Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Сапаргүл: Жашоом тозокко айланды...


Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок.
Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок.

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз балдардын зомбулугуна кабылган Сапаргүл аттуу келин “Азаттыкка” кайрылды.

Жабыркаган келин Орусиянын башкы прокуроруна, ички иштер министрине жана Кыргызстандын элчилигине балдарды жазага тартууга жардам сурап арыз жазды.

Сапаргүлдү кыргыз балдар былтыр сентябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында ур-тепкиге алышкан экен. Келиндин айтымында, кафеде курбусу менен тамактанып отурганда өзүнөн бир топ жаш кичүү кыргыз бала тийишип, кагып койсо, достору менен топтолуп келип өзөртө уруп машинага салып кетишкен:

- Курбум экөөбүз тамактаналы деп кафеге киргенбиз. Тамактанып отурсак эле бир балдар келип тарткылап тийише баштады. Мен ага “сен жаш эле бала экенсиң, менин балам менен тең экенсиң, бар ары, кыргыздын баласы болуп туруп ушундай кылганың туура эмес”, десем эле “эй, сен эмне деп атасың, мен сенин көзүңө балаңдай көрүнүп атамбы”, деп, тиги жактан балдар менен топтолуп келип, ичке согуп туруп алып кетишти. Коңшу столдо ар түрдүү улуттагы адамдар отурган. Эми кафе болгондон кийин киришет экен да. Балдар “силер ошолор менен сүйлөшкөнү жатасыңар”, деп уруп, машинага салып, билбейм каякка, айтор бир жакка алып кетишти. Бир жерге алып барып, кийимдерибизди тыткылап чечип, бутубузга зымдарды байлап, аны машинанын аккумуляторуна туташтырып, видеого тартып, "кыргыздын кыздарына ушундай нерселер сабак болушу керек" деп уруп, бирдемелер менен сайгылап атып сүйлөтүшкөн. Биз айткан нерселерди айтасың, айтпасаң өлтүрөбүз дешкен...


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



36 жаштагы бул кордолгон келин окуя болгондон кийин үч күндөн кийин Москвага келе берген экен. Өзү менен кошо ур-токмокко кабылган курбусунун андан аркы тагдыры белгисиз:

- Бул окуя Орозодон кийинки күнү болгон. Анткени мен Орозо кармаган элем. Бүт алтындарымдын баарын тартып алышкан. Мен Москвага кетем деп даярданып аткам, акчамды, телефонумду алып, эч нерсе калтырышкан жок. Мен ал балдардын эч кимисин тааныбайм. Бири-биринин аттарынан айтышып жатканда Нурбек жана Илхам дегендерин угуп калдым. Бул балдарды мурда кийин такыр көргөн эмесмин. Мен Кыргызстанга эле кетип калгым келген. Ушул окуядан кийин мен кантип барам? Эч нерсе кыла албай калдым. Эки балам ата-энемдин колунда. Ата-энем деле 80ге чыгып калды. Мен алар менен да сүйлөшө албайм, эч кимге чала албайм. Мен балдарымды 12 жылдан бери өзүм эптеп багып келаткам. Мен ал видеону жаңы жылдын астында көрдүм, биз жашаган квартирадагылар айтып келишкен. Бул жерде бир квартирада 20-30 киши чогуу жашайт го. Ошолор көрүп, "мындай кыздар көп экен. Андай балдарды эч ким эч нерсе кыла албайт, аларга ушундай укук берилген, кыргыздын кыздары башка улуттун өкулдөрү менен сүйлөшсө өлтүрүш керек деген буйрук берилген" деген сөздөр болуп атат.

Сапаргүл азыркы оор абалын, чуулгандуу окуядан кийин оорукчан болуп калганын, ишке чыга албай турганын көз жашын төгүп айтып берди:

- Мен түшүнбөйм, менин мындан аркы жашоом кандай болоорун билбейм. Мен же ата-энемди көрө албасам, же балдарымды көрө албасам кандай кылам?... Эгер менин күнөөм болсо мейли эле. Оорукчан да болуп калдым. Ансыз деле бир бөйрөгүм жок болчу. Балдарым окусун, балдарым ичип-жесин деп иштеп жүргөм. Мен эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Ишенесизби, мен азыр бирөөлөр менен сүйлөшкөндөн корком. Эшикке чыгып баскандан корком. Мен Жалал-Абаддын Кара-Дарыясынан болом да. Ошол жактын балдары мени өлтүрөбүз деп издеп жүрүшкөнүн мага айтып келишти. Мен Кудайдын жараткан күнү ыйлайм. Адамга окшош эч нерсем калган жок. Жөн эле басып жүрөм. Эки баламды араң багып жүрсөм, менде кантип оюнга көңүл болсун?! Кафеде отурсаң эле кирип келип жулуп кетсе, бул кандай жакшылык? Мен мындай абалда мындан ары жашай албайм. Акыркы күндөрү өлүүнүн жолдорун эле ойлоп калдым. Менде башка кандай жашоо болушун түшүнбөйм. Келечегимди көрө албайм. Ушундай видеолор толтура, кыздардын ооздоруна сийип салгандар да бар. Буларды эмне, токтотконго болобойбу? Бул балдар табылабы, табылбайбы? Кудай алардын жазасын берет деп ушунча күтүп, ушунча жүрүп, адамдарга кошулуп иштей албай да калдым. Мен адамдарга окшоп баса албай да калдым. Күнүгө ооруйм. Азыр жалаң баш оорунун, жүрөктүн дарысы менен гана жашап жүрөм. Ал деле таасир бербей калат экен.

“Азаттык” Сапаргүлдүн катын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жөнөттү. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева бир кызматкери келинге жолукканы жөнөп кеткенин, Москвадагы “Сестры” деп аталган кризистик борбор менен байланышып, ал жактагы психологдор Сапаргүлгө жардам берүүгө макул болгонун маалымдады.

Сапаргүлдүн видеосу ушул жылы март айында интернетке жайылып кеткен. Анда бир топ балдар келинди башка улуттун өкүлү менен мамиле куруп, бузукулук кылды деп айыптап жылаңачтап алып, ур-токмокко алып, ыплас сөздөр менен сөгүп суракка алган.

Андан кийин дагы башка ушундай мазмундагы видео тасмалар пайда болгон. Ошол видеодогу кыздардын бири Кыргызстанга келип, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазганын "Азаттык" кабарлаган. Жалалабаддык милиция арыздын негизинде балдардын ким экенин аныктап, документтерди топтоп, Орусияга жөнөткөнү жатат.

Ал арада Сапаргүлгө эл аралык уюмдар, кыргызстандыктар жардам бергени жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыркаган келиндин арызын тартип коргоо органдарына тапшырып, андан ары көзөмөлдөп турууну мойнуна алды. Кыргызстанда жана четте жашаган кыргызстандыктар да демилге көтөрүп, каражат топтоп, Сапаргүлгө материалдык жана моралдык жардам бергенге киришти.

XS
SM
MD
LG