Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Баладан баш тарткан мигрант энелер


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыркы беш-алты жылда Кыргызстанга Орусияда иштеп жүргөн мигрант энелер таштаган балдардын 63ү алынып келинди. Алардын сегизин гана өз таята-таенелери асырап алса, калганы балдар үйүнө өткөрүлгөн.

Жазгүл - баласынан баш тартып төрөтканага таштап кеткен мигрант энелердин бири. Жыйырма жаштагы келин эки жыл мурдагы окуясын эстегиси да келбейт. Мектепти жаңы эле аяктап, Москвага иштегени келген кыз тагдырдын катаал сыноосуна кабылганын айтып отурду.

- Ата-энем баламды кабыл албайт болчу, ошон үчүн төрөтканага таштап кеткем. Баламдын эмне болгонун билбейм, жашоосу тууралуу кабарым жок. Ата-энеме жардам берем деп Москвага келгем. Апам иштебейт. Атамдын тапканы эч нерсеге жетпейт. Бул жакта бир жигитке кезигип, чогуу жашап калдык. Балалуу болобуз деген ой жок болчу. Төрөгөндөн кийин ал мени таштап кетти, мен болсо жалгыз баккандан коркуп, баламдан баш тарттым.

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

2011-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги энелери баш тарткан 63 баланы Кыргызстанга алып келген. Алардын басымдуусу - никеси жок төрөлүп, Орусиядагы төрөтканалардан Кыргызстандын элчилигине өткөрүлүп берилгендер.

Былтыр 13 бала, 2017-жылдын төрт айында төрт бала алынып келинген. Көпчүлүгү Москва, Красноярск, Новосибирск шаарларынан. Эмгек мигранттары көп барган башка орус шаарларында да наристелерден баш тартуу фактылары бар, бирок так статистика буга чейин даярдалган эмес.

Адистер энелердин өз ымыркайын таштап кетүүсүн турмуштук себептер менен түшүндүрүшөт. Москвадагы "Ваш доктор" медициналык борборунда иштеген акушер-гинеколог Гүлмира Эралиева:

- Келиндер көбүнчө иштегени жалгыз келет. Күйөөлөрү жок. Бул жакта алданып калып, балдарын таштаганга аргасыз болушат. Мага бир келин кайрылганда мен аны ата-энеңе айт, балаңды сактап кал деп араң көндүргөм. Толук үй-бүлөлөр мындай кадамга барбайт.

2014-жылы ишке кирген өкмөттүн токтомуна ылайык, мигранттардын балдарын алып келүү үчүн Социалдык өнүктүрүү министрлигине жылына бир жарым миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Ал каражат наристелердин ата-энелерин издөөгө же аларды асырап алчу башка үй-бүлөлөрдү табуу иштерине жумшалат. Беш жыл ичинде алып келинген 63 баланын сегизи гана өз үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилип, 37си соттун чечими менен бакма ата-энелердин асыроосунда, калганы ушул тапта балдар үйүндө тарбияланып жатат. Алардын арасында ар кандай диагнозу бар мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да жок эмес.

Москва: жанбакты "көпөлөк" жигиттер

Москва: жанбакты "көпөлөк" жигиттер

Москвада “альфонс” атыккан, же болбосо колунда бар аялдын эсебинен жан баккан жигиттер көбөйгөнү байкалат.

Министрликтин үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова мындай балдарды алгач өз туугандарына кайтаруу - башкы кызыкчылык экенин айтты:

- Баласын таштап кеткен энелердин документтеринин негизинде Кыргызстандан алардын туугандарын издейбиз.Төрөгөн энелери табылбаса да алардын таенелери, таяталары табылат. Мунун баары жашыруун жүргүзүлөт, анткени туугандары окуяны көпчүлүк билүүсүн каалабайт. Айрым гана ата-энелер ташталган баланы багып албаса, калганы дээрлик баш тартат. Эгер кызыбыз каалабаса, биз да бага албайбыз деп түшүндүрүшөт.

Чолумова миграцияга аттанган кыз-келиндерге чет жакка чыгардан мурда үй-бүлө баалуулугу, эне жоопкерчилиги туурасында маалымат берүүнү сунуштайт:

- Мигранттарга көбүнесе кантип иш табуу керек, жумуш келишими, эмгек мыйзамдары туурасында маалымат берилет. Менимче, аны менен бирге кыз-келиндерге ар кандай учурлар болорун, балага болгон жоопкерчиликти да түшүндүрүү керек.

Ушу тапта мигранттар арасында бала таштоону азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралар көрүлө элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында 22 жашка чейинки кыздарды өлкөдөн чыгарбоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлүп, бирок ал коомчулуктун сынына кабылган.

"Азаттыктын" архиви: Жашыруун аборт жасаткан мигрант келиндер. 7-октябрь,2016-жыл
Жашыруун аборт жасаткан мигрант кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG