Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Орусия: мыйзамсыз миграция үчүн беш жыл


Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата кылмыш жазасы күчөтүлдү. Орус бийлиги мигранттар жашаган батирлерди жана миграциялык документтерди жасаган ортомчу ишканалардын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алууда.

Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштуруучулар - чет элдик жарандардын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө жана жашоосуна шарт түзгөн ортомчу тараптар эми жаңы мыйзам боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мурун мындай кылмыш иштери үчүн айып пул төлөп же коомдук иштерди аткаруу менен жазадан кутулуу мүмкүн эле.

Орусияда мигранттарга ижарага алынган батирде бир орундуу жатак жерди акыга берүү, жалган дарекке каттоого тургузуу сыяктуу мыйзамсыз иштер кеңири жайылган.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагуловдун белгилешинче, мындай мыйзамсыз иштерди уюштургандар же аларга кириптер болгондор Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси боюнча жоопко тартылууда.

- Батирдин кожоюнунун нотариалдуу түрдө ырасталбаган уруксаты жок ижарага алган батирге ондогон жарандарды киргизип алса же каттоого коюп алган болсо, муну мыйзамсыз миграцияны уюштуруу дейт. Жок эле ишкана, фирма же жеке ишкердүүлүк боюнча фирма ачып алып, юридикалык каттоо кылып берем дегендердин баары мыйзамсыз миграцияны уюштуруу болуп эсептелет. Алар салык төлөбөй, миграциялык кызматтарга чет элдик жарандарды ишканасына каттоого алгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтпөй эле жасалма уюмдун мөөрүн кагаздарга басып берип жатышат.

Адвокат Вадим Захаряев акыркы кезде мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча кылмыш жообуна тартылган мигранттардын саны көбөйгөнүн айтат.

- Мурун 20 миң рублдан өйдө айып пул төлөө, үй камагына алуу же коомдук иштерди аткаруу жазалары каралган болсо, азыр беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы калды. Мыйзамсыз миграцияны уюштурууга кириптер болгон чет элдик жарандар айыбын мойнуна алып, өздөрү полицияга барган учурда деле алты айдан бир жылга чейин камакка алуу жазасы каралган. Азыр, мисалы, жок дегенде күнүнө эки-үч кыргызстандык мигрант юридикалык консультация үчүн кайрылууда.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Москва шаардык полиция кызматында сегиз жылдан ашык эмгектенген полициянын полковниги Чыналы Мамадалиев Орусияда мигранттар билип туруп эле мыйзам бузууларга барып жатканын айтат.

- Мигранттар сабатсыз, карапайым же мыйзамдарды билбегендиктен улам ушундай иштерге барууда деп айтууга болбойт. Мигранттар мыйзамсыз экендигин билип туруп эле ушундайга барышат. Бул жерде канча деген кыргыздар мигранттарга документтерди жасап беришүүдө. Бардыгы мыйзамсыз, жасалма кагаздар. Алар ошол иштер туура эмес экендигин билишет. Андан тышкары, бир батирди алып дагы онун жашатып алгандар толтура. Азыр Орусияда мыйзам чегинде жүрүүгө жана иштөөгө шарттар бар. Чындыгында, биздин мигранттар расмий жасатууга акчаны аяп, мамлекеттик мекемелерге барып кезекке тургандан качып, жалкоолуктан улам ушундай болуп жатат.

Орусияда жалпысынан 600 миңге чукул кыргызстандык мигрант эмгектенет. Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 116 миңден ашуун кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө бөгөт коюлган. Ал эми Орусиянын түзөтүү мекемелеринде 1,5 миңдей кыргызстандык жаран кылмыш жазасын өтөөдө.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG