Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Садыр Жапаровдун соту жылды


Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун сотунун алгачкы сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун имаратында болуп өттү.

Отурум башталардан мурда Садыр Жапаровду коштоп келген конвой кызматынын күзөтчүлөрү залда чогулуп калган Жапаровдун тарапташтарынан жана журналисттерден алардын убактылуу сыртка чыгып туруусун талап кылды. Чогулгандар бул өтүнүчтүн эч кандай негизи жоктугун айтышып, талапты аткарбай турганын айтышты. Ушундан соң милиция кызматкерлери коридор түзүп берип, элдин кол чабуусу менен Жапаров сот залына алынып келди.

Судья Эмилбек Каипов соттук отурумдун талаптарын тааныштырып жатып, процессти ЖМКда чагылдыруу маселесин көтөрдү. Жактоочулар фото, видео тартууга уруксат берилсин деп өтүндү, айыптоочу тарап ага каршылык көргөзгөн жок. Ошентсе да судья видео тасмага тартууга ушул жолу гана уруксат берилерин айтып, кийин отурумдарда ага мүмкүнчүлүк берилбесин билдирди:

- Жапаров Садыр Нуркожоевичтин кылмыш иши боюнча видео тасмага жана сүрөткө тартууга соттук отурумдун даярдоо бөлүмүндө гана уруксат берилет. Ал эми соттук териштирүү башталгандан кийин сүрөткө жана видео тасмага тартууга тыюу салынат. Ар бир процесске катышуучулардын аудиого жазуу укугун пайдаланып, уруксат берилет.

Соттун мындай чечимине Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов нааразы экенин “Азаттыкка” сүйлөп жатып билдирди:

- Биздин өтүнүчүбүздү прокурор колдоп жатса дагы, массалык маалымат каражаттары видео тасмага түшүрүп, Садыр Жапаровдун күнөөсү бар же жок экендигин эл анык билсин десек, сот соттук теришитирүүнү видео тасмасыз, сүрөткө тартуусуз өткөрөбүз деп чечим кабыл алды.

Жапаровдун жактоочуларынын бири Акин Токталиев соттук отурум тууралуу эч кандай маалыматы болбогонун айтты.

Ал отурумдун болорун бүгүн эртең менен билип, бирок ооруп жатканына байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнүп, арыз жазган. Бирок сот арызды кабыл алган эмес. Жапаровдун калган беш жактоочусунун үчөө кылмыш иштин материалдары менен тааныш болбогондуктан, алар соттук отурумдун убактысын жылдырууну суранышты. Сот алардын өтүнүчүн орундатып, отурум 12-июнда өтмөй болду. Ошентип Садыр Жапаровдун соттук отурумдары ар жуманын дүйшөмбү жана жума күндөрүнө өтмөкчү.

Беш томдон турган токтом менен таанышууга бул мөөнөт жетишсиз экенин айткан жактоочулар мындай иш тартибине нааразы:

- Бүгүн сотко жаңыдан катышып жаткан эки адвокаттын жана бир коомдук жактоочунун иштин материалдары менен таанышпагандыгы үчүн беш томдон турган токтомго болгону алты күн убакыт берип жатат. Бул жетишисиз. Отурумдун убакыт тартибин бир жумага экиден коюп туруп, массалык маалымат каражаттарын катыштырбастан өздөрү каалагандай чечим чыгарганга аракет кылып жатышат, - деди Шарабидин Токтосунов.

Садыр Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 25-мартта УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар болчу.

Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп жатат.

Соттун жүрүшүн төмөндөгү видеодон көрүңүз
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG