Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Абдисияев: "патриотпуз" дегендер Кыргызстанга качты


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев "Азаттыктын" студиясында.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев "Азаттыктын" студиясында.

Орусия милициясы жердеш кыз-келиндерге чет жерде запкы көрсөткөн кыргызстандык "патриоттор" тобунун жети мүчөсү мекенине кайтып кеткенин кабарлады.

Буга чейин жабырлануучулардын бири милицияга арыз берген. Бул өңүттө "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстандык бир кыз "патриотпуз" деген балдардан запкы көрдүм эле деп, жергиликтүү милиция кызматтарынын бирине кайрылган экен. Милиция азыр ошол документтерди топтоп, Орусия милициясына жибергени атыптыр. Негизи ушу Орусия аймагында кыргызстандыктардын катышуусунда катталган кылмыштуу окуяны берилген арыздын негизинде териштирүүнүн жол-жобосу кандай?

Абдисияев: Эми мыйзам жалпыбызга бирдей. Кыргызстандагыдай эле Орусияда деле мыйзам бирдей эле иштейт. Тергөө органдары ошол арыз берген тарапты жабырлануучу деп таап, токтом чыгарышы керек. Ал үчүн ошол жабырлангандыгын тастыктай турган негиз керек, арызы, мага каршы мыйзамсыз иш-аракеттер болду деген сөзү керек, өзү керек.

Азыр эми көп суроолор болуп, буга биз үтүр, чекитине чейин жооп беришибиз керек болуп атат. Эмне үчүн ушул Орусияда болгон иштердин бардыгын Кыргызстанда туруп бүтүрсөк болбойт деген суроо чыгып атат. Эми мыйзам бар. Муну туура түшүнүшүбүз керек. Эгер жабырлануучу адам ушул жерде болсо, элчиликтин юристтери же башка дипломатиялык кызматкердин коштоосунда барып, ушул маселелерди чечкенге жардам берүү – биздин милдетибиз.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде бул жердеги милиция шектелип аткан балдардын изи табылды деп атышат. Эгер ошондой болуп жатса, Орусиянын тартип коргоо органдары кармап, бул жакка өткөрүп бергенге мүмкүнчүлүгү болобу же бул да татаал процесспи?

Абдисияев: Алды менен ошол топ тууралуу маалымат берели. Ошол “Патриот” деген топтун курамына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кирет. Бул Екатеринбург шаарында такталды. Бирок тергөө кызыкчылыгы үчүн биз муну айпай туралык. Аты-жөнүнөн бери такталган. Жети адам. Бардыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын тургундары. Булар боюнча Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун бөлүмдөрү иш алып барып атышат.

Буларга кылмыш иштери козголгон. Бул жеке эле кыздарга байланыштуу эмес. Адамдарды сабап, уурдоо боюнча да Екатеринбург шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши апрелде козголгон. Сапаргүл Акпаровага мыйзамсыз нерселер жасалды деген видеотасмалар боюнча да материалдардын баары чогултулуп, ички иштер кызматтарына тапшырылып берилген. Бул боюнча, тергөө, ички иштер кызматкерлери менен жолугушуулар болду.

Бирок тилекке каршы, акыркы, бүгүнкү маалымат боюнча ошол жети бала тең Кыргызстанга чыгып кетишиптир. Орусия ички иштер кызматы эми аларды ошол жакта кармоо, кылмыш жообуна тартуу боюнча биздин Ички иштер министрлигине атайын жолдоо кагаздарын бердик деген расмий билдирүү берди.

“Азаттык”: Аларды кармоо эми канча убакытка созулушу мүмкүн? Анан аракеттер жүрүп жатканын кантип байкаса болот? Аныкталган бир мөөнөт барбы?

Абдисияев: Бул өндүү иштердин бардыгы элчиликтин көзөмөлүндө болот. Аны болжоп, эки-үч ай деп айта албайбыз. Себеби, бир жылдан кийин же эки жылдан кийин деле табылышы мүмкүн. Издөө жарыяланган. Мен кыска убакыттын ичинде издөө жыйынтыгын берет, адамдар кармалат болуш керек деп ойлоп атам.

“Азаттык”: Анан дагы бир маселе. Сиз жанараак сөзүңүздө бул жерде арыз берген кыз Орусияга келиши керек деген ойду айттыңыз да?

Абдисияев: Ооба.

“Азаттык”: Анын коопсуздугун ким кепилдеп бере алат? Балким жанынан корккон үчүн мекенине келгенден кийин арыз берип жаткандыр.

Абдисияев: Өз ара укуктук жардам боюнча эл аралык Минск конвенциясы бар. Ага ылайык кайсы жерде кылмыш иши козголуп, биздин жаран жабырлануучу деп табылса, ошол жердин тартип коргоо органдары ошол жабырлануучунун коопсуздугун, укуктарын коргошу керек.

“Азаттык”: Эми азыр атын айтууга болбой турат, жабырландым деген кыздын арызына байланыштуу Кыргызстандагы, мисалы, Жалал-Абад облусундагы дейли иш-аракет пассивдүү болуп калышы мүмкүнбү?

Абдисияев: Ал жерде кылмыш ишин козгогонго негиз жок. Анткени кылмышты мыйзам боюнча окуя болгон аймактын гана расмий өкүлдөрү козгой алышат. Кыргызстанда туруп алып, Жалал-Абадда, Ошто же Бишкекте кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Ал арыз Кыргызстан ИИМинен Орусия ИИМине жолдонуучу арыз болуп саналат.

“Азаттык”: Сиз билесизби, ошол арызды жеткиргенге канча убакыт талап кылынат?

Абдисияев: Көп деле убакыт кетпейт. Бирок Орусиянын мыйзамдарына таянсак, алдын ала тергөө иштери эки айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Эгер арыз келип, тиешелүү органга жетсе, ошондон баштап, эки айда тергелүүсү шарт мыйзам боюнча. Эгер себептер чыгып, же ошол изделген адам табылбай аткан болсо бир жылга чейин узартканга укуктары бар.

“Азаттык”: Кандай болгон учурда да жабырлануучунун окуя болгон жерде болушу милдет турбайбы?

Абдисияев: Бул - шарт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG