Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Батирлердин кымбаттыгынан адамдар топтошуп, бөлмөдө бир орунду ижарага алып жашоо кадимки көрүнүш.

Акыркы кезде батирин келгиндерге берген жарандарга карата кылмыш иши козголуп, мигранттар жашаган жерлер тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Москвада көпчүлүк үй ээлери батирин “славяндарга гана беребиз” дешет. Ошого карабай кожоюн менен тил табышып, эки айлык акыны камсыздандыруучу төлөм катары берип, ортодогу агенттикке да акча таштап, эбин тапкандар жок эмес.

Мындай кырдаалда бир нече батирди ижарага алып, анан мигранттарга жатууга бир орундук жер сатып, пайда табуунун кыныгын алган мекендештер да арбын.

Москвадагы “батир бизнеси” кандайча уюшулганы тууралуу “Паритет” кыймылсыз мүлк агенттигинин директору Нургүл Каимова кеп салды:

- “Батир бизнесин” жасагандар үч-төрт бөлмөлүү батирлерди алышат. Алардын ижарасы орточо эсеп менен 50 миң рубль болот. Анан бир бөлмөгө төрт-беш адамды, чоңураак бөлмөлөргө жети-сегиз адамды айына 5 миң рублга киргизет. Ошондо эле орточо эсеп менен үч бөлмөлүү батирде 15 адам жашаган болсо, ал ортодогу ижара акысын кожоюнга берет, суу менен светке төлөйт, ошентип айына бир квартирадан 15-20 миң рубль пайда көрөт. Ортодо аймактык тескөөчү менен сүйлөшөт. Анын "үлүшүн" өзүнчө берүү керек. Көбүнчө мындай ишти кошумча киреше катары же үйдө баласы менен отурган келиндер кылат.

Нургүл Каимова белгилегендей, үй ээсинин расмий уруксаты жок болсо, бирөөнүн батирин ижарага берүү - мыйзамсыз иш.

- Органдардан текшерүү келгенде ошол батирде жашаган адамдардын бирөө гана акы төлөп, калгандары субарендада жашап жатканын айткан болсо, батирди ижарага алган адамга кылмыш иши козголот. Көбүнчө биздин мекендештер текшерүү учурунда “тууганбыз, конокко келгенбиз” дешет...

Мындай батирлерде мигранттарды жашаткан жаран Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштурган болуп, кылмыш жообуна тартылса, анда жашаган мигранттар 5 миң рубль өлчөмүндө айыппулга жыгылып, Орусиядан үч-беш жылга чыгарылат.

Өткөн жумада эле кыргызстандык Асылбек Орозбаев аттуу жаран дал ушундай “батир бизнеси” жана участкалык полиция кызматкерине пара сунуштаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, 210 миң рубль айып төлөгөн.

Адвокат Филипп Шишов Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу кылмыш иши кандай маалда козголорун төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренеси боюнча өлкөдө чет элдик жарандардын, башкача айтканда, мигранттардын катыштыгы бар каалагандай мыйзамсыз ишмердүүлүк кылган жарандарды сот жообуна тартууга болот. Азыр мигранттардын арасында бирөөнүн батирин кайрадан субарендага берүү, ортодо медициналык маалымкат же китепчелерди даярдоо, мигранттарды каттоого коюу үчүн атайын жеке мекемелерди ачуу сыяктуу мыйзамсыз иштер кеңири жайылган. Ал эми мигранттарга батирди мыйзамдуу субарендага берүү үчүн ижарага алган адам кожоюндун расмий уруксатын алышы керек. Анан ал батирге жашаткан мигранттардын баарын каттоого тургузушу зарыл. Андай болбосо баары бир мыйзам бузуу болуп эсептеле берет.

Акыркы кезде Москва жана Москва облусунда борборазиялык мигранттар байырлаган жерлер Орусиянын Ички иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынып, чет элдик жарандарга карата “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” кылмыш беренелери боюнча козголгон сот иштери көбөйгөнү байкалууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG