Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Москвада кыздарды кордогон "патриоттор” аныкталды


(Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок)
(Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок)

Орусияда кыргыз жигиттеринин зомбулугуна кабылган кыздардын бири милицияга кайрылды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы арыздын негизинде кызга кордук көрсөткөн деп шектелген балдарды аныктады. Ушу тушта кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен тиешелүү документтер Орусиянын тартип коргоо органдарына жөнөтүлгөнү жатат.
Алар мени "чечин" деп ура башташты. Чечинбей койсом муунтуп, аймалап башташты. Эсимди жоготуп коюпмун. Турсам эле жылаңач жатыпмын...


“Азаттык” жабыркаган кызга жолугуп, окуя таржымалын өз оозунан укту.

Окуя ушул жылдын февраль айында Москвадагы батирлердин биринде болгон экен. Белгилүү себептерден улам, бул кыздын атын жана кайда жашап жатканын так жазбайбыз.

Жабырланган кыздын айтымында, ошол учурда ага кол көтөргөн балдардын бири менен 10 күндөй мурун таанышып, мамиле кура баштаган экен. Анан ал жигит кыздын Интернеттен башка улуттун өкүлү менен сүйлөшкөнүн көрө калып, күдүк ойдо достору менен ур-токмокко алган:

- Агенттен эми сүйлөшө бересиң да. Ким менен сүйлөшөрүңдү өзүн билесиң. Анан ал көрүп калып “сен ушуну менен жаткансың, жок, сен ушуну менен жаткансың, мен билем”, - деп эле туруп алды. Ал мени башка улуттун өкүлү менен жүргөн жеримден тутуп алган эмес. Тутуп алса бир жөн. Кийин мени кур менен сабап, айтпаган сөздү айтып телефонуна тартып алып, анан досторун чакыра баштады. Достору келип мени кордоп, жаман нерселерди айтып, тээп, ур-токмокко алышты. Бул метродо эле башталды. Анан мени ар кимге айтып, кыргыздарды көргөн сайын мени жамандай беришти. Анан менин жашаган жеримди сурап, ошол жакка алып барышты. Барсак үйдүн кожейкеси жок, кожоюну эки-үч бала менен экен. Эми эркек киши эркек кишиге тартат экен. Аял болгондо мени түшүнмөк. Анан аларга” силердин кызыңар, же карындашыңар ушундай болсо эмне кылат элеңер”, десе алар унчукпай карап турушту. Алар мени "чечин" деп ура башташты. Чечинбей койсом муунтуп, аймалап башташты. Эсимди жоготуп коюпмун. Турсам эле жылаңач жатыпмын...

Окуянын андан кийинкиси Интернет аркылуу тарап кеткен видеодон улам белгилүү. Аёосуз сабап, ыплас сөздөр менен кордогон балдардын бирөө кызды кийин зордуктаганга чейин барган:

- Мени сабап, бычак менен коркутуп абдан кордошту. Мен коркконумдан болбогон, жок нерсени эле айтып жаттым. Андай учурда эч нерсени билбей калат экенсиң. Мен өлүп атам деп калат экенсиң. Түшүм болуп калса экен деп эле турасың. Эч нерсени билбейм. Ошондогу айткан сөздөрүм жалган. Андан кийин мени ал үйдөн алып кетишти. Вокзалга алып барып Кыргызстанга салмак болушту. Жанымда акча жок болчу, айлыгымда алалек элем. Анан алар өз ара мушташа баштады, бири салабыз дейт, бири салбайбыз, ушуга акча коротмок белек дейт. Анан мени эки бала алып кетти. Мени бир үйгө алып барды. Бул жактан мен жашаган үйдүн кожейкеси балдарга “кызды тезинен менин колума алып келип койгула” деп чала берди. Балдар андан коркуп мага жалдырашты. "Менде баары жакшы деп айт, же Кыргызстанга кетем деп айт, суранам”, деп жалдырашты. Анан алардын бирөө мени күчкө салып зордуктап салды. Менин колумдан эмне келет? Күчүм ага жетпейт...
Кызга кеч болсо да соттук-медициналык экспертиза дайындап, токтомду эксперттин кароосуна жибергенбиз. Балдардын баары ким экени такталды, сүрөттөрү алынды. Алар Москвада болуш керек...


Орусияда кордук көргөн бул жыйырма жаштагы кыз Москвага барганына көп деле болгон эмес экен. 17 жашында ала качып кетип, көңүлүнө жакпаган адам менен болгону үч ай жашаган:

- 11-классты бүтүп окууга тапшыргам. Эки ай окугандан кийин ала качып кетти. Бирөөнү жаман деп деле айтыш кыйын, бирок күйөөм чындап эле жаман болчу. Ичпесе да ачуусу чукул эле. Жашагым келбей, жашабайм деп келе бергем. Анан келгенден кийин өзүңөр билесиңер, айылда ар кандай сөз болот. Болбогон нерселерди болду деп коюшат. Сыгылып, үйгө батпагансып, анан Москвага кетип калдым. Москвада жеңемдин жанында жүрдүм. Кийин өзүмчө кетип иштеп жүргөндөн кийин ушул окуя болду...

Бул кыз ошол окуядан кийин Кыргызстанга баса берген. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Интернеттеги видеодон улам кызды таап арыз жаздырууга көндүргөн.

Ага тергөөчү Нурбек Алимбаев арыздын негизинде кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Орусияга документтерди жөнөткөнү жатканын, балдардын ким экенин аныктап, сүрөттөрүнөн өйдө табылганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Кызга азыркы убакта кеч болсо да соттук-медициналык экспертиза дайындап, токтомду эксперттин кароосуна жибергенбиз. Балдардын баары ким экени такталды, сүрөттөрү алынды. Алар Москвада болуш керек. Мыйзам боюнча кылмыш кайсы жерде болсо ошол жерде тергелет. Биз материалдарды топтоп, Орусиядагы тиешелүү органдарга жөнөтөбүз.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул ишти көзөмөлгө алганы жатканын “Азаттыкка” элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди:

- Буга чейин арыз болбогондугуна байланыштуу бул ишти көзөмөлгө алып, алдыга жылдырып, күнөөлүүлөрдү таап жазалоого, же болбосо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбой жаткан. Эгерде арыз жазылып кайрыла турган болсо элчилик сөзсүз түрдө бул ишти көзөмөлгө алат. Себеби элчилик Интернеттеги видеолор боюнча иштерди жүргүзүп жаткан. Материал келип түшөрү менен көзөмөлгө алып, аягына чыгарганга аракет кылабыз.

Буга чейин Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болгону айтылып жаткан. Алардын кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап ур-токмок менен суракка алган видеолору интернетке байма-бай чыга баштаган болчу.

Коомчулукта “патриоттордун” мындай жосунсуз жоруктарын айыптагандар көп болууда.

XS
SM
MD
LG