Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:54

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки өлкө ортосунда бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргызстандын Орусияга болгон карызы толугу менен кечиле турган болду.

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин 20-июнда болгон чакан чөйрөдөгү жолугушууда жана кеңейтилген жыйындан кийинки басма сөз жыйынында эки өлкө ортосундагы бир катар тармактар боюнча онго чукул документтерге кол коюлганын белгилешти. Алардын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишими бар.

Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү ичинде Орусиядан чоң колдоо көрүп келе жатканын белгилеп, өлкөнүн мындан аркы келечегин Орусиясыз элестете албастыгын билдирди:

- Бүгүнкү күндө жаңы деңгээлдеги мамилеге - стратегиялык өнөктөштүккө жетише алдык. Өзгөчө белгилей кетчү маселе - Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке коушулушу менен экономикалык мамилелер дагы тереңдеди. Ар кандай терс божомолдорго карабастан, бул кадам кыргыз экономикасынын өнүгүшүн шарттады. Анан албетте бул жакта иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары да иштөө шарттары жеңилдегенин дароо сезе алышты. Мен бул жерден Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү ишин да белгилеп кетким келет.

Ал эми Владимир Путин Кыргызстанда туруксуздук мезгил артта калганын белгилеп, Орусия Кыргызстандын экономикасына колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтты. Мындан тышкары ал стратегиялык мамилелердин маанилүү бөлүгү катары аскерий-техникалык жана аскердик кызматташуу экенин баса белгиледи.

- Бул багытта мамлекеттер аралык кол коюлган аскер техникалык кызматташуу боюнча макулдашуу мындан ары Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн бекемдөөсүнө салым кошот деп ойлойм. Бүгүн биз Кыргызстандагы Орусиянын аскер базасынын болушу Борбор Азия аймагындагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоодо маанилүү фактор экенин, бул биздин мамлекеттердин жана ЖККУдагы өнөктөштөрүбүздүн узак мөөнөттөгү кызыкчылыктарына жооп берерин белгиледик. Кыргыз өнөктөштөрүбүз менен терроризмге жана экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы күрөшүүдө тыгыз координацияны улантууну шартташтык.

20-июнда кол коюлган документтердин арасында Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү боюнча протоколго да кол коюлду. Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касмалиевдин маалыматында 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен. Калган 300 миллион доллар 10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган.

- Ушул сүйлөшүүлөрдүн негизинде карызды биротоло кечкенге Орусия Федерациясы макул болду, протоколго кол коюлду. Муну менен мурдагы келишимге өзгөртүү-толуктоолор киргизилди. Мунун өзүнүн мамлекеттик процедуралары бар. Эми парламенттерде каралган соң биздин Орусия Федерациясынын алдында тышкы карызыбыз калбайт.

Президент Атамбаевди күтүп алуу учуру.
Президент Атамбаевди күтүп алуу учуру.

Тараптар саясий-экономикалык багыттардан тышкары гуманитардык-маданий жана башка багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү туурасында дагы сөз болгонун белгилеп, бул күндөрү анын алкагында Москвадагы Кремл сарайында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн өтүп жатканын белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапарынын алкагында 21-июнда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен, Алтай цивилизациясын иликтеген окумуштуулар, тарыхчылар, эксперттер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кезигет. Андан ары 22-июнда Уфага барып, Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов менен, 23-июнда Казан шаарында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен кездешип, сапары 24-июнда жыйынтыкталат.

Кыргыз президентинин Орусияга мамлекеттик иш сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштын 25 жылдыгына туш келип олтурат. Бул жылдар аралыгында кыргыз-орус мамилеси кыйчалыш абалга туш болгон учурлары да болгон. Ири ГЭСтерди куруу боюнча макулдашуулар жетишилгени менен, ал ишке ашпай сөз жүзүндө калып, расмий Бишкек келишимди бир тараптуу денонсациялоого аргасыз болгону, орус тараптын баштала элек курулуштун чыгымын талап кылганы коомчулукта сын-пикирлерди жаратканы маалым.

Мындан улам айрым талдоочулар Орусияны толук кандуу стратегиялык өнөктөш катары эсептөө кыйын экендигин белгилеп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG