Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Орусияда дагы бир кыргыз кызы сабалды


Москвадагы мигрант кыз-келиндер. 7-июль, 2013-жыл
Москвадагы мигрант кыз-келиндер. 7-июль, 2013-жыл

Орусияда кыргызстандык мигрант кызды кыргызча сүйлөгөн белгисиз жигиттер жүрүм-туруму үчүн айыптап сабаган, кордоп-кодулаган жаңы видео социалдык тармактарда жарыяланды.

16-декабрда чыккан бул тасмада кыргызстандык кызды "башка улуттун өкүлү менен жүрдүң" деп кыргыз жигиттери көчөдө ур-токмокко алган. Ал арада кыргыз милициясы бул окуя качан болгонун, кимдер жасаганын иликтей баштады. Буга чейин да кыргыз кыздарын кордогон видеолор интернетке тарап, Орусиянын милициясы кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок ал иш сотко жетип-жетпегени белгисиз.

Интернетте жарыяланган видеодо белгисиз жигиттер биринен сала мигрант кызды көчөдө суракка алып, атын айттырып, "башка улуттун өкүлү менен мамиле курасың" деп сабап жатышат. Окуя Москвадагы метролордун биринде болгон.

- Бери кара деп атам! Сүйлө деп атам!

- Ким атың? Тоготпойт окшойсуң?


Кызды оозго алгыс сөздөр менен сөккөндөрү аз келгенсип, башка-көзгө
койгулап, тепкилешкен.

- Подмосковьеге эмнеге бардың? Эмнеге бардың?

- Кыздар менен ичкени...

- Өзбекпи, тажикпи?!

- Кыргыз балдар... Өлүп кетейин, кыргыз.


Видеодо өзүн Айнагүл деп тааныштырган кыз башка улуттагы жигиттер менен мамиле түзбөгөнүн, бирөөлөрдөн жолду билбей жардам гана сураганын айтып, балдардан кечирим суроодо. Кыздын ал-абалы, келтек жегенден кийин эмне болгону туурасында азырынча маалымат жок. Тасманы кимдер, качан тартканы да белгисиз.

Бул тасма интернетке жарыяланары менен окуя иликтене баштаганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” кабарлады.

- Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү убагында бул кыз ким экени, сабаган кимдер экени аныкталат. Бул оор жумуш, анткени окуя Орусиянын аймагында болуп жатат.

"Орусияда башка улут өкүлдөрү менен жеке мамиле курат" деген кыргыз жигиттеринин мекендеш кыздарды кордогон видеолору 2012-жылдын февраль айынан тарта интернетке жарыяланганы белгилүү. Кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болгондугу да айтылган.

Алгач он беш чакты эркектин курчоосунда жылаңачталып, ур-соккуга дуушар болгон Сапаргүлдүн окуясы, андан кийинки видеолор жумурай журттун үрөйүн учурган. Укук коргоочулар, коомчулук да муну жапайычылык деп баалап, катуу сындашкан. "Ушул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен Екатеринбургдун тартип коргоо органдары кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок бул иш да аягына чыкпай калган",- дейт Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов:

- Сапаргүл аны аягына чейин далилдеп бере албай койгон. Ушулар болсо керек, ушуларга окшош болчу дегендиктен коё беришкен.

"Ушундай окуялар Москвадагы кыргыз кыз-келиндерди сестентти",- дейт өзүн Нуркыял деп тааныштырган мигрант кыз. Анын айтымында, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курасың деген шылтоо менен кыздарды ур-токмокко алып, тоногон кыргыз жигиттеринин тобу бар сыяктуу. Мындан улам кыздар башка улуттар эмес, кыргыздарды көргөндө жүрөгү түшөт экен.

- Негизи бул жакта кыздар башка улут эмес, өзүбүздүн кыргыз балдардан коркушат. Өзгөчө "Кузьминки" метросунда ушундай окуялар болот деп угам. Жумуштан кыздар кечки 10-11де чыгышат, ошол учурда кыргыз жигиттер өздөрү эле тоноп, акчаларын, телефондорун алып, зордуктап, видеого тартып, анан интернетке коюп койгондор көп дешет. Кыргыз балдар иштебейт, көбү жумушу жок жүрөт. Жалгыз-жарымды карактоо менен алек болушат. Атайын аңдыгандар бар, ошентип тартыш үчүн. Ошондуктан мамилең жок болсо да бирге иштеген өзбек, тажик кесиптештер менен чогуу кетпейбиз.

Ушул тушта он миңдеген кыргыз кыз-келиндер Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Алардын дарегине башка улуттун өкүлдөрү менен оңду-солду мамиле курат деген доомат көп айтылат. Ушундай көрүнүштөрдөн улам парламентте 22 жашка чыкмайынча кыздарды жалгыз четке чыгарбоо сунушу да айтылган. Беш жылдан бери Москвада иштеген Азамат күнөө кыздардан да, жигиттерден да кетет деген пикирде:

- Кыргыз кыздардын башка улуттагылар менен жүргөнүн көрөсүң. Метролордо алардын алдына отуруп, башка балдар менен да жүрөм дегенсип, сыймыктангансып мамиле кылышат. Кээ бирөөлөр ошого жини келет. Айрымдары аша чаап, түшүнбөй эле уруп-согушат экен. Мисалы, бир тааныш кыз тажик кесиптеши менен метродо ресторанга кетип баратса, кыргыз балдар өлө уят сөздөр менен сөгүп салыптыр.

Ушул сыяктуу көрүнүштөр коомчулукта талкууланып, артында ким турарын иликтеп баштагандан кийин кордук көрсөткөн учурлар, видеолор жоголгондой болгон. Антсе да серепчилер бул эң ириде социалдык маселе экенин, мамлекет кыз-келиндерин жакшы багып, көңүл бурмайынча мындай көрүнүштөрдү азайтуу кыйын болорун белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG