Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Москва: кыргыз кыздарын тескеген "улутчулдар"


Москвадагы кыргыз мигранттары "Город-312" кафесинде. (Сүрөттүн бул макаланын каарманына тиешеси жок)
Москвадагы кыргыз мигранттары "Город-312" кафесинде. (Сүрөттүн бул макаланын каарманына тиешеси жок)

Интернетте Москвадагы кыргыз кызына күч колдонуу менен анын жүрүм-турумуна ырайымсыз сурак жүргүзгөн кыргыз жигиттеринин видео тасмасы пайда болду.

Мындай жосунсуз жорукту “Твиттер” социалдык тармагында айыптаган колдонуучулардын саны артты. Эксперттер мындай көрүнүштү кылмыш катары баалап, жаш мигранттар арасында жердештерине карата кара өзгөйлүккө жол берген көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилөөдө.

Курнамыстардын “ур-намысы” ойгонгондо

Видеотасмада бир кыргыз кызына бир нече кыргыз жигити жүрүм-туруму боюнча сурак жүргүзгөнү чагылдырылган. Анда абийир, ар-намыс тууралуу маселе көтөргөн тасманын авторлору кыргыз кызын жосунсуз абалда сурак берүүгө мажбурлашкан. Москвадагы кафелердин биринде башка улуттун өкүлдөрү менен чогуу болгону үчүн ал кызды айыптаган жигиттер мындай көрүнүш улуттун ар-намысына шек келтирип жатканын улам-улам эскертишкен.
Бирок ал кыз абийирге шек келтире турган иштер менен алектенбестигин айтып түшүндүрө албай жатты:

- Эми мени эч качан тажиктер менен көрбөйсүздөр. Бул үчүн кечирим сурайм. Бирок мен алар менен башкача мамиледе болгон эмесмин. Эми ар бир эле адамда ар кандай ишке байланышкан мамиле болушу мүмкүн да. Ушуну туура түшүнсөңүздөр...

- Анда бүгүн эмнеге бизге колго түшүп калдың?

- Мен ... Алар менен ошол жерде эле туруп калып... анан сиздер жолугуп калдыңыздар.

- Жолугуп калдыкпы же кармап алдыкпы?..

Видеотасмадагы суракта Москвадагы кыргыз жигиттеринин аталган тобу өздөрүн кыргыз мигранттарынын патриоттук агымы катары тааныштырган. Миграцияда жүргөн кыргыз кыздарынын арасында бузукулук менен алектенгендер көбөйүп жатканын айткан тасманын авторлору андай жүрүм-турумдагыларды жазалоо үчүн топтолушканын жашырышпайт:

- Ошондой оюң бар экен, башка бир чет жакка барып отурбайсыңбы? Уялбай ошончосу менен алардын арасында отургандан тартынган жоксуңбу? Эмне, маңдайыңда турган кыргыздарды тоотпойсуңбу? Биз мына ушундай багытта атайын силерге окшогондор менен иш алып барабыз. Бул жакка келип алып, ушинтип жүргөн сага окшогон кыздар көбөйүп жатат. Ошондуктан сен бизден качып кутула албайсың.


“Патриотторду” жоопкерчиликке ким чакырат?

Мындан кийин тасмада жалынып-жалбарып өмүрүнө жансоога сураган кыздын андан аркы тагдыры белгисиз. Ал кыздын ким экени, аны күчтөп суракка алып, коркутуп, бул жосунсуз жорукту интернетке койгондордун өздүгү ким экендиги да белгисиз бойдон калган.

Кыргыз мигранттарынын башын кошкон “Замандаш” биримдигинин өкүлү Бакыт Жумагулов бул көрүнүштү жапайычылык деп атап, андай иштерге катышы бар Орусиядагы мигрант жигиттер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин эскертти:

- Биз ошондой топтор бар экенин буга чейин жөн эле угуп келдик эле. Төбө чачты тик тургузган бул нерсени интернеттен көрүп, эми гана ишендик. Бул эми жапайычылык. Бул боюнча тиешелүү адамдар баары бир учуру келгенде жооп беришет. Эң эле жаман жери мына ошол өздөрүн патриоттук сезимден улам ушундай иштерге бардык деген ошол эле жигиттер эртең эле Орусиянын укук коргоо органдарынын укуругуна илинип калышы мүмкүн. Ошентип алардын тагдыры да талкаланат. Биз бул боюнча элчилик менен, диаспоралар менен атайын иш-чараларды жүргүзөбүз.

“Гендер жана психологиялык жардам” борборунунун маалыматына караганда, кийинки кездери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасында улутчул-патриоттук топтор пайда болгон. Аталган борбордун жетекчиси Акчач Жолдошева психологиялык оор абалдагы жаш мигрант жигиттер радикалдык чаралар аркылуу социалдык көйгөйлөргө таасир этүүсү оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи:

- Коркутуп-үркүтүү менен биз андай иштерди тыя албайбыз. Ошондой иштер чын эле болгон учурда да мына ошол жигиттер кызды суракка алууга акысы жок эле. Булар жанагы кыргыз кыздары бузулуп кетти деген жагдайлардан улам мына ошентип чыгып жатышат. Мына ошол жаман маалыматтар алардын аң-сезимин ууландырып, ушуга окшогон жосунсуз жоруктарды жасоого барып жатышат. Өзүн аялзатынын чыныгы коргоочусумун деген кыргыз жигити мындай жолго барбаш керек эле. Адамдын эркиндиги кол тийгис да. Бул эми ошол адамдардын түшүнүгү тардыгынан болуп жатат. Мына ошол топтор менен тиешелүү иштерди жүргүзүү керек.

Твиттер сыяктуу социалдык тармактарда да бул маселе кеңири талкууланып, чет элдеги кыргыз мигранттарынын арасындагы жосунсуз жоруктарды жөнгө салуу жагы көтөрүлдү. Интернет колдонуучулар мында оор абалдагы кыргыз кыздарынын намысы корголбой эле, аларды басынтып, кордогон учурлар көбөйгөнүн мисал келтиришкен.

XS
SM
MD
LG