Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:51

ШКУ: эки ядролук өлкөнүн таасири кандай болот?


Казакстандын борбору Астана шаарында 8-июнда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 17-саммитинде дүйнөдөгү ядролук державалар - Индия менен Пакистан аталган уюмга толук кандуу мүчө болуп киришти.

Жыйында ШКУ алкагындагы кызматташтык, экстремизм, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери да талкууланып, жыйынтыгында Астана декларациясы, экстремизм менен күрөшүү боюнча конвенция, эл аралык террорчулукка каршы туруу боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсүн кошкондо жалпы 11 документ кабыл алынды. Уюм түзүлгөндөн бери анын жыйынына БУУнун баш катчысы биринчи жолу катышты.

Саммитти утурлай Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугуп, саясий диалогду жандантуу жаатында сүйлөштү. Негизинен ШКУнун курамынын кеңейиши эл аралык коомчулук кызуу талкуулаган башкы маселе болууда.

"Тарыхый окуя"

Казак бийлиги 8-июндагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине караганда анын эртеси ачылган энергиянын кошумча булактарын колдонууну даңазалаган ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүн өткөрүүгө катуу даярдык көргөнү байкалды. ШКУ саммитинин жарнактарынан да көргөзмөнү даңктаган көрнөк-жарнактар Астана аэропортунан көчөлөргө чейин көп илинди.

Саммитти жана көргөзмөнү утурлай казак башкалаасында көптөгөн жаңы имараттардын курулуштары бүткөрүлүп, мамлекеттик кызматкерлерден тартып коомдук транспорттун айдоочуларына чейин классикалык үлгүдөгү кийимдерди кийүүгө тапшырма берилгени белгилүү болду.

ШКУ түзүлгөндөн бери он жетинчи жолу өткөн мамлекет башчылардын саммитинде коопсуздук маселеси көңүл чордонунда болуп, бардык лидерлер бул темага кайрылышты. Көп жылдан бери байкоочу болуп келген Пакистан менен Индия аталган уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алынып, тиешелүү документке кол коюлду.

Саммитке төрагалык кылган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аталган эки мамлекеттин уюмга киришин "тарыхый окуя" деп баалады:

- Индия менен Пакистанды ШКУга кабыл алуу уюмдун өнүгүшүнө жаңы күч берет жана анын эл аралык кадыр-баркынын жогорулашына көмөктөшөт. Уюм түзүлгөн 16 жылдан бери ШКУ көп тармактуу өз ара аракеттердин натыйжалуу аянтчасына айланууда.

Ошентип, Индия менен Пакистандын мүчө болушу менен ШКУ дүйнөдөгү төрт ири ядролук державалар кирген шаркет болуп калды. Уюмдун курамындагы Орусия менен Кытай өзөктүк куралга ээлик кылат, экөө тең БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө экени маалым.

Ошол эле маалда Пакистан менен Индия көптөн бери талаштуу Кашмир аймагына байланыштуу чатакташып келе жатат. Аймакта маал-маалы менен жаңжалдар чыгып турат.

Буга чейин ШКУ саммиттеринде аталган эки өлкөнүн ортосундагы кайчы пикирлер тууралуу байма-бай айтылып келсе, Астана саммитинде ал ачык козголгон жок. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ШКУга кирген айрым аймактарда чыңалуу күчөгөнүн айтканы менен кайсы чөлкөм экенин так айтпады.

"Эми башкалар эсептеше баштайт"

Шаркеттин террорчулукка каршы билдирүүсүнүн кабыл алынышы "өз убагындагы кадам" болорун белгиледи. ШКУда байкоочу макамы бар Индия менен Пакистанды мүчөлүккө кабыл алуу маселеси уюмдун 2015-жылдагы саммитинде жактырылган.

Уюм түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы мүчөлөрдү кабыл алып, курамынын кеңейгени эл аралык коомчулук кызуу талкуулаган тема болууда. Дүйнө элинин жарымы ШКУ аймагына кирип калганын кыргызстандык атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков белгилейт:

- ШКУнун кеңейиши Батышка чоң маселелерди жаратып койду. Себеби НАТО буга чейин каалагандай иш кылып жүрсө, эми аталган альянска кирген мамлекеттер ШКУ менен эсептешип калат. Дүйнө элинин жарымы ШКУ аймагына кирип атат. ШКУнун курамындагы мамлекеттердин чет өлкөлөрдө же атайын даярдалган аскердик топтору жок болгону менен уюм өз ара аскердик машыгууларды жүргүзүп келген. Менимче мындай иш-аракеттерди дагы күчөй баштаса, кайсы бир чакан же алсыз мамлекеттерде төңкөрүш жасап, басабыз деген ойдогу террордук уюмдардын же ошолордун күчтөрдүн артында турган өлкөлөрдүн оюнчулары мындай алыс болгонго умтулушат. Кыргызстанда акыркы убакта көптөгөн ар кандай террордук топторго катышы бар деген адамдардын кармалышы мамлекетти коргоо боюнча коңгуроо берип жатат. Экстремисттик, террордук уюмдардын таасирин азайтып, алардын жолун алдын ала тосууга ШКУнун көмөгү чоң болот деп эсептейм.

ШКУ аймакка арка-бел болобу?

ШКУ аймакка арка-бел болобу?

Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн башын кошкон уюмдун максаты батыш мамлекеттерине тең салмактуулукту сактоого багытталганбы?

НАТОдой таасири бар уюм эмес экендигине карабастан ШКУ соңку кезде аскерий потенциалын өрчүтүп баратат деген көз караштар бар. Саясий эксперт Марс Сариевдин баамында, ШКУнун курамы дагы кеңейиши мүмкүн:

- Индия менен Пакистандын, Индия менен Кытайдын ортосунда пикир келишпестик бар болгонунан улам ШКУнун иши натыйжалуу болбой калат деген ойлор айтылууда. Менимче, азыр абал башкача. Учурда Кытай Жибек жолу логистика жолун салып, Орусияда энергетикалык коридор түзгөнү атышат. Энергетикалык шакекчени кайра оңдоп, CASA-1000 долбоорун ишке ашырганы турушат. Ошондуктан ШКУнун кеңейиши менен бул долбоорлор иштеп, чоң регионду өзүнө камтып, Орусияга да, Борбор Азияга да пайда алып келет. Менимче, жакынкы бир жыл ичинде шаркетке Иран деле мүчө болуп кирет.

Иран санкциялардын айынан аймактык түзүмгө кире албай жүрөт. Астана саммитине БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш да келип, ШКУ дүйнөлүк гравитациянын борборуна айланып баратканын белгиледи. Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхында анын жыйындарына БУУнун баш катчысы биринчи жолу катышты:

- Бүгүн мен саммитке ШКУ акырындап бүткүл дүйнөдө гравитациянын борборуна айланып баратканын даана түшүнүү менен келдим. Менимче, бул уюм учурдагы тынчтыктын маанилүү негизи болууда. Индия менен Пакистанга бул аянтчада конструктивдүү диалог үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп ишенем.

Ошол эле кезде бул эки чоң өлкөнүн кабыл алынышы уюмдагы чоң оюнчулардын өз ара таасир талашы катары сыпаттагандар да чыгат.

- Шанхай кызматташтык уюмунда Орусияга караганда Кытай үстөмдүк кылып келген. Индия сыяктуу ири экономиканы уюмга тартуу – Кытайдын узак мөөнөттөгү таасирин азайтууга шарт түзөт. Албетте, орустар муну айтышпайт. Бирок менимче, мунун ролу бар, - деген ойдо Вашингтондогу Карнеги институтунун Евразия жана Орусия боюнча аналитиги Пол Стронски.

Мирзиеёв: чек аралар ачык болот

Саммитке Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан, Беларус, Монголия, Ооганстандын президенттери, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери, Ирандын тышкы иштер министри катышты. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия ШКУда байкоочу, ал эми Азербайжан, Армения, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш деп саналат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев былтыр декабрда кызматка киришкенден бери ШКУнын жыйынына алгачкы жолу келди. Саммиттин алдында кыргыз-өзбек президенттери жолугушуп, анда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өскөнү, чек ара көйгөйүн чечүүдөгү байланыштар тереңдеп жатканы белгиленди.

Мирзиёев Атамбаевди расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырып, ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасоо зарылдыгын, чек аралар ачык болууга тийиштигин айтты. Тиешелүү мекемелерге кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерге кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев да коопсуздукка басым жасады. «Ислам мамлекети» террордук тобу жана башка экстремисттик уюмдар ШКУнун курамындагы мамлекеттердин жарандарын өз катарына тартып жатканы олуттуу маселе экенин белгиледи:

- ШКУнун ишмердигинде коопсуздук тармагындагы кызматташуу негизги багыттардан болуп кала бериши зарыл деп эсептейм. Аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, “каргашалуу үч күчкө” каршы туруу көңүл борборунда кала берүүгө тийиш. Бул багытта мамлекеттер ортосунда кызматташуунун механизмдерин өркүндөтүү керек. Жакынкы Чыгыштагы абал татаалдашып жатышы терроризмдин, сепаратизмдин жана экстремизмдин, баңги заттарынын мыйзамсыз айланышынын жана трансчек арадагы уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келүүдө. Албетте, ШКУ өлкөлөрү үчүн Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалдын татаалдыгы олуттуу коркунуч жаратууда. Радикалдуу экстремизмдин идеологиясын таркатуу, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жана башка террордук уюмдар ШКУга мүчө мамлекеттердин жарандарын пропагандалап, өз катарына тартып жатышы терең тынчсыздануу жаратат. Ушуга байланыштуубиз аймактык антитеррордук түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатышыбыз керек.

Эми ШКУда байкоочу макамы менен Ооганстан, Беларус, Иран, Монголия калды. Шаркетке төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кытайга өттү. Президенттердин кийинки саммити 2017-жылы Кытайда болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG