Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Орусияда жүрүү тартиби өзгөрдү


Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2012.
Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2012.

1-январдан тарта Орусияга кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү. Бул эң ириде эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратууда.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, тыштан барган эмгек мигранттары үч ай ичинде Орусияда жумуш иштөөгө уруксат кагаз же патент алып ишке орношпосо, өлкөдөн чыгарылат да, кайра үч айга чейин киргизилбейт.

90 күн жүрдүңбү, мекениңе кайт

Мурунку убакта Орусиядагы кыргызстандык мигранттар чек арасы жакыныраак Украинага же Казакстанга кирип-чыгып, ал жакта жүрүү мөөнөтүн мыйзамдуу түрдө узартып алышчу. Жаңы жылдан тарта буга толугу менен тыюу салынды.

Орусиянын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Кыргызстандын элчилиги дароо эле жарыялаган. Элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” мигранттарга байланыштуу өзгөртүлгөн мыйзамдар тууралуу дагы тастыктама берди:

- Мурда Орусияга киргенден кийин 90 күнгө каттоого туруп, анын мөөнөтү бүткөн соң, Украинага, Казакстанга же Кыргызстанга чыгып келип, кайра узартып алышса, эми андай болбойт. Жаңы мыйзамдар боюнча, чет элдик жарандар быр жылдын ичинде Орусияда 180 күн гана жүрө алышат. Алгачкы 90 күн бүткөн соң, кайра дагы 90 күн өтмөйүнчө өлкөгө кире алышпайт. Мыйзамдуу түрдө үзгүлтүксүз жүрүү үчүн мигранттар жумуш иштөөгө уруксат алса, экинчиден, ишкерлик кылууга ай сайын патент сатып алып турса, үчүнчүдөн убактылуу жашоого уруксат ала алса, 90 күндөн кийин чыгып кетпей, жүрө берсе болот.

Кыргыз элчилиги Орусиядагы кыргызстандыктарды бул мыйзамдарды сактоого чакырууда, сактабагандар “кара тизмеге” кирип, Орусиянын мыйзамдарын бузган жаран катары 5-10 жылга чейин өлкөгө кире албай калуу коркунучу бар.

Жыл сайын Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар эки ирет: жай мезгилинде жана жаңы жылдын алдында мекенине агылат. Ушул тапта да Жаңы жылды үй-бүлө, бала-чакасы менен чогуу тосуу үчүн Кыргызстанга кайткан мигранттар Орусия бийлигинин жаңы жоболору менен алдын ала таанышып алышса деген ниетин элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

“Резина батирлер” мыйзамы

Өзгөртүүлөрдүн ичинде орус бийлиги тарабынан жеке жана юридикалык тараптарга чет элдик жарандарды жасалма каттоого тургузууга катуу тыюу салынган. Ага ылайык, эгер Орусия жараны өзүнүн үйүнө чет элдик жаранды жасалма каттоого тургузса, 100-500 миң рубль айып пул төлөйт. Ал эми юридикалык жактардын айып пулу 250-750 миң рублга чейин. Бул мыйзам орус жарандыгын алган, бирок туруктуу жашаган жери жок кыргызстандыктар үчүн да терс таасирин тийгизет.

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров Орусиянын Мамдумасы тарабынан кабыл алынып, бирок президент Путин кол коё элек – “Чет элдик жарандарды турак-жайга жасалма каттоого тургузуу” боюнча мыйзам долбоорун жумшартуу тууралуу кыргыз өкмөтү орустар менен сүйлөшүп, бир келишимге келбесе, кыргызстандык мигранттарга кыйынчылык болорун “Азаттыкка” билдирди:

- Бул мыйзам долбооруна азырынча президент Путин кол коё элек. Ошондуктан биз кыргыз өкмөтүнөн суранат элек. Эки тараптуу келишимдер зарыл болуп турат. Эгерде ал мыйзам күчүнө кирсе, кыргызстандык мигранттардын жарымынан көбү Орусиядан чыгарылат. Анткени каттоого турган жеринде жашоого эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Жакынкы араларда бул маселенин чечилиши оор, ошондуктан кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишими гана биздин эмгек мигранттарыбызды сактап кала алат.

Турак-жайга жасалма каттоого тургузууга жана ошондой эле батирлерде каттоосу жок топтошуп жашоого тыюу салынышы кыргызстандык мигранттардын белин мертинткен дагы бир себеп болууда. Анткени мигранттар жашаган батирлердин ээлери андагы жашоочулардын санын азайтууну каалаганы менен, батирге төлөнүүчү акыны азайтууну каалашпайт.

Ушундан улам акыркы убактарда батирде жашоо мигрант үчүн кеминде 5-6 миң, болбосо 10 миң рублди чаап барууда дейт Москвада эмгектенген мекендешибиз Руслан Абдуллаев:

- Мурда батирдин бир бөлмөсүндө беш-алты киши жашап жүргөн болсо, азыр эки-үчтөн ашык кийирбей жатат. Мисалы, эки бөлмөлүү батирде мурда 15 киши жашап, 50 миң рубль батир акысын төлөп келген болсо, азыр алты киши гана калтырылууда. Ал эми батирдин акысы өзгөргөн жок, ошол 50 миң рублди эми алты киши төлөп жатабыз. Азыр батир таап, жашоо да кыйынчылыкка турууда. Көп киши кийирбейт, анын үстүнө азыр батирге киргизген ортомчулар да мыйзамдуу каттоосу, иштеген туруктуу иши жок мигранттарды албай жатышат.


Улам катаалданган саясат – коррупцияга өбөлгө


Өткөн күздөн тартып, Орус бийлиги миграция саясатын катаалдантканына байланыштуу мигранттар мыйзамсыз иштөөдөн качып, жумуш иштөөгө расмий уруксат кагазын алуу аракети күчөгөн. Бул өз кезегинде мындай уруксат кагаздарынын жана ишкерлик патентинин баасы кымбатташына алып келген. Мисалы, өткөн жылы январь айында жумуш иштөөгө уруксат кагазын алуу үчүн мигранттар 15-17 миң рубль акча сарпташса, быйыл анын баасы эки эсе кымбаттады. Белгилей кетүүчү нерсе, сырттан барган мигранттар жумуш иштөөгө уруксат алуу үчүн мамлекеттик бийликке расмий түрдө 4-5 миң рубль гана төлөшөт. Калган акча ортодогу коррупцияланышкан чиновниктердин чөнтөгүнө кетет дешет адистер.

Москвадагы мигранттарга колдоо көрсөтүүчү “Руспартнер” ишканасынын жетекчиси, “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимовдун маалыматы боюнча, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгени менен, анда айрым мүчүлүштүктөр бар, алсак кээ бир ишкерлердин Орусияга кирип-чыгуусуна байланыштуу шарттар толук чечмеленген эмес:

- Бул жаңы мыйзамдар жарыялангандан бери бизге телефон чалган мекендештер көп болууда. Арасында Орусияга бир айда төрт-беш жолу кирип, товар ташып, соода кылып иштегендери бар. Аларга патенттин же жумушка иштөө уруксатынын зарылчылыгы канчалык, каттоого туруунун да кереги жок мисалы. Мына ушуга окшогон кээ бир так эмес маселелер менен Федералдык миграция кызматынын жергиликтүү башкармалыгына кайрылсак, алар да алакан жайып, түшүнүксүз экенин айтышууда. Биздин Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул мыйзамдары тууралуу маалымат чыгары менен ага жараша реакция кылууга тийиш эле, тилекке каршы андай болгон жок.

Руслан Эшимовдун айтуусунда, азырынча мигранттарга берилүүчү эмгек квотасы бөлүнө элек, демек быйыл канча мигрант Орусиянын аймагында мыйзамдуу иштей алары белгисиз бойдон.

Орус бийлиги кыргызстандык жарандардын Орусияда ички паспорт менен жүрүүсүнө тыюу салуу маселесин койгону белгилүү. 2013-жылдын апрель айындагы эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдерге ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тартып, кыргызстандыктар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышат.

Орусияда расмий түрдө 550 миң кыргызстандык мигрант иштейт. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, бул көрсөткүч 1,5 млн. чамалуу. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2013-жылы Орусияда жүргөн мигранттар мекенине дээрлик 2 млрд. доллар которушкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 500 миң долларга аздык кылат. Адистер болсо, орус бийлигинин миграция саясатынан улам быйыл Кыргызстанга мигранттар которуучу акчанын суммасы кескин азаярын белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG