Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Москва: жанбакты "көпөлөк" жигиттер


Иллюстрация (Сүрөттүн автору: Дастан Үмөттегин)
Иллюстрация (Сүрөттүн автору: Дастан Үмөттегин)

Москвада “альфонс” атыккан, же болбосо колунда бар аялдын эсебинен жан баккан жигиттер көбөйгөнү байкалат.

23 жаштагы Перизат (аты өзгөртүлдү) төрт жыл мурун Москвага Азамат аттуу күйөөсү менен иштегени келген. Жубайлар ортосунда эки бала бар. Эки жыл мурун Азаматтын ою бузулуп, акырында үй-бүлөсүн таштап кеткен. Буга анын өзүнөн он жаш улуу, акчалуу көңүлдөш таап алганы себеп болгон.

- Ата-энеси, бир туугандары урушуп да, жалынып да көрдү... Кайнежем көзү ачыктарга барса, тиги аял магиянын жардамы менен күйөөмдү өзүнө байлап алганын айтышкан экен. Жолдошума “сени өзүм багам, үй-бүлөнү таштап келе бер” дептир. Эртең менен жумушка кеткен. Кечинде “Мындан ары сени менен жашай албайм, бактыңды башкадан изде” деген СМС келди. Ошол боюнча кайрылган жок. Угушума караганда, күйөөмдүн башын имерген эже орус жарандыгын алган экен. Өзүнүн батири бар, акчалуу дешти...

Учурда Перизат Москвада балдарын жалгыз өзү багып жатат.

Кыргызстандан барган жигиттер акчалуу аялдар менен көбүнчө чогуу жашаган батирден же иштеген жерден таанышат. Москвадагы кыргыз кафелерине эс алууга барып, таанышып калгандары да жок эмес.

Таксист болуп иштеген мекендешибиз Артык мына ошондой көңүл ачуучу жерлерден жетелешип чыккан "түгөйлөрдү" көп эле жеткирген экен. Ал бул көрүнүшкө аялдар күнөөлүү деген пикирде:

- Кыргыз балдардын баары эле андай эмес, кой аксагы менен миң дегендей арасында бар жеңил ойлуулар. Эми жаш баланы картаң аялдар өздөрү эле арбап алат да. Тамагын жасап, каалаганын кылып берип жатса, эркекке эмне, жашай берет. “Москва жашоосу” деген ушу, ар-намыс деген экинчи планда. Кээ бир жигиттер акчасы жогунан барат ушул ишке. Анан улуу аял менен жашоого туура келет. Аял болсо ага орус жарандыгын алып берет, документтерин жасап берет, кийинтип-ичинтет... Жигитке акча, аялга жаштык керек деген кеп...

Көптөн бери Москвада жүргөн Элмира Кожобердиева чоң шаарга келген жаштардын көбү келечегин ойлобой, күнүмдүк менен жашарын айтып кейиди.

- Кыздарыбыз батиринин акчасын төлөсө, бир-эки жолу жакшыраак кийим сатып берип, автоунаага салып ары-бери алып барып койсо эле алданып калып жатышпайбы. Балдарыбыз деле ошо. Батирдин акчасын төлөп берет, иштен чарчап келсе, тамагын кылып берет, эртең менен турса кийими таза, тамагы даяр... Негизи эле Москвада кыйынчылыкта жалгыз жүргөндөн көрө бирөө менен жашоо жеңил. Ошону эле максат кылышат, бөлөк эч кандай эч себеп жок.

Москвада иштеген дагы бир мекендешибиз Жанара Мамасадыкова батирде чогуу турган мигрант аял менен андан 20 жаш кичүү жигиттин мамилесине күбө болгон.

- Биз билип калгандан кийин экөөнү тең батирден чыгарып жибердик. Кийин угушубузга караганда ал эже кыз төрөп, баласын Кыргызстанга жибериптир. Берки жигит башка шаарга кетип калыптыр. Бул балдардын жалкоолугу, жеңил оокатка берилгендиги, намыстын жоктугу. Кээде туруп ойлойсуң, жаш балдарга алыста жүргөндө энелик мээрим керек болуп, ошон үчүн ушул жолго барабы деп... Айтор жеңил ойлуу "көпөлөк" жигиттер көбөйө баштады.

Жеке кызыкчылыктарды эсептеп, утурумдук никеде жашоо Москвадагы мекендештер арасындагы кадимки көрүнүш. Ич ара айыпталып, сынга алынган менен мигранттык турмушту кечип жүргөндөр буга түшүнүү менен карашкандай сезилет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG