Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Мигрант акысын жегендер "кара тизмеге" кирет


Мигранттар менен жолугушуу
Мигранттар менен жолугушуу

Орусияда мигранттарды ишке орноштурган аутсорсинг ишканалар маянаны жеп койгон учурлар көп кездешет. Ишке орношууда мигранттар эске алчу шарттар жөнүндө Доорбек Абдразаков «Азаттыкка» маек берди.

Москвадагы Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылгандардын дээрлик жарымынан көбү эмгек акысын албай калган мигранттар.

Өкүлчүлүктүн адиси Доорбек Абдразаков мигранттарды ишке аутсоринг компаниялар аркылуу орношууда этият болууга чакырды.

- Аутсорсинг ишкана аркылуу ишке орношуудан мурун ал ишкана тууралуу тууган-уруктардан, тааныштардан маалымат алуу керек. Эмне ишкана, кайда жумушка орноштурат, шарттары кандай деп тактап алуу зарыл. Болбосо биздин өкүлчүлүккө келип, маалымат алса болот. Биз азыр мындай ишканалардын тизмесин түзүп, жарандардын эмгек акысын бербеген ишканаларды «кара тизмеге» киргизип жатабыз. Албетте, биз «ал ишканага кирбе» деп айта албайбыз. Жарандар өздөрү чечет, бирок, маалымат берип коюшубуз керек. Бизге арыз түшкөндө, жаңжал кылбай сүйлөшүүлөр аркылуу жарандарыбыздын эмгек акысын алып бергенге аракет кылабыз. Андай болбогон учурда тийиштүү органдарга кат жазып, кайрылабыз. Өткөндө бир топ аутсорсинг компанияга байланыштуу Москвадагы ИИМдин миграция кызматына жана Тергөө комитетине кайрылганбыз. Айрымдарын жабышты. Бирок булар бир жерден жапса, башка жактан жаңы дарек жана ат менен ачылып, иштей беришет экен. Ошон үчүн жарандарыбыз этият болушу керек.

Жарандарды кабыл алуу
Жарандарды кабыл алуу

Орусияда жумуш берүүчү ири ишканалар жумушчуларды аутсорсинг, тагыраак айтканда, ортомчу агенттиктер аркылуу иштетишет. Мындай учурда алар колунда иштеген жумушчуга эч кандай жоопкерчилик албайт.

- Жумуш берүүчүлөр эч кандай жоопкерчилик албайт. Алар аутсорсинг ишкана менен келишим түзүшкөн. Ал келишим боюнча аутсоринг компаниялар жумушчулар үчүн толук жоопкерчиликти өздөрүнө алат. Жумуш берүүчүгө ишке ким келди, анын колунда келишим барбы же жокпу, айлыгын алып жатабы же алган жокпу – бул нерселер аларды кызыктырбайт. Алардын иши жүрсө болду. Убагы келгенде алар аутсоринг ишканага келишим боюнча макулдашылган каражатты көтөрүп коюшат. Ошону менен иши бүттү.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Аутсорсинг ишканалар мигранттарга тез арада жумуш таап бергени менен мигранттардын колуна эч кандай эмгек келишимин бербей, башка миграциялык документтерине жоопкерчилик албаган учурлар көп болот. Доорбек Абдразаковдун айтымында, мындай көрүнүшкө мигранттардын өз убагында эмгек келишимин талап кылбаганы дагы себеп болууда.

- Аутсорсинг ишканалар мигранттарга эмгек келишимин берип, каттоого алып, миграция кызматына билдирүү жөнөтүшү керек, өкмөткө тийиштүү салыктарды төлөшү зарыл. Бирок алар андан качып жатышат. Жатакана, тамак-аш менен камсыз кылып, миграциялык каттоого алгандар дагы бар. Бирок көбү «ана-мына» деп алдашат, кээ биринде андай түшүнүк такыр жок. Мисалы, алар жумушчунун айлык акысы 35 миң рубл болсо, келишимге 18-20 миң рубл деп көрсөтүшөт. Ошону дагы бербей коюшат. Жарандарыбыз жумушка кирип жатканда эмгек келишимин талап кылышы керек. Мыйзамдуу эмгек келишими болсо, Кыргызстан азыр Евразиялык экономикалык биримдикте, биздин жарандарга СНИЛС, ИНН жана ОМС деген салык жана медициналык камсыздандыруучу расмий кагаздар берилип, тийиштүү салыктар төлөнүп турат.

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн дареги: Москва шаары, Полянка метросу, Малая Полянка көчөсү, 12А үйү. Байланыш телефону: +7 926 734 91 08

Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү
Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG