Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Бишкекте саясатчылар соттолуп, ШКУга эки чоң өлкө кошулду


саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун соту.
саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун соту.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына токтолобуз. Бул жумада саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун соту болду. Астанадагы саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун курамы кеңейди.

5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карай баштады. Алгачкы отурум ачык өтүп, сот залынан түз видео көрсөтүүгө уруксат берилген. Бирок судья кийинки отурумдарда сүрөт-видеого тыюу салынарын дароо эскертти.

Айыпталуучу Текебаев сот процесси жалпы эл үчүн түз эфирде жүрүшү керектигин айтып, “Атамбаев бир ай мурда Текебаевдин коррупционер экенин эл көрсүн, күбөлөрдү көрсөтүү керек деп айтып жаткан. Эми эмнеге артка кетип, видео көрсөтүлбөй жатат?” – деген суроо берип өзүнүн “күнөөсүз” экенин кайталады.

Текебаев менен Чотоновдун соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

Прокурорлор болсо "күбөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында" видеого тыюу салууну өтүнүшкөн. Ошол эле маалда адвокаттардын президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир топ саясатчыларды күбө катары чакыруу өтүнүчүн сот четке какты.

Ишти караган судья Эрнис уулу Айбек сот ачык өтүп жатканын айтып, “Биз жазык ишти карап жатабыз, саясий ишке киришпейбиз. Соттолуучуларга коюлган айып боюнча гана каралат,» - деп өз чечимин түшүндүрдү.

Ал ортодо “Сот реформасына көзөмөл боюнча жарандык кеңеш” сот процессине мониторинг жасап, мыйзам бузуулар болууда деп камтамачылыгын билдирди.

8-июнда иш убактылуу токтотулду. Буга Чотоновдун адвокаттарынын айыпталуучуну үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү четке каккан судьянын чечимине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна арыздануусу себеп болду.

Судья Эрнис уулу Айбек.
Судья Эрнис уулу Айбек.

5-июнда УКМК ушул иштин алкагында 2010-2011-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялады. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-пунктуна ылайык (коррупция) сыртынан айып тагылды. Коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Шералы Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп эсептелерин” “Азаттык” радиосуна билдирди.

​Тергөө абагында жаткан дагы бир саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун иши 8-июнда Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Анын адвокаттары иштин материалдары менен таанышууга дагы убакыт сурап, судья 12-июнга чейин мөөнөт берди.

Садыр Жапаровдун ишин сотто териштирүү башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

“Ата Журт” партиясынын мурдагы депутаты Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот реформасына беш жыл

6-июнда Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтүп, реформанын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылды. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев “Беш жыл ичинде кандай иштер бүткөрүлгөнүн көрүп таң калсак болот. Сот реформасынын үч багыты боюнча кеткенбиз. Биринчиден, мыйзамдардын өзүн даярдоо. Жети кодексти барактап чыкканча эле колуң ооруйт. Ошол мыйзамдарды талкуулап, талдап, кеңешип отуруп депутаттардын жардамы менен кабыл алдык” – деп, кадр жана каржы маселесине да токтолду. “31 жаштагы кызыбыз такылдап райсотту башкарып отурат. Таза иштеп жатканы көрүнүп турат. Бөлүнгөн каражатты карасаңар. Беш жыл ичинде бөлүнгөн каражат төрт эсе көбөйдү деп жаздым эле, беш эседен ашык көбөйүптүр" деген Атамбаев өз сөзүндө учурда соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жалаң жаңы судьялардан турарын, 397 жергиликтүү судьялардын 263ү мурда бул кызматты аркалабаганын белгиледи.

Ага карабастан кыргыз сотторунун дарегине доомат арбын айтылып келатат. Эл аралык уюмдардын отчетторунда укук коргоо органдарында “көз карансыздык жоктугунан коррупцияга, мыйзам бузууларга” жол берилгени белгиленет.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Саясий иштерди караганда көз карансыздык жок. Соттор баары бир бийликти карап турары” эч кимге деле жашыруун эместигин айтат.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” программасына катышканда ушул тапта каралып жаткан оппозициялык саясатчылардын иштери сот реформасына "бериле турган баа" деди.

“Соттор адилет, акыйкат чечим чыгарышы керек. Азыркы саясий иштерге сот кандай баа берет, биз ага карап туруп сот реформасы жүрдү же жүргөн жок деп айта алабыз. Сот реформасына бериле турган баа ушул”- деген эл өкүлү “беш жылдан бери реформа деп кыйкырып, кодекстер кабыл алынып, каражат кеткенин соттор сезиши керек” деген көз карашта.

2013-жылы Зулушев төрагалык кылган Бишкек шаардык сотунун коллегиясы "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго козголгон кылмыш иштин оор беренесин кыскартып, сот залынан бошоткон. Ошол жылдын күзүндө Курманкул Зулушев менен ишти караган дагы бир судья Медербек Сатиев президенттин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулган.

Сот реформасы ишке аштыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:26 0:00

Беш жыл ичинде расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңырды. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева соттордун “кесиптик квалификациясын көтөрүү максатында иштер жүргүзүлүп жатканын” парламентте айткан.

Соңку төрт жылда пара талап кылуу жана соттун жүрүм-турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 20дан ашык судьяга кылмыш иши козголгон.

2012-жылы башталган сот реформасын үч багытта жүргүзүү пландалган. Мыйзамдык базаны өнүктүрүү, соттордун кадрдык потенциалын күчөтүү жана сот тармагын каржылоону жакшыртуу максаты коюлган. Беш жыл мурун президент жетектеген Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн.

Шанхай кызматташтык уюму кеңейди

Аймактык уюм түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы мүчөлөрдү кабыл алды. Астанада өткөн ШКУнун мамлекет башчыларынын жыйынында Пакистан менен Индия шаркетке мүчө болуп кошулду.

Жыйынга төрагалык кылган казак президенти Нурсултан Назарбаев эки өлкөнүн аймактык уюмга кошулушун ШКУнун глобалдык коопсуздукка тийгизген таасиринин артышы деп белгиледи. Эми уюмдун курамына төрт ядролук держава кирет.

Астана.
Астана.

Демографиялык жактан алганда да Шанхай уюмунун аймагында Жер шарынын калкынын жартысы жашайт.

Санкциялардын айынан аймактык түзүмгө кире албай жүргөн, байкоочу макамы бар Иран Пакистан менен Индиядан кийин аракетин тездетерин эксперттер белгилешет.

Шанхай уюмунун ишмердүүлүгү коопсуздук жана экономикалык кызматташтыктан тарта маданий байланыштарды чыңдоого чейин камтыйт. Уюмдун күн тартибиндеги дагы бир маселе – экстремизм, терроризм жана сеператизмге каршы күрөш. НАТО сыяктуу уюм эмес экендигине карабастан ШКУ соңку кезде аскерий потенциалын өрчүтүп баратканын адистер белгилешет.

Айрым эксперттер уюмду түзгөн эки салмактуу өлкө Кытай менен Орусия ички таасирди күчөтүү үчүн атаандашарын белгилешсе, ошол эле маалда Москва менен Бээжин өз кызыкчылыгына жараша аны ыңгайлуу пайдаланып жатат деген көз караш да бар.

АКШдагы Жорж Мейсон университетинин профессору Эрик МакГлинчи «Кытай Орусияга геосаясий максаттарын ишке ашырууга жол берип, ошол эле маалда өзүнүн экономикалык ири долбоорлорун алдыга жылдырып баратканын» белгилейт.

Вашингтондогу Карнеги институтунун Евразия жана Орусия боюнча аналитиги Пол Стронски "Азаттыкка" берген маегинде региондогу эки чоң өлкөнүн уюмга кириши анын ички балансына да таасир этерин белгилейт:

“Индия менен Пакистан экөө тең таасирдүү өлкөлөр. Индияны глобалдык оюнчу десек болот. Шанхай кызматташтык уюмунда Орусияга караганда Кытай үстөмдүк кылып келген. Индия сыяктуу ири экономиканы уюмга тартуу – Кытайдын узак мөөнөттөгү таасирин азайтууга шарт түзөт. Албетте, орустар муну айтышпайт. Бирок менимче, мунун ролу бар” - деген Стронски Москва ШКУну Батышка каршы плафторма катары да колдонуп, “алардын лидерлеринен ала албаган сыйды чыгыштагы коңшусунан көрөрүн” айтат.

Кытай үчүн бул уюм алды менен экономикалык кызыкчылыкка ээ. Бээжин “Бир алкак - бир жол” стратегиясы аркылуу Евразия континененти менен экономикалык интеграциясын ишке ашыруу дымагын жашырбайт. Учурда кытай инвестициясына темир, кара жолдор салынып, кара май жана газ куурлары түптөлүп, келечекте Кытай менен түздөн-түз байланыштырчу долбоорлор ишке кирүүдө.

Иран коопсуздук күчтөрүнө чакырык

7-июнда Ирандын баш калаасы Тегеранда белгисиз куралчандар эки жерде: аятолла Хомейнинин мавзолейи менен парламент имаратына кол салып, 17 кишинин өмүрү кыйылып, 40тан ашуун адам жаракат алды.

Бул Иран Ислам Республикасы түзүлгөн 38 жылда жанкечти өзүн жардырган биринчи кол салуу болду. Кандуу чабуулду “Ислам мамлекети” радикал тобу мойнуна алды.

Иран бийликтери куралчандар башында үч чабуул пландаганын, алардын бирин атайын кызматтар токтотуп калганын билдирди. Эки жерде чабуул койгон топ ичинде жанкечтилери бар, автоматтар менен куралданган 3-4 кишиден турган.

Чалгын министрлиги кол салууга катышкан беш адам “Ислам мамлекети” тобуна кошулган ирандыктар экенин билдирген. Министрлик алардын ысымдарын атап, сөөктөрүнүн сүрөттөрүн да жарыялады. Куралдуу кишилер Иранга былтыр жайда теракт жасоону көздөп келген жана атайын күчтөр алардын түйүнүн бузган кезде качып кетүүгө үлгүргөн.

Орозо маалында Тегерандын чок ортосунда жана ирандыктар үчүн өзгөчө мааниси бар жерде ишке ашырылган террордук чабуулдар Ирандын атайын күчтөрүнө жаңы чакырык болду.

Тегерандагы кош чабуул Жакынкы Чыгышта дипломатиялык жаңжал чыккан маалда болду. Ирандык журналист Хана Кавиани кандуу чабуулдардан кийин Перс булуңундагы араб өлкөлөрү “Иранда жасалган чабуулдарды айыпташабы же кайра эле соңку эки жылда тынбай айтып келаткан риторикасын кайталайбы? Ушуга абай салуу кызык" деп айтты “Азаттыкка” курган маегинде. “Араб өлкөлөрү Иранга кайрылып, силер дагы терроризмдин соккусуна кабылдыңар, экстремизмге каршы чогуу туруп күрөшөлү дешеби же Иран алар үчүн буга чейинкидей эле терроризмди колдогон өлкө бойдон калабы? Эгер экинчи көз карашта болушса, анда Жакынкы Чыгыштагы азыркы тирештер мындан дагы тереңдейт” – деди журналист Кавиани.

Журналист айрым аналитиктердин айткандарын жүйө келтирип, Тегеран эми Сирия согушуна жигердүү катышуусу мүмкүн экенин дагы белгилейт.

Араб дүйнөсүндөгү ажырым

Апта башында Катар өлкөсү менен дипломатиялык жана башка байланыштарын токтоткон төрт араб мамлекетине кошулгандардын саны 10го чукулдады. 5-июнда Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык көмөк көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыптап, дипломатиялык алакаларын чукул токтоткон. Алар Катар менен аба, суу, кара жер аркылуу каттамдарын жаап, катарлыктарды тез арада чыгып кетүүгө мажбурлаган.

Жума күнү бойкот жарыялаган мамлекеттер “кара тизме” жарыялашты. Сауд Арабия баштаган төрт өлкө түзгөн тизмеге 59 адам, 12 кайрымдуулук уюм киргизилген. Тизмеге Катардын өзүнөн 18 адам, анын ичинде белгилүү ишкерлер менен саясатчылар, атүгүл башкаруучу үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү да кошулган.

Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр Франциядагы сапары маалында Катарга бир катар шарттарды коюп, “Мусулман агайындары”, Палестинадагы ХАМАС кыймылын колдоону токтотуусун эскертип, “Биз мындай чарага Катардын саясаты келишкис экенин түшүнсүн” деп бардык деди.

Араб өлкөлөрү менен Катардын дипломатиялык жаңжалы Жакынкы Чыгыштагы оюнчулардын ар кандай реакциясын жаратты.

Маселен, Катарда базасы бар Анкара Доха менен аскердик машыгуулар боюнча келишимди бекитип, жоокерлерин жайгаштырууну мыйзамдаштырды. Иран Катарга колдоо көрсөтүп, зарыл болсо азык-түлүк жиберип, аба мейкиндигинен пайдаланууга уруксат берди.

Катар.
Катар.

9-10-июнда Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдел Рахман Ал-Тани Москвада орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту.

“Биз кандай гана карама-каршылыктар болбосун өз ара сыйлашуунун жана теңдиктин нугунда сүйлөшүү аркылуу чечилишин колдойбуз” – деди министр Сергей Лавров жолугушуудан соң журналисттерге.

Дипломатиялык чыр башталгандан кийин Катардын бийликтери өз позициясынан тайбай турганын билдирген. “Биз тышкы саясатыбыздын көз карансыздыгынан баш тартпайбыз” – деген министр Мухаммед Абдел Рахман ал-Тани.

Жума күнү кечинде АКШнын президент Дональд Трамп Катар “тилекке каршы терроризмди жогорку деңгээлде каржылап келгенин» айтып, андан тезинен баш тартууга чакырды.

Трамп "Жакынкы Чыгыштагы сапарымда радикалдык идеологияны каржылоону токтотууну айттым. Лидерлер болсо Катарды көрсөтүштү" - деп Твиттерге жаңжал тутанган күнү жазган. “Алар экстремизмди каржылоодо бекем турарын айтып, бирок бардык маселе Катарда экенин белгилешти. Балким бул коркунучтуу терроризмди токтотуунун башталышы болушу мүмкүн" - деген Трамп өткөн айда анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапарында Сауд Арабиясына барганы "өз жемишин бере баштаганын" ишара кылган.

Пентагондун өкүлү Жефф Дэвис жума күнү Катардын блокадасы алынбаса, “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы операцияларга тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Катарда АКШнын 10 миңге чукул аскери менен чөлкөмдөгү эң маанилүү базасы жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG