Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Сапаргүлгө жардамга баары шашылды


Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.
Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.

Орусияда жердештеринен кордук көргөн Сапаргүлгө эл аралык уюмдар, кыргызстандыктар жардам бергени жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыркаган келиндин арызын тартип коргоо органдарына тапшырып, андан ары көзөмөлдөп турууну мойнуна алды.

Ал арада келиндин туугандарына коркутуулар боло баштаганы айтылууда.

Кийинке кезде интернет аркылуу Орусияда өз жердештеринен запкы жеген кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу видеоматериалдар тарап жатат.

Кыргызстанда жана четте жашаган кыргызстандыктар демилге көтөрүп, каражат топтоп, Сапаргүлгө материалдык жана моралдык жардам бергенге киришти.

Мындай демилге менен чыккандардын бири, Москвада жашаган Амантур Рыскулов келинди кордогон чуулгандуу видео алгач интернетке жайгашары менен балдардын бул жосунсуз жоругун айыптап чыккан болчу:

- Биздин жардамдын эң башкы максаты - Сапаргүлгө “сиз такыр күнөөлүү эмессиз, сиз жабырлануучусуз” деген ойду жеткирүү. Өзү эки баланын энеси экен, ушул жактан кыйын болуп атса керек. Мен өзүм Москвада жашайм, бул жакта жашоо оор, тамак-аш кымбат. Квартирада жашаш да оор. Ошол жактан кичине көмөктөшсөкпү дегенбиз. Чет өлкөгө да чыгарып келсекпи деген да ой пайда болду эле. Кичине жер көрүп, көңүлүн ачып, болбосо аябай чүнчүп кеткен экен. Бирок эң негизги максат - жогорку бийлик өкүлдөрү, депутаттар болобу, министрлер болобу, ошолор “Сапаргүл, кечирип кой, биздин коом, биз туура эмеспиз, сен күнөөлүү эмессиң” дегенге жеткирүү.

Амантур Рыскулов коомдо жабыркаган келин өзү күнөөлүү деген пикирлер басымдуулук кылганына токтолду:

Москва шаары, 6-ноябрь, 2011-жыл
Москва шаары, 6-ноябрь, 2011-жыл
- Мен, мисалы, Москвада өзүм менен тең, менден улуу-кичүү кыргыздар менен сүйлөшүп жүрөм. Алардын көбү "Сапаргүл өзү күнөөлүү, балдар азамат" деген пикирди айтып жатышат. Бул биздин эң биринчи жаңылыштыгыбыз. Сапаргүл “көптөн бери эл менен сүйлөшө албайм, кантип чыгам, балдарым, ата-энем менен кантип сүйлөшөм” деп айтып жатпайбы. Анткени биздин коом Сапаргүлдү жабырлануучу эмес, күнөөкөр катары кабыл алып жатат. Кандай болсо да биз жардам аркылуу Сапаргүлдүн өзүнө ишеним пайда кылышыбыз керек. Ал эч нерсени туура эмес кылган жок. Эгер ал тажикпи, өзбек менен жүрсө деле ал өз укугу. Ким менен жүрсө да ал өзүнүн иши.

Сапаргүлгө кол сунуп, жардам берүүнү каалагандардын арасында укук коргоочу Азиза Абдирасулова да бар:

- Москвадагы кесиптештерге жазып, Сапаргүлгө психологиялык жардам бердирте алабыз. Бул жактагы үй-бүлөсүнө кичине акчадан деле жардам берейин деп ойлогом. Эгер жашай турган жеринен кыйналса, кризистик борборлорго алып барып, психологдорго көрсөтүп, тамак-ашын, ден соолугун карап, дарыгерлерге да көрсөтүш керек.

Өздөрүн “патриоттор” деп атаган балдар тобунан запкы жеген келинге Эл аралык миграция уюму, Бириккен Улуттар уюмунун аялдар программасы да каралашканы жатат.

Тиешелүү органдардын аракеттери

Ал арада Сапаргүлдүн жакындарына коркутуулар болуп жатат деген маалымат тарап кетти. Жергиликтүү милициядагы ишенимдүү булактар келиндин туугандарынын коопсуздугу колго алынарын билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев "Азаттыктагы" маегинде Сапаргүлдү кордогонго тиешеси бар деп шектелген жети бала Кыргызстанга качып кеткенин билдирген.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул балдарды кармоо боюнча орусиялык кесиптештери менен кызматташууга даяр турушканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Орус тартип коргоо органдары документтерди Башкы прокуратура аркылуу жөнөтөт. Анан издөө жарыялайт. Анда бизге, ИИМге түз эле келет. Баары мыйзамдын чегинде чечилиши керек. Мен бул маселени документтер келгенге чейин деле көтөрөм. Баягы Кыргызстанга качып кетти деген жети бала боюнча документтер бизге келиш керек. Эгер качса, алар бул жакка келет.

Ушул тушта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Сапаргүлдүн арызын тиешелүү тартип коргоо органдарга жөнөтүп, зомбулукка кабылган келиндин коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча аракет көрүп жатат.

Кордолгон кыз-келиндер тууралуу “Азаттыктын” макалаларынан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кийинки аптада Москва жана Екатеринбург шаарына жөнөп кетишмекчи. Алардын бири Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева:

- Кыздар ыйлап-сыктап, мындай көрүнүштөр масштабдуу болуп атса да өкмөттүн көңүл бурбай жаткандыгында болуп жатат. Миграция министрлиги да жоюлуп кеткен. Биздин сапарбыздын максаты өкмөттүн көңүлүн ушул нерсеге буруу.

“Азаттык” буга чейин өздөрүн “партриоттор” деп атаган балдардын кордугуна кабылган 20 жаштагы кыздын милицияга арыз менен кайрылганын кабарлаган. Бул арыз боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы документтерди Орусияга жөнөткөнү жатат.

Жылаңачтап алып ур-токмок менен суракка алып, аты-жөнүн толук айттырып, паспортунан өйдө жарыялап салган дагы бир үчүнчү кыздын андан аркы тагдыры азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG