Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Орусия аскер базаларын чыңдай баштады


Канттагы Орусиянын аскер-аба базасы. 12-август, 2012-жыл.
Канттагы Орусиянын аскер-аба базасы. 12-август, 2012-жыл.

Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын аскерий кубаттуулугун күчөтөт.

Бул тууралуу Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме берип, бир катар орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери кабар таратышты. Мындай аракеттерге эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Кыргызстандагы аскерий эксперттер жана эл аралык мамилелер боюнча адистер муну Украинадагы соңку окуялар менен байланыштырып, Орусия аймактагы өзүнүн геосаясий абалын чыңдоого киришти деп мүнөздөшүүдө.

Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандагы “Кант” аскер аба базасына кошумча күчтөр жайгаштырылганын белгилеген. Маалымат агенттиктери Орусиянын коргоо министрине таянып, “Кант” авиа базасы жаңыдан алынып келинген аскер МИ-8 үлгүсүндөгү тик учактар жана заманбап аскер техникасы менен жабдылганын жазып чыгышты. Муну менен бирге аскер десантынын курамы көбөйтүлгөн. Мындан сырткары СУ-25 үлгүсүндөгү жаңы төрт истребитель авиа базага жөнөтүлөрү көрсөтүлгөн.

Сергей Шойгу ошондой эле Тажикстандын аймагындагы Орусиянын 201 - аскер базасы да кошумча аскер күчтөрү менен толукталганын кабарлаган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат-катчысы Дарья Пахомова бул маалыматты төгүндөй да, тастыктай да албай турганын билдирди:

- Мен бул маалыматты азыр төгүндөп же тастыктай албайм. Менде азыр Канттагы аскер-аба базасына кошумча күчтөр жана аскер техникасы алынып келингени боюнча расмий маалымат жок. Бизге Кыргызстандын же Тажикстандын аймагындагы аскер бөлүктөрүнө байланыштуу маалымат түшкөн жок. Мүмкүн келе жаткан жумада буга байланыштуу маалымат болуп калышы ыктымал.

Маалымат агенттиктерине берген комментарийинде Орусиянын аскерий жетекчилиги Борбор Азия аймагындагы аскерий базаларын күчтөндүрүүгө кандай зарылчылык болгонун түшүндүргөн эмес.

Кыргызстандагы айрым аскер эксперттери мындай маалыматты Орусиянын аскерий мүмкүнчүлүгүн пропагандалоо аракети катары баалашты. Бул жагдай Украинадагы соңку окуялардан улам, Кремлдин геосаясий абалын бекемдөөгө жасалган аракет болушу мүмкүн дешет алар.

Анткен менен аскерий эксперт Токтогул Какчекеев муну аймактагы коопсуздукту чыңдоого жасалган аракет катары гана белгиледи:

- Биздин Кыргызстандын жана Тажикстандын ички абалы окшош. Орусиянын стратегиялык өнөктөшү катары саналган бул эки өлкө тең оор жагдайларды баштан кечирген. Анан калса биздин аймак менен Ооганстан аябай эле жакын. Мына ошондуктан Орусия азыр коопсуздукту бекемдөө үчүн ушундай кадамдарга барып жатат. Анан калса аталган эки өлкөдө тең ички карама-каршылыктан улам, кагылышуу чыгып кетүү коркунучу дайыма болуп келген.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Борбор Азия аймагындагы базаларын күчтөндүрө баштаганын державалар ортосундагы геосаясий абал менен байланыштырды. Аликбек Жекшенкулов Борбор Азия аймагы үчүн болгон геосаясий тирешүү бар экенин жокко чыгарбайт:

- Мындан 2-3 кылым мурун эле дүйнө жүзүндөгү ири державалар ортосунда Борбор Азия үчүн күрөш уланып келе жатат. Азыркы учурда мына ошол таасир талашуу жана геосаясий тирешүү кайрадан күчөй баштады. Ошондуктан Борбор Азияда чоң геосаясий оюндардын туткунунда калуу коркунучу бар. Мындай шартта биз өзүбүздүн улуттук коопсуздугубузду чыңдоо менен чебер дипломатиянын негизинде кыраакы иш алып барышыбыз керек. Биздин коопсуздукту камсыздоого кайсыл мамлекет жардам берем десе да, ал жардам кандай максатта берилип жатканын талдоо зарыл.

2001-жылы Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу АКШ Кыргызстандын “Манас” аба майданына аскер базасын ачкан болчу. Андан көп өтпөй эле
Орусия Канттагы аба майданды аскер-аба базасы катары пайдалануу үчүн он беш жылдык мөөнөткө сураган. Аталган макулдашуу 2012-жылы 49 жылга узартылып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу.

XS
SM
MD
LG