Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Москва: жердеш жигиттин кордугу


Москвада жердешинен запкы көргөн кыргызстандык кыз
Москвада жердешинен запкы көргөн кыргызстандык кыз

Мигрант кыз Москвада батирде чогуу жашаган кыргызстандык жигиттен таяк жегенин айтып жардам сурады.

Орусияда кыргызстандык мигрант кыз-келиндер жердештердин колунан запкы тартып, ур-токмокко кабылган учур буга чейин да болуп келген.

Чулдуруктап сүйлөй албай же тамактана албай отурган 31 жаштагы Айжан (аты өзгөртүлдү) Москвада кыргызстандык жигиттен запкы көргөн. Кыздын айтымында, аны урган жигит Кыргызстанга качып кеткен.

Айжандын баяндашынча, баткендик Абдилахат аттуу жигит Москвада мигранттарга ижарага батир берчү. Бир орундук жатак жер үчүн эки адамдан акы алган эргул акчасын кайтарып берүүнү суранган кызды ур-токмокко алып, жаагын талкалап, дене-боюна оор залака келтирген.

- Мас экен. Оозуна келгенди айтып, асыла баштады. Ага мен эч кандай жооп берген жокмун. Жатак жердин акчасын эле берип турганым болбосо, өзү менен деле сүйлөшчү эмесмин. Басып алып сабап кирди. Башка-көзгө ургулап жатты. Батирде бир эже бар болчу, ал качып чыгып кетти. Мен болсо чыга албай калдым. Жарыкты өчүрүп, үйдө чогуу жашаган бир байке келгенде араң качып чыктым.

Бир айдан бери оозун ачып сүйлөй албай, түтүк аркылуу суюк тамак гана ичип отурган кыз болгон окуяны Кыргызстандагы ата-энесине айтпай жашырып койгон.

- Ата-энем капа болбосун деп айтканым жок. Мен ооруканага жатканда “арыз жазба, дарыланганыңды толук төлөп берем” деп жалдыраган. Андан кийин эле дайынсыз качып кетти.

Денесиндеги көгала тактар тарап калгандыктан кыз эми күнүмдүк иштерге чыгып, күбүлүп калган тиштерин оңдотууга жана дарыланууга каражат топтоо аракетин көрүүдө.

Москвада запкы көргөн мигрант кызга башпаанек берип, каралашып жаткан Урмат Байматова кыргызстандык Абдилахат убагында алдына келип, айыбын моюнуна алганын ырастады.

- Жигит кеңсеме келип, күнөөсүн моюнуна алып, кыздан дагы кечирим сурап, жалбарган. Кыз биринчи ооруканага түшкөндө полиция келген эмес. Кийин ооруканадан чыккандан кийин өзү барып прокуратурага арыз жазган. Ошондо бала келип, менин көзүмчө экөө макулдашып, кыздын дарылануусун каржыларын айтып, арызын алдырган. Андан кийин эле телефонун өчүрүп, качып кеткен боюнча дайыны жок.

Урмат Байматованын айтымында, Москвада мигрант кыздын ден соолугуна оор залака келтирип качып кеткен Абдилахатты акыркы жолу Ошто көргөндөр болгон.

Ал эми мекендешинен запкы көргөн мигрант кыз зордук көрсөткөн жаран жоопко тартылып, жазасын алса экен деп адилеттик издөөдө.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG