралган.

Кыргызстандык Кубатты полиция Москванын четиндеги Одинцово шаарчасында кармаган.

Шаарчага жакында эле ишке чыккан кыргызстандыкты полиция кызматкерлери "Москвадагы каттоо Одинцового жарабайт" деген айып менен кармаган. Полициянын иш-аракеттерин мигрант телефонундагы толугу менен жаздырып алган.

Сотто кыргызстандык мигрант эскертүү алып, айып пул менен бошотулган. Кубат өзү каттоону тааныштары аркылуу жасатканын айтып, полицияга батирден же иш маалынан кармалса, «абал башкача болмок эле» деди:

- Одинцово аскерий «жабык» шаарча экен, анда Москвадагы каттоо менен жүрүүгө болбойт экен. Анан мени көчөдөн кармап эле, каттоомо асылып, «бөлүмгө алып барабыз, депортация болосун» дей башташты. Мен телефонумдагы диктофонду жандырып койдум. Аны байкап калышты, унаанын ичинен кичине кол көтөрүүлөр болду. Бирок сот «мурун мыйзам бузбапсың» деп эскертүү берди, айып пул менен чыгарып жиберди. Москвадан канчадан бери иштеп жүрөм, бир дагы жолу каттоом боюнча жашаган эмесмин же жашаган жеримде каттоого турган эмесмин. Канат деген байке регистрация кылып берет. Элде мыйзамдуу түрдө кантип, каттоого туруу жана анын жолдору жөнүндө маалымат болбогондуктан, ушундай түшүнбөстүктөр болуп жатат.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Москвада айрым мекендештер эле орус жарандыгы менен жасалма мекемелерди ачып, кыргызстандыктарды юридикалык каттоого коюп келет. Мигранттардын колуна каттоосу бар деген кагаз берилгени менен иш жүзүндө фиктивдүү дарекке катталган мыйзамсыз мигрант бойдон кала берет.

Юрист Мирбек Токтошев мигранттар каттоо үчүн мындай күмөндүү мекемелерге кайрылгандыктан улам өздөрү биринчи кезекте жабыркап жатканын айтты:

- Азыркы маалда Орусияда, айрыкча Москвада биздин 70-80 пайыз жарандардын башкы көйгөйү каттоого байланыштуу. Жашабаган же иштебеген уюмдарга жасалма келишимдерди жасап, каттоого коюп бергендер болуп жатат. Бул мыйзамсыз, алар реалдуу түрдө ал жакта иштебейт, салык төлөшпөйт, текшере келгенде катталган дарек да, уюм да жок болуп чыгышы мүмкүн. Андан тышкары жумуш берүүчүлөр каттоого койбой, эмгек келишимин бербегендиктен, биздин жарандар көз каранды абалда калып жатышат. Азыр Орусиядан биздин мигранттарды чыгаруунун себеби дагы ушул каттоого байланыштуу.

Токтошевдин айтымында, Орусиянын мыйзамы боюнча батирлерин ижарага берген кожоюндар үйүндө жашаган жарандарды каттоого тургузуу үчүн жооптуу. Бирок батирде мигранттардын мыйзамсыз жашаганы аныкталганда батир ээлери эч кандай жоопкерчилик тартпай, мыйзам бир гана мигранттарга каршы иштеп келет.

Азыр Орусияда жашаган жери боюнча каттоого турбаган жарандарга жазаны оорлотуу демилгеси көтөрүлүүдө. "Единая Россия" партиясынан депутат Виталий Милонов жашаган жеринде каттоосу жок жарандарга 30 миң рублга чейин айып пул, ал эми жарандарды каттоого койбогон батир ээлерине 50 миң рубл айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканын билдирген.

Мыйзам долбоордо жарандарды каттоого алган юридикалык уюмдарга дагы өз убагында миграциялык кызматка жолдомо жөнөтпөгөндүгү үчүн 300 миң рублга чейин айып пул каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG