Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Ажырашууга жеңил карагандар көбөйдү


Кыргызстанда быйылкы жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны беш миңге жакындаган.
Кыргызстанда быйылкы жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны беш миңге жакындаган.

Кыргызстанда быйылкы жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны беш миңге жакындаган. Социологдордун билдиришинче, ажырашкандардын көпчүлүгү жаштар.

Элмира мындан эки жыл мурун сүйлөшүп жүргөн жигитине баш кошкон. Бирок бүгүн үлпөт тойдо өмүр бою чогуу болобуз деп айтылган сөздөр унутулуп, күйөөсү экөө эки башка жолго түшүүнү чечишиптир. Буга жашоого көз караштарынын дал келбей калгандыгы, мүнөздөрүндөгү карама-каршылыктар таасир эткен экен:

- Ата-энелерибиз каршы чыкканына карабай мектепти аяктаар замат баш кошуп алганбыз. Бирок бири-бирибизди жакшылап таанып, билбептирбиз. Үй-бүлө кургандан кийин жолдошум чоочун адам болуп чыга келди. Эң жөнөкөйү жаңы буюм сатып алып жатканда да урушуп кетчүбүз. Өткөн жылы ушул убакта үй-бүлө курганыбыздын 1 жылдыгын белгиледик эле. Бүгүн минтип ажырашып жатабыз.

Кыргызстанда жубайлардын ажырашуу талаптарынын аткарылышы Үй-бүлө кодексинин 22-24-беренелерине ылайык, сот аркылуу жүргүзүлөт. Эгер аял кош бойлуу же ортодогу баласы бир жашка чыга элек болсо, анын макулдугусуз күйөөсү ажырашам деп тиешелүү тараптарга кайрылууга акысы жок. Андан сырткары, жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жана ажырашуудан кийин күйөөсү белгиленген суммада жубайына алимент төлөө милдеттенмеси сот тарабынан чечилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, эки башка жолго түшкөн жубайлардын саны өткөн жылга караганда, быйыл бир топ эле көп. Үстүбүздөгү жылдын алты айында ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 5 миңге жакындаган. Свердлов райондук нике каттоо бөлүмүнүн башчысы Фарида Сыдыкова ажырашкандардын саны расмий эмес маалыматтар боюнча мындан да көп болуусу мүмкүн экендигин айтты:

- Расмий маалыматтарда нике каттоо бөлүмүнүн каттоосунан өткөндөрдүн гана саны көрсөтүлгөн. Бирок расмий эмес маалыматтарда алардын саны андан да көп болуусу мүмкүн. Анткени жарандар сот аркылуу ажырашат. Андан соң аймактык нике каттоо бөлүмүнүн каттоосунан өтөт. Бирок тилекке каршы укуктук милдеттерин баары билбегендиктен, дароо келип катталышпайт.

Ажырашууга эмнелер себеп болот?

Социологдор үй-бүлөнү ажырашууга алып келген бир нече факторлорду жана себептерди айтып жүрүшөт. Алардын бири - эрте никелешип, үй-бүлө баалуулуктарына маани берүүгө кудуретсиздик. Мындай пикирин социолог Топчугүл Шайдуллаева билдирди:

- Көбүнесе жаш куракта үй-бүлө кургандыктан чыныгы үй-бүлөлүк баалуулуктарды түшүнүшпөйт. Мындан бир нече жыл мурда, ажырашуу уят иш катары саналса, азыр бир болбогон нерсе үчүн деле кол үзүшкөн жубайлар көп. Себеби, жаштар жеңил-желпи болуп калышты.

Социологдор Кыргызстандагы түгөйлөрдүн ажырашуусун иликтеп чыгышканда көбү материалдык жетишсиздик, ички жана сырткы миграция, бирин-бири түшүнбөөчүлүк сыяктуу себептерден улам оту күйүшпөй калганы анык болгон.

Кайын-журту, кайненеси менен тил табыша албай ажырашкан учурлар мурдатан эле кеңири байкалып келет.

Жубайлардын эки башка жолго түшкөндүгүнө көз караштардын түрдүүлүгү, өзгөчө акыркы учурда диний радикализмдин күчөшү да себеп болууда.

Ажырашуулардын саны көбөйгөнүнө карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымдашынча, быйылкы жылдын алты айында турмуш кургандардын саны 25 миңден ашкан, бул өткөн жылга караганда миң үй-бүлөгө көп.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG