Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Орусия Канттагы базасын күчтөндүрөт


Канттагы аскердик база.
Канттагы аскердик база.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларынын аскерий кубаттуулугун чыңдайт.

Орус бийлиги мындай чараны террордук коркунучтун Ооганстандан Борбор Азияга өтүү ыктымалдыгын алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Учурда Орто Азиядагы аскерий базаларын кандай негизде чыңдай турганы так айтыла элек.

Шойгунун билдирүүсү

Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус аскерий базалары күчөтүлөрүн Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мурдагы жумада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун аскер жетекчилеринин Астанадагы жыйынында билдирди.

Шойгу мындай чара Ооганстандагы террордук коркунучтардын Борбор Азия аймагына жайылышынын алдын алуу үчүн көрүлүп жатканын белгилеген.

- Дал ушул максатта Кыргызстан менен Тажикстандагы Орусиянын аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатып, заманбап курал-жарак жана техника менен жабдып жатабыз, - деп билдирген министр Шойгу.

Орус министри Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Сергей Шойгу күчтөндүрөбүз деп жаткан, Орусиянын 14-армиясынын курамына кирген авиабазанын бири Кыргызстандын Кант шаарында жайгашкан, экинчиси болсо Тажикстандагы 201-аскердик база.

Канттагы аскердик база.
Канттагы аскердик база.

Бирок базаларды чыңдоо жаатында, маселен, Кант базасы боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы да такташкан жок.

Талдоочулардын ою кандай?

Эксперттердин баамында, Орусия аймактагы коопсуздукка зыян алып келчү ыктымал коркунучтардын алдын алуу аракеттерин көптөн бери эле ырааттуу жүргүзүп келет. Канттагы аба базасын эки жыл мурда МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак, СУ-25 үлгүсүндөгү истребитель жана заманбап аскер техникасы менен жабдыганы кабарланган.

Мындай аракеттердин себебин коопсуздук жаатындагы адис, генерал Артур Медетбеков минтип чечмеледи:

- Акыркы учурда "Ислам мамлекети" террорчул кыймылы Жакынкы Чыгыштан Ооганстан аркылуу Борбордук Азияга коркунуч туудуруп жатат. Алардын Талибанга караганда каражаты да, жалдаган жанкечтилеринин саны да арбын. Мунун баары Орто Азия өлкөлөрүнө чоң коркунуч жаратууда. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө Орусия өзүнүн бул жактагы аскерий объекттерин күчтөндүрүү аракетин көрүп жатат. Маселен, жакында Тажикстандагы аскер базасында "Искендер-М" деген баллистикалык орто аралыкка атылуучу ракеталарын жайгаштырып, сынады. Андан сырткары чалгындоого жумшоо үчүн учкучу жок учуучу аппараттардын батальонун түзүп иштетип жатат. Кыргызстанда болсо курал-жарагын жаңыртып, Су-25 М деген жаңы учактарды киргизүүгө бардык шарттарды түзүп койду.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Медетбеков белгилегендей, орус бийликтеринин өлкөнүн түштүгүндө база ачуу ниети бар деген сөз көптөн бери эле айтылып жүрөт. Бирок эки жыл мурда Кыргызстандын аскер жетекчилиги Орусия Ош шаарына аскерий база ачары тууралуу маалыматты төгүндөшкөн.

Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаев коопсуздук маселелери күчөгөн шартта башка өлкөнүн аскерий жайларына ишенбей, армияны чыңдоо зарылдыгын белгилейт:

- Албетте, аскерий жаатта өнөктөштөр менен иш алып барган жакшы. Алар менен биргеликте коопсуздук чараларын көрөбүз. Бирок биз өз Куралдуу күчтөрүбүздү күчөтүп, өзүбүзгө ишенишибиз керек. Акыркы учурда коргоо тармагына, чек ара кызматына жакшы акча бөлүнүп, күчтөнүп келет. Башка мамлекеттин базасы, баары бир башка мамлекеттики.

Орусия убада кылган аскер техникасы

Ошол эле кезде Орусиянын Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн көмөк көрсөтүү жаатында мындан төрт жыл мурун 1 миллиард долларга бааланган аскерий техника берүүнү убада кылган.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык Штабынын жетекчи орун басары Кубанычбек Орозматовдун айтымында, убада кылынган курал-жарак кыргыз армиясынын колуна толук тие элек:

- Бөлүнгөн курал-жарак четинен келип жатат. Албетте, 1 миллиард долларлык аскерий жарак келип бүтө элек. Бирок бул боюнча атайын план түзүлгөн. Мына ушул пландын негизинде иш жүрүүдө.

2001-жылы Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу АКШ баштаган антитеррордук күчтөр Кыргызстандын “Манас” аба майданына аскер базасын жайгаштырган. Андан көп өтпөй эле Орусия Канттагы аба майданды аскер-аба базасы катары пайдалануу үчүн он беш жылдык мөөнөткө сураган.

Аталган макулдашуу 2012-жылы 49 жылга узартылып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу.

Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Быйыл орус президенти Владимир Путин Орусия Кыргызстанда аскердик жактан да киришпей турганын айтып, Канттагы база кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен жайгаштырылганын билдирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG