Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Катар менен алакаcын үзгөн мамлекеттер "террорчулардын" тизмесин түзүштү


Катардын картасы.
Катардын картасы.

Катар менен бардык алакаларын токтоткон төрт араб мамлекети Доха менен байланышы бар делген ондогон адамдарды 9-июнда "террорчулардын" тизмесине киргизди. Сауд Арабия башында турган мамлекеттер тобу аталган тизмеге 59 кишини киргизди.

Алардын арасында Египеттеги "Мусулман агайындар" кыймылынын лидери Юсеф Кардави жана Катар каржылаган 12 кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү да бар.

Катардын бийликтери айыптоолорду четке кагып, террорчулукту жок кылуу жана аларды каржылоого тыюу салуу боюнча Улуттар Уюму кабыл алган бардык чараларды сактап жатканына ишендиришүүдө.

- Бизди эч ким сындыра албайт. Биз эч качан багынбайбыз жана тышкы саясатыбыздын төбөлсүздүгүн да багындырбайбыз, - деди тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани.

Тизмеде террорчулукту каржылайт деген жүйө менен киргизилген Катардын жөн жарандарынан тышкары, белгилүү ишкерлер, бийликтеги үй-бүлөнүн мүчөлөрү, саясатчылар да бар.

Ошондой эле тизмеге Египеттин 26 жаранынын арасында Кардавиден башка белгилүү салафи диниятчысы Вагди Гонеим камтылган. Андан тышкары Бахрейндеги Ирандын колдоосуна ээ делген шиит кыймылдары, анын ичинде "Араб жазынын" маалында негизделген "14-февраль" оппозициялык кыймылы да бар.

XS
SM
MD
LG