Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

ШКУнун Астанадагы саммитинде Пакистан менен Индия уюмга толук мүчө болуп киргени турат. Уюмдун кеңейиши башка мүчө мамлекеттерге эмне берет? Вашингтондогу Карнеги институтунун Евразия жана Орусия боюнча аналитиги Пол Стронски "Азаттыкка" ой бөлүштү.

"Азаттык": Пакистан менен Индия дээрлик ондогон жылдардан бери бири-бири менен каршылашып келет. Бул эки өлкө эмне себептен Шанхай кызматташтык уюмуна кошулууну каалайт?

Пол Стронски: Менимче, Шанхай кызматташтык уюму Орусия, Кытай жана Борбор Азияны бириктирген ири регионалдык уюм болуп баратат. Уюм түштүк тарапка жете элек. Ооганстандагы коопсуздук маселеси Кытайды да, Орусияны да, Борбор Азияны да, Индия жана кайсы бир деңгээлде Пакистанды да ойлондурат. Андыктан жаңы кошула турган эки өлкө түндүк тараптагы коңшулар менен кеңешип-кептешип тургусу келет. Индия бул маселеде Пакистанга караганда ШКУга кошулууга көбүрөөк кызыкдар деп ойлойм. Индияны улай Пакистан да мүчө болугусу келип жатат.

Бирок алардын кошулганы ШКУнун мурдагы иш тартибин улантышына кыйынчылык жаратат. Бул уюм иштиктүү аракеттерди жасабастан, көбүнесе маселелерди талкуулоочу аянтчанын ролун ойнойт. Буга чейин талкууга Орусия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү гана катышып келген. Эми эки өлкөнүн кошулушу менен Борбор Азияга азыраак көңүл бурулуп калышы мүмкүн.

Индия менен Пакистан Кашмир аймагын талашып келет
Индия менен Пакистан Кашмир аймагын талашып келет

"Азаттык": Ушул маселени тактайын дегем. Орусиялык, кытайлык эксперттер ШКУнун кеңейиши жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп жатышат. Бирок Пакистан менен Индиянын уюмга кошулушу Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу кичине өлкөлөргө эмне берет?

Пол Стронски: Уюмдун кеңейиши Кыргызстан, Тажикстан же Өзбекстанга көп пайда алып келет деп ойлобойм. Балким Казакстанга пайда бериши мүмкүн. Бул өлкө Сириядагы же Украинадагы кырдаал болобу, айтор, өзүн арачы катары көрсөтүүгө аракет кылып келет. Назарбаевдин портретин эске алсак, алар арачынын ролунда болууну каалашат. Бул маселе көбүрөөк өлкөнүн имиджине багытталган. Чын-чынына келгенде андай аракет коопсуздукту камсыз кыла алабы? Региондогу элдин жашоосун өзгөртөбү? Антет деп ойлобойм.

Бул жагдай көбүрөөк көңүлдү башкага буруп салышы мүмкүн. Менимче, уюмду кеңейишин Орусия каалады. Индия менен Пакистан экөө тең таасирдүү өлкөлөр. Индияны глобалдык оюнчу десек болот. Шанхай кызматташтык уюмунда Орусияга караганда Кытай үстөмдүк кылып келген. Менимче, Индия сыяктуу ири экономиканы уюмга тартуу – Кытайдын узак мөөнөттөгү таасирин азайтууга шарт түзөт. Албетте, орустар муну айтышпайт. Бирок менимче, мунун ролу бар.

Кытай лидери Си Цзиньпин жана орус президенти Владимир Путин
Кытай лидери Си Цзиньпин жана орус президенти Владимир Путин

"Азаттык": Уюмдун кеңейишине Орусия кызыкдар болду деп айтып кетпедиңизби? Эгер уюмда үстөмдүк кылган Кытай өзүнүн да кызыкчылыгы болбосо, кантип Орусияга өз күн тартибин алга сүрөөгө оңой эле жол берип койсун?

Пол Стронски: Менимче, Кытай Орусияга сый көрсөтүүнү жакшы билет. Орусияга мамиле кылганды да билет. Орусия өзү татыктуумун деп ойлогон сыйды Батыш лидерлеринен ала албайт. Орусия өзү ойлогондон таасирдүү болбосо да, Кытай сыйды сездире алат. Кытайдын Пакистан менен экономикалык жана коопсуздук жаатында кызыкчылыгы бар. Индия менен да коопсуздук тармагында чече турган маселелери бар.

Бул уюм практикалык эмес, көбүрөөк символикалык мааниге ээ. Кытайлыктар аны билишет. Андыктан алар жеке маселелерде көбүнчө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул уюмдун алкагында эки тараптуу алаканы жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

ШКУнун алкагында аскердик машыгуулар байма-бай өтүп келет
ШКУнун алкагында аскердик машыгуулар байма-бай өтүп келет

"Азаттык": Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында ар кыл саммиттер, машыгуулар өтүп келет. Бирок уюмдун чыныгы жашоодогу пайдасы эмнеден көрөсүз?

Пол Стронски: Кытай менен Орусия Евробиримдик же НАТОго альтернатива боло ала турган регионалдык уюмдарды түзгүсү келишет. Дагы миллиарддык калкы бар Индияны да уюмга алып келүү менен сыртынан караганда дүйнөдөгү ири уюмдар менен атаандаша алган уюм пайда болуп жатат. Бирок аймакта башка деле уюмдар бар. Мисалы майда өлкөлөр Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында деле өздөрүн бактылуу сезишет. Регионалдык уюмдарда экономикага көңүл бурушу керек эле. Бирок мен аны байкай албай жатам. Дагы миллиарддык калкы бар өлкөнү уюмга алып келүү - экономика жөнүндө сөздөрдү гана көбөйтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG