Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Канттагы аскер базага доомат көп


Жогорку Кеңештин депутаты Канттагы авиабазанын учактарынын учуп конуусунан улам мал үркүп, жайлоолордо тынчтык болбой жатканын билдирди.

"Республика" фракциясынын депутаты Максат Сабиров Канттагы орусиялык аскерий базанын учактарынын учуп-конуусу калктын тынчын алып жана жайлоодогу малды үркүтүп жатат деп парламент комитетинде жарыялады.

- Аскерий базанын учактары бийик-жапыз болуп, ар кандай ыкма менен учуп жүрүшөт. Эл да, ошондой эле Балыкчынын депутаты да учактардын учуу багыттарын өзгөртүп берүүнү суранып жатат. Анткени алар учканда мал да үркүп жатыптыр. Балыкчынын бери жагы Көк-Ойрок, ал Кеминдин жайлоосу. Аркы бети Балыкчынын жайлоосу. Ошол эки жайлоого зыяны тийип жатат.

Бул жагдай орусиялык учактар жакын учуп барып жаткан Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында да тынчсыздануу жаратууда. Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Айдарбек Исмадияров Жогорку Кеңешке жана Коргоо министрлигине жолдогону турган кайрылуунун жөн-жайын түшүндүрүп берди.

- Канттан учуп келип, Балыкчынын үстүн айланып, андагы аскер бөлүктүн полигонунан Сары-Камыш тарапты көздөй учушат экен. Түндө да учуп жатышат, күрүлдөп-шарылдап, жер титирегендей да болот экен. Ага кошумча шаардын үстүнөн абдан жапыз учушат. Эгер учуу учурунда шаардын үстүнө бирдеме болбойт деп ким кепилдик бере алат деп жатышат. Мындан тышкары, малдарыбызды да жая албай калдык деп жатышат. Ошондой эле тоок фабрикасынын үстүнөн да учуп, андагы тооктор туубай калды деп айтышууда.

Ошол эле кезде аскерий база жакын орун алган Кемин өрөөнүнөн орусиялык учактарга байланыштуу нааразылык үнү угулбайт. Кемин райондук администрациянын кызматкери Абай Оруновдун айтышынча, кызматкерлер жакында гана аймактагы жайлоолорго атайын барып келишкен экен.

- Желаргы, Желпилдек, Көк-Ойрок жана башка жайыттарда болдук. Андай нааразычылыктар чабандардан түшкөн жок. Мүмкүн малын тоого жибербей кыштакта калтырган адамдардын арасында нааразычылык болушу мүмкүн. Бирок андайларды билбейм. Кээде самолеттордун жапыз учкан кездери болот. Бирок нааразы болгондорду билбейт экем.

"Камтама болууга негиз жок"

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко парламент трибунасынан айтылган дооматты негизсиз деп атады. Бул база ЖККУ алкагында түзүлгөндүктөн ал үчүн Кыргызстан да жоопкер экендигин айтууда.
Эл да, ошондой эле Балыкчынын депутаты да учактардын учуу багыттарын өзгөртүп берүүнү суранып жатат.

- Бул депутат келишимди карап көрүшү керек экен. Анда Кыргызстан Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөсү экени жазылып турат. Аба база ошол уюмдун бир канаты. Ал эми учактар кантип мал жайганга тоскоол болмок эле? Буга бирдеме деп айтыштын деле зарылчылыгы жок. Ошондуктан ЖККУнун келишимин карап көрүшү керек. Анда база деген эмне, ал кантип иштейт - мунун баары белгиленген. Ал Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдердин негизинде иштеп жатат. Ал эми базанын экологиялык зыяны боюнча буга чейин маселе болгон эмес, азыр да жок.

Канттагы аба аскер базасы 2003-жылы ЖККУнун алкагында түзүлгөн. Аны Орусия президенти Владимир Путин келип ачкан жана Кант аба майданында негизинен орусиялык учактар, аскерлер жайгашкан.

Быйыл жазында президент Алмазбек Атамбаев орусиялык база ижара акысын төлөбөйт деп айтып чыгып, ошондон кийин Орусиянын Коргоо министрлигинен 15 миллион доллар каражат казынага түшкөн.

XS
SM
MD
LG