Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Атамбаевдин "коштошуу сапары"


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана орус лидери Владимир Путин, Москва, 20-июнь 2017-жыл.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана орус лидери Владимир Путин, Москва, 20-июнь 2017-жыл.

Орус басылмалары кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарын "коштошуу визити" катары мүнөздөп жатышат.

"Атамбаев Москва менен коштошууда", "Москвага "аксак өрдөк" келди", "Орусия Кыргызстандын карызын кечти" ... Кыргыз президентинин Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик визитине токтолгон айрым орус басылмаларындагы макалалар дал ушундай аталыштар менен жарыяланды.

Адатта Америкада кызматтан кетип жаткан президент үчүн айтылган "аксак өрдөк" түшүнүгүн EurAsia Daily басылмасы бул жолу президент Атамбаев үчүн колдонду. Басылма 19-июнда жарыялаган макаласында кыргыз президентинин Москва сапарына дипломатиядагы өтө бийик "мамлекеттик" деген статус берилгенине, аны президент Владимир Путин чакырганына көңүл бурду.

Ошондой эле басылма Атамбаев Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин Москвага кайра келип үлгүрбөстүгүн, бул визитке биринчи кезекте кыргыз президенти өзү кызыкдар болгонуна ишара кылды.

Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин бейформал жолугушуусу, 20-июнь
Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин бейформал жолугушуусу, 20-июнь

"Эхо Москвы" радиосу "Өзгөчө пикир" берүүсүндө Атамбаевдин визитин Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов менен талкуулады. Дубнов бул сапарды мөөнөтү аяктап бараткан президенттин сапары деп атап, Атамбаев президенттик шайлоодо Орусиядан колдоо күтөөрүн белгиледи:

"Бул Кыргызстандын эмес, Атамбаевдин Москва менен алакасындагы акыркы чекит. Ал шайлоодо өзү артыкчылык берген адамды Москва колдойт деген кепилдикти каалайт. Ал адам - азыркы премьер-министр Жээнбеков. Талапкерлерди каттоо 15-июнда башталды. Талапкерлер көп болот. Алтыдан аз болбойт. Андыктан бул менимче Атамбаевдин акыркы каалоосу. Макулдашууларга келсек, алар мага адаттан тыш көрүнүп жатат. Себеби быйыл эле Путин менен Атамбаев үч же төрт жолу жолукту. Жолугушуулардын саны Атамбаевдин президенттиги учурунда баш аягы 20га жетти",-деди орус эксперти Дубнов.

"Независимая газета" басылмасынын "Атамбаев Москва менен коштошууда" деген макаласы да дал ушундай эле пикирлерди камтыйт. Автор эки тарап бул сапары маалында кол коюну көздөгөн макулдашууларга, анын ичинде Кыргызстанда аскердик-өндүрүш комплексин түзүү демилгесине токтолгон. Басылманын баяндамачысы Юрий Симонян бул демилгенин ишке ашышы күмөндүү экенин, орус тарап үчүн мындай ири долбоорлорду жаңы бийлик менен макулдашуу ылайыктуу болоорун жазат.

Кремлдеги кол коюу аземи, 20-июнь
Кремлдеги кол коюу аземи, 20-июнь

Макалага пикир кошкон Москвадагы Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Станислав Притчин президент Атамбаев бул визит маалында Орусиядан каржылык колдоо алууну көздөөрүн белгилеген:

"Өлкөнүн экономикасы жаман абалда. Өзгөчө Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуудан көзгө көрүнөөрлүк натыйжа чыкпаганы президенттик команданы бушайман кылып жатат. Андыктан Бишкек инвестицияга муктаж. Кытай менен Орусиядан башка камсыз кылчу тараптар аз",-дейт эксперт Притчин.

Айткандай эле визиттин экинчи күнүндө Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечкени маалым болду. Орусиянын "Интерфакс" баштаган мамлекеттик агенттиктери дал ушул жаңылыкка басым жасашты. Айтмакчы, карыз маселесинде президент Атамбаев Орусияга өзгөчө ыраазычылыгын билдирди:

"Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам көргөзүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бүгүн да каржы министрлерибиз Кыргызстандын Орусия алдындагы калган карыздарынын баары кечилүүсүн караган протоколду алмашышты. Мен Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм".

Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турганда орус-кыргыз мамилеси башка деңгээлге чыкканын, дээрлик бардык тармакта кызматташтык бар экенин Орусиянын мамлекеттик "РИА" агенттиги эксперттердин пикирине таянып жазды. Орус президенти Владимир Путин да маалымат жыйынында муну ырастады:

"Мен Алмазбек Атамбаевге орус-кыргыз алакасынын жана орус тилинин өнүгүшү үчүн жасаган иштери үчүн рахмат айткым келет. Биз муну жогору баалайбыз. Орто мөөнөттүү перспективада эки тараптуу алакабыздын өнүгүшү үчүн бекем пайдубал орнотконуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Узак мөөнөттүү перспективага үмүт артам",-деди Путин.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду.

Алмазбек Атамбаевдин Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапары 19-июнда башталган. Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкыртстанга да барат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG